ТЕХНИКАЛЫК ОЮНДАН ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМГЕ

  • 21.02.2020
  • 0

Коомдун, мамлекеттин өнүгүшүндө, адамдардын жашоо-тиричилигинде, өзгөчө балдардын турмушунда техниканын ролу чоң. Илимий-техникалык өнүгүү коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчү десек болот. Анткени ар кандай мамлекеттин социалдык жана экономикалык абалы андагы илим менен техниканын өнүгүшү менен байланышта. Өнүгүүнү техникадан, техниканы илимден, илимди билимден ажыратып кароого мүмкүн эмес. Демек, техникалык билим берүүнү өнүктүрүү – мамлекетибиздин өнүгүшүнүн негизи, келечектеги социалдык-экономикалык абалы десек болот.

ТЕХНИКАЛЫК ОЮНДАН ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМГЕ

Илимий-техникалык өнүгүүнүн оң да, терс да таасирлери көп. Бирок, бүгүнкү күндө калктын техникалык маданияты төмөн болуп жаткандыктан, анын оң таасирлерине караганда терс таасирлери басымдуулук кылууда. Анын оң жактары катары техниканы пайдаланып бардык жумуштарды аткарууга жана жеңилдетүүгө, узак жолду кыскартып, тез жүрүүгө, тез маалымат алып, музыка угуп, сүрөт тартып, ыр жаздырып, ойноп, эс алып ‒ырахаттанып жашоого, материалдык пайда табууга ж.б. шарт түзүлөрүн билебиз.

Ал эми терс таасирлери катары ар кандай техникалык кырсыктарды, абанын булганышын ж.б. саначубуз. Бирок азыркы учурда техникалык өнүгүүнүн адамдын ден соолугуна, психологиялык абалына тийгизген терс таасирлери көп болууда. Мындай таасирлерди азайтуу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, техниканы колдонбой коюуга мүмкүн эмес. Себеби бүгүнкү күндө аны колдонуусуз жашоого мүмкүн эмес. Бир гана жол ‒ техникалык маданиятты өнүктүрүү, техниканын «тилин» өздөштүрүп билүү.

Биздин өлкөдө техникалык буюмдарды колдонууга болгон кызыгуу улам өсүп, ал эми техникалык билимге болгон кызыгуу кескин начарлап кеткенин байкоо кыйын эмес. Анын мисалдарын жана терс таасирлерин санап көрөлү:

1) Биздин балдар техниканын эң акыркы моделдери кайсылар экенин чоңдордон мурда аныкташып, ата-энелеринен ошолорду сатып берүүсүн талап кылышат. Ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жетпесе «көбүрөөк акча таппайсыңар» деп аларга таарынып, сөзүн укпаган балдар четтен табылат;

2) Мектепте жана үйдө окуучулардын смартфонду ашкере пайдалануулары окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканы ачык байкалат – балдар сабакты китептен түшүнүп окубастан жана үй тапшырмаларын өз алдынча ойлонуп аткарбастан, интернеттен көчүрүп алып, мугалимге көрсөтүшүп баа алууда. Чет тилдерин үйрөнүүдө да гугл-котормочуну пайдаланышып, даяр жоопту жазып алышууда. Бул аларды жаштайынан көз боёмочулукка, алдамчылыкка, жалкоолукка үйрөтүүдө;

3) Берилген ар кандай тапшырмаларды эстеп, же жазып алуунун ордуна сүрөткө тартып алуусу, бири-бирине жооптору менен кошо ватсаптан жөнөтүүлөрү балдардын эске тутууларын начарлатып, жаштайынан скелерозго чалдыктырууда. Ватсаптан келген ар кандай кошумча маалыматтар аларды алагды кылып, убактысын алып, сабакка болгон кызыгуусун төмөндөтүүдө;

4) Смартфондорду көп колдонуу, Интернет оюндарын ойноп олтура берүү баланын ден соолугунун бузулушуна,‒ көз талып, көрүүнүн начарлашына, сөөк-скелеттеринин туура эмес өсүшүнө, кыймылсыздыктан жана кысылуудан ичеги карындардын иштешинин бузулушуна алып келүүдө;

5) Интернет оюндары, ар түрдүү видеоролик же видеофильмдер баланын ата-энеге, бир тууганга, айлана-чөйрөгө жана өзүнө урмат-сый менен мамиле кылуусун жоготууда: башкаларга оройлук, кежирлик менен мамиле кылган, өзүн да сыйлабаган – учурунда тамак ичпеген, өз убагында уктап эс албаган, дене боюн түз кармабаган, кийим-кечесин, отурган ордун иретке келтирбеген, китеп окуп, пайдалуу иш жасабаган, өзүн өнүктүрүүнү ойлобогон, убактысын туура пайдаланбаган балдар көбөйүүдө;

Өзүн сыйлабаган адам Мекенин, эл-жерин ата-энесин, жакындарын да сыйлабайт, элге кызмат кылууну ойлонбойт, мекенчилдик сезими пайда болбойт;

6) Техникалык сабаттуулуктун жетишсиздигинен башка мамлекеттерден келген кооз, ыңгайлуу, бирок, айлана-чөйрөгө, ден соолукка зыяндуу буюм-тайымдарды (м., ис газын көбүрөөк бөлүп чыгаруучу эски автомашиналарды, электромагниттик нурларды көбүрөөк бөлүп чыгаруучу мобилдик телефондорду, компьютерлерди ж.б.) сатып алуулар көп кездешүүдө;

7) Электрдик буюмдардын мүнөздөмөлөрүнө (кубаттуулугунун, жумушчу чыңалуусунун, ток күчүнүн чегине, эрүү температураларына, кайсыл заттан жасалганына жана ал заттын касиетине ж.б. көңүл бурулбагандыктан, өрт, уулануу ж.б. кырсыктарга жол берүүлөр көп катталууда;

Минтип санап отурсак, бизде техникалык өнүгүүнүн оң жактарына караганда терс жактары басымдуулук кылып жатканын байкоого болот.

Биз негизинен башка өлкөлөрдүн, башка элдердин жасаган буюмдарын сатып алып, пайдалануу менен гана чектелүүдөбүз. Өзүбүздө аларды иштеп чыгууну эмес, жок дегенде ага жаштарды багыттоону да жеткиликтүү деңгээлде колго албай жатабыз. Балдарыбызга мультфильмдерди наристе кезинен өзүбүз коюп берип, алардын тынч отура туруусун каалайбыз. Ошентип, тынч олтуруп, башкалардын көрсөткөн фильмдерине, оюндарына, жетишкендигине алагды болуу, таңдануу менен убакыт өтүп жатканын ойлобойбуз.

Мультфильм же башка кинолордун эч биринде биздин балдарыбызга окшоп эртеден кечке телевизор, компьютер же смартфон карап отургандарды көрбөйбүз. Жадагалса, тентек Маша да так секирип бирде кулпунай терип, бирде тоого чыгып лыжа тээп, бирде коньки ойноп, бирде жаратылыш коюнунда ойноп, килейген аюну башкарып жүргөн болот. Эгерде каармандар эртеден кечке мультик же кино көрүп отура берген болсо, кызыгаар белең? — деген суроону балабызга да өзүбүзгө да бербейбиз.

Бул сүрөттөгү гаджеттер балдарыбыздын азыркы күндө өтө эле жактырган буюмдарынан. Бирок, аларды эмнеге биздин өлкөдө биздин балдар жасай албашы керек, же андан да жакшысын ойлоп таппашы керек? Эмне үчүн жаңы моделдерди азыр ойлоп таба коюшпаса да, ушул эле моделдерди туурап жасаганга кызыкпашы керек?

Мисалы, тигүүчү кыздарыбыз абдан модалуу болуп жаткан көйнөктүн тигиштерин сөгүп жиберип, аны кагазга же пленканын үстүнө коюп, лекалын чийип, кесип сактап коюшат да, сөгүлгөн көйнөктү тигилген издери боюнча кайра өзүндөй кылып тигишет. Андан кийин лекалды башка кездеменин үстүнө коюп кыркып, каалаган санда, каалаган кездемеден жаңы көйнөк тигип алышат, акча да табышат. Эмне үчүн эркек балдарыбызды жана кыздарыбызды ар түрдүү буюмдарды (эски же иштен чыккандарын болсо да) ажыратып чачып, ичин көрүүгө, кайра чогултууга, бузулган жерин таап, оңдоого, үлгүсүн алып жасап көрүүгө, келечекте андан жакшысын жасап чыгууга багыттабайбыз?

Бизде жаштардын техникалык ойлоп табууларга кызыгууларын ойготуу, инженердик-техникалык кесиптерге багыттоо, техникалык билимге кызыктыруу жетишсиз же жокко эсе экендигин «Алтын түйүн» Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы (РБИТА) атайын изилдөөлөрүнө таянып, төмөнкүчө далилдеген:

  1. Мектептерде табигый-математикалык предметтерге бөлүнгөн сааттар кескин кыскарган жана техникалык кружоктор дээрлик жоголгон.

Мисалы, Ош областы боюнча ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүнүн ичинен техникалык чыгармачылык кружогуна катышып, алектенген балдардын жалпы саны 1870 (20 %). Мунун ичинен бир кыйла жогорку пайыз Каракулжа районунда (377 (23,2%) бала), бир кыйла төмөнкү пайыз Өзгөн шаарында (280 (15%) бала) экени белгиленген.

Чүй областы боюнча Чүй-Токмок шаарында гана техникалык чыгармачылык боюнча беш кружок иштейт, областтын калган Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин райондорунда мындай кружоктор жок.

Ысык-Көл областы боюнча ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүнүн ичинен техникалык чыгармачылык кружогуна тартылган балдардын саны 195 (4,6 %).

Жалал-Абад областы боюнча болгону Ноокен шаарында техникалык чыгармачылык менен 30 адам алектенет. Көпчүлүк райондордо (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал) көрсөткүч нөлгө барабар.

Талас областы боюнча да ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүнүн ичинен техникалык чыгармачылык кружогуна тартылган балдардын саны өтө аз экени байкалды, област боюнча техникалык чыгармачылык менен жалпы төрт гана кружок иштейт.

Ушундай эле көрүнүш Нарын, Баткен областтарында: Нарын областы боюнча техникалык чыгармачылык менен алты кружок иштесе, Баткен областында үч кружок иштейт, алар бир гана Лейлек районунда.

Ал эми жалпы билим берүүчү бардык мектептердин окуучуларынын саны боюнча алып караганда, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл областынан башка областтардын директорлордун бул маселеге формалдуу, салкын мамиле жасаганы байкалган. Көрсөткүч Чүй областы боюнча 0,28% ды, Бишкек шаарында 0,4%, Ысык-Көл областында 0,88% ды түзөрү белгиленген. Калган региондордо бул маселе боюнча абалды билген киши жок.

  1. Кошумча техникалык билим берүүчү мекемелер мурда 25 болсо, азыр экөө гана: Бишкек шаарындагы «Алтын Туйун» РБИТА жана Жаш техниктер станциясы.
  2. Окуучулардын техникалык билимге болгон кызыгуусу жокко эсе (1,4%).
  3. Иштеп жаткан кружоктордо техникалык чыгармачылыктын жаңы багыттары ‒ программалоо, робототехника, 3-D моделдештирүү, астрофизика, космостук билим ж.б. анчейин көңүл бөлүнбөйт.
  4. Бүгүнкү күндө техникалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө иштөө үчүн физиктер, химиктер, конструкциялоо жана моделдештирүү боюнча инженердик-педагогикалык кызматкерлер жетишсиз.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (2018-жылдын 31-октябры ПЖ № 221) мектепте табигый илимдерге басым коюу жана бүтүрүүчүлөрдүн инженердик-техникалык адистешүүсүн күчөтүүгө маанилүү орун берүү зарылдыгы ачык белгиленген (93-б. 1.9-милдет). Демек, жаштардын кесиптик ишмердүүлүгүн техникалык чөйрөгө тартуу жана илимий-техникалык кесиптердин престиждүүлүгүн жогорулатуу социалдык-экономикалык саясаттын маанилүү приоритеттеринен болуп саналат. Бул багытта 2018-жылы «Алтын түйүн РБИТАсы тарабынан иштелип чыккан «Заманбап этапта окуучулардын техникалык билимдерин өнүктүрүү концепциясы» Кыргыз Билим берүү академиясы тарабынан жактырылып, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан (2018-ж.) бекиген.

Аталган концепцияда илимий-техникалык чыгармачылык ‒ өнүгүүнүн жаңы этабында адистерди даярдоонун катализатору болушу керектиги, заманбап техносферанын алкагында адистер өндүрүштүк-техникалык, уюштуруп-башкаруучулук, илимий изилдөөчүлүк, педагогикалык, долбоордук-конструкциялоочулук иштерди пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга жөндөмдүү болуштары керектиги жана буга жетүү үчүн аткарыла турган көптөгөн милдеттер, кадамдар белги-
ленген.

Чечүүнү талап кылган мындай милдеттердин бири болуп техникалык чыгармачылык боюнча заманбап программаларды, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу, техникалык чыгармачылык боюнча конкурстарды уюштуруу жана таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү эсептелет.

Бөлүшүү

Комментарийлер