МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖОБОСУ

  • 21.02.2020
  • 0

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

2020-жылдын «11» 02  №137/1 буйругу менен БЕКИТИЛГЕН

Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү мектептериндеги 6-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү республикалык математикалык олимпиадасынын (АКМО-2020)

ЖОБОСУ

  

  1. Жалпы жобо

Бул Жобо – жалпы орто билим берүү мектептериндеги 6-класстагы окуучулардын арасында өтүүчү математика сабагы боюнча республикалык олимпиадасынын максаттарын жана милдеттерин, аны өткөрүү жана каржылоо тартибин аныктайт.

Олимпиаданын негизги максаттары жана милдеттери:

  • Жөндөмдүү окуучуларга колдоо көрсөтүү менен өнүгүүсүнө шарт түзүү;
  • жалпы билим берүү мектептердин окуучуларынын арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, өзгөчө математика сабагына окуучулардын кызыгуусун арттыруу;
  • жөндөмдүү окуучуларды илимий-изилдөө иштерине тартуу;
  • окуучуларды өз деңгээлдерин баалоого жана терең билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн тандап билүүгө үйрөтүү.
  1. Катышуу тартиби
  • Жалпы билим берүү мектептердин түрүнө карабастан базистик окуу план, программалардын негизинде катышуучуларга бирдиктүү тапшырмалар берилет.

III. Олимпиаданын уюштуруу тартиби

Олимпиада үч баскыч менен жүргүзүлөт:

  • I баскыч: 2020-жылдын 29-февралында өткөрүлөт.

Бул баскыч республика боюнча бир күндө, бир убакытта башталып, райондун жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мектептеринен, гимназияларынын, лицейлеринин) 6-класстарынын 7ден окуучу катышат. Олимпиаданын I-баскычынын өткөрүлүүчү жайы райондук/шаардык уюштуруу комитети тарабынан сынактын борборлору бекитилет;

  • II баскыч: 2020-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын областтарында, Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Бул баскычта райондук/шаардык уюштуруу комитети тарабынан бекитилген сынактын борборлорунда өткөрүлгөн олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеген 10 окуучу катышат. II баскычтын өткөрүлүүчү жайлар:
  • Бишкек Ч.Айтматов лицейи (Бишкек шаарынын мектептери);
  • Токмок «Үмүт» жалпы билим берүү лицейи (Аламүдүн, Чуй, Ысык-Ата райондору, Токмок жана Кант шаарлары);
  • Жайыл Баатыр атындагы лицейи (жайгашкан жери: Ново-Николаевка айылы. Катышуучулар: Жайыл, Сокулук, Панфилов, Москва райондору жана Кара-Балта шаарынын окуучулары);
  • Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи (Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын жана райондордун окуучулары );
  • М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи (Нарын шаарынын жана райондордун окуучулары);
  • Талас «Мээрим» жалпы билим берүү лицейи (Талас шаарынын жана райондордун окуучулары);
  • З.Нурматова атындагы Жалал-Абад лицейи (Жалал- Абад шаарынын жана райондордун окуучулары);
  • Ош «Сема» лицейи (Ош облусуна караштуу райондордун окуучулары);
  • Курманжан Датка атындагы Ош лицейи (Ош шаарынын окуучулары);
  • “Семетей” атындагы Кадамжай лицейи (Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун жана Баткен, Сүлүктү шаарынын окуучулары);
  • И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи (Кызыл-Кыя шаарынын, Ноокат районунун, Үч – Коргон айыл өкмөтүнүн окуучулары).
  • III Республикалык жыйынтыктоочу баскыч:

2020-жылдын 2-майында – Бишкектеги «Сейтек» толук эмес жалпы билим берүү мектебинде өткөрүлөт.  Жыйынтыктоочу баскычына катышууга II баскычтагы олимпиаданын байгелүү 1-2-3-4-5-орундарды ээлеген, беш окуучуну камтыган областтык командалары катышат.

Республикалык жыйынтыктоочу баскычка катышуучулар жөнүндө билдирме тизмесинин формасы төмөнкүдөй  толтурулат: окуучунун аты-жөнү, окуган мектебинин аталышы, мектеп жайгашкан району (шаары) жана областы (шаары), андан тышкары окуучунун кайсы тилде окугандыгы жана сабак берген мугалиминин аты-жөнү жөнүндө маалыматтар берилет.

Олимпиаданын I, II, III баскычтарын өткөрүү үчүн Уюштуруу комитеттеринин курамдары райондук/областтык (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү тарабынан бекитилет.

Олимпиаданын I, II, III баскычтарынын Уюштуруу комитеттеринин курамына жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жалпы орто билим берүү уюмдардын ошондой эле “Сапат” лицейлеринин мугалимдери кирет жана анын төрагасы, төраганын орун басары, катчысы аныкталат. Уюштуруу комитети  беш кишиден турган калыстар тобунун курамын бекитет.

  1. Олимпиаданы өткөрүү тартиби

Олимпиаданын бардык баскычтарынын тапшырмалары Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин илимий-методикалык борбору тарабынан  иштелип чыгып, Республикалык уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.

Олимпиаданын тапшырмалары 5-6-класстын математика сабагы боюнча окуу программаларынын негизинде түзүлгөн. Бланктык тестирлөө жана жазуу формаларында, белгиленген убакыттын өлчөмүндө берилет.

I  баскычтын тапшырмалары — 25 суроодон турган бланктык тестирлөө формасында, иштөө убактысы 120 мүнөт;

II  баскычтын тапшырмалары — 15 тесттик суроону жана беш практикалык жазуу ишин камтыйт, иштөө убакты 120 мүнөт;

III   баскычтын тапшырмалары — тесттик суроолор берилбейт, жазуу түрүндө аткарылуучу 10 тапшырма берилет, иштөө убактысы 120 мүнөт.

Катышуучулардын иштери калыстар тобуна атайын коюлган шифр менен келип түшөт (катышуучулардын иштери калыстар тарабынан кызыл түстөгү калем сап менен текшерилет).

Аткарылган тапшырмалардын баасы белгиленген критерийлерге ылайык упай (балл) түрүндө чыгарылат. Калыстар тобунун төрагасы текшерилген иштердин жыйынтыктарын (упайларын) бекитет, андан соң иштердин шифрин чечмелейт. Калыстар тобу тапшырмалардын аткарылыш жолдорун жана аларды баалоо критерийлери жөнүндө маалыматты сынак аяктагандан кийин таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча катышуучулар аппеляцияга берүүгө укуктуу.

  1. Олимпиаданы жыйынтыктоо жана сыйлык тапшыруу

Олимпиаданын Республикалык жыйынтыктоочу баскычынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты 2020-жылдын 2-майында Бишкектеги «Сейтек» толук эмес жалпы билим берүү мектебинде өткөрүлөт.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жогорку балл топтогон, 1-2-3-орунду камсыз кылган окуучуларга тиешелүү медаль менен кошо баалуу сыйлыктар берилет.

1-орунду ээлеген окуучуга I даражадагы диплом, медаль жана ноутбук. Мугалимине — 10000 сом.

2-орунду ээлеген окуучуга II даражадагы диплом, медаль жана ноутбук. Мугалимине — 8000 сом.

3-орунду ээлеген окуучуга III-даражадагы диплом, медаль жана планшет. Мугалимине — 6000 сом.

Жогорудагы үч окуучунун мектебине лазердик принтер берилет;

Олимпиаданын III баскычынын бардык катышуучулары Грамота жана белектер  менен сыйланышат.

  1. Олимпиаданы каржылоо
  2. Олимпиаданын I, II баскычтарын өткөрүү үчүн керектелген, окуучулардын жана жетекчилердин жол киреге сарпталган акча каражаттары жөнөтүүчү тараптын эсебинен уюштурулат.
  3. Олимпиаданын III республикалык баскычына катышкан областтык команданын жана анын жетекчисинин жол кире каражаты «Сапат» лицейлери тарабынан берилет.

III. Республикалык олимпиаданын жүрүшүнө байкоочу максатында келүүчү мугалим өз каражаты менен келет.

  1. Олимпиаданын III республикалык баскычын өткөрүү, катышуучулардын жатаканасы, тамактануу, ошондой эле жеңүүчүлөрдүн баалуу сыйлыктарын каржылоо Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин эсебинен жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257;  тел: 62-05-08/ 66-23-70

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин дареги:

Бишкек шаары, Чүй проспектиси 219, 6-кабат,

тел: 61-45-95/61-13-24/61-13-62

 

Бөлүшүү

Комментарийлер