ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 22.02.2020
  • 0

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТКӨРҮЛДҮ

“2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнү майрамына карата фестиваль ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык институтунда жогорку уюшкандыкта болуп өттү.

Аны аталган окуу жайдын Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын окутуучуларынын (З. Кадырова, Ч. Жолдошева, М.К. Хакимова, Н. Жунусали кызы, Н. Кеңешбай кызы) жетекчилиги менен жана окуу тайпалардын таланттуу студенттеринин аткаруусунда активдүүлүк менен кызыктуу өткөрүлдү. Бул фестиваль кыргыз, орус, англис, өзбек тилдеринде зор уюшкандыкта көрсөтүлдү.

Бул майрамдык салтанаттуу иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Б. Алайчиев, акимдин орун басары Р. Мурзакулов, райондун прокурору, райондук аскер коммисариатынын жетекчиси, Дөң Булак айыл окмөтүнүн башчысы Э. Султанов, студенттердин ата-энелери ж.б. расмий коноктор катышып, Бүткүл дүйнөлүк Эне тил майрамынын жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүнө күбө болушту. Бул фестивалдын программасында эне тилинде адабий чыгармалардан көркөм окуу, прозалык чыгармалардан сахналык көрүнүш жана ар бир элдин улуттук ыр-бийлери залды зор шаңга бөлөп, көрүүчүлөргө жылуу майрамдык маанай тартуулады.

Майрамдык салтанатты Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Б. Алайчиев ачып, кеңири мазмунда сөз сүйлөп, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылыктарын билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Бул майрамдык салтанаттын коштоосунда Өзгөн райондук борборлоштурулган китепканасынын кызматкерлери тарабынан окурмандарга жаңы чыккан адабий-көркөм жана публистикалык китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, доклад окулду.

Окуу жайдын ата-энелер комитетинин төрагасы, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы Т. Тагаев фестивалдын катышуучуларын кызуу куттуктап, ушундай иш-чаралардын байма-бай өтүп туруусуна каалоолорун айтты.

ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык институтунун директору, ф.и.к., доц. А.Т. Акматалиев бул фестивалдын соңунда сөз алып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга окуу жайдын жетекчилиги тарабынан алкыштарын айтып, келген меймандарга ыраазычылыктарын билдирип, жыйынтыктады.

Зайнаалы Мааткеримов, ОшТУнун педагогика жана тил илимдери кафедрасынын башчысы, ага окутуучу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер