ОШМУ ТҮШТҮК -УРАЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КҮЧӨТӨТ

  • 20.02.2020
  • 0

19-февралда Ош мамлекеттик университетине Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында Россия Федерациясындагы Түштүк -Урал мамлекеттик университетинин ректору Александр Шестаков атайын визити менен келди.

ОШМУ ТҮШТҮК -УРАЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КҮЧӨТӨТ

Алгач ал ОшМУнун ректору К.Кожобеков менен жолугуп, эки жогорку окуу жайдын кызматташтык алакалары, алдыдагы пландар боюнча пикир алышышты.

Александр Шестаковго ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен “ОшМУнун Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Александр Шестаков университеттин жетекчилигине, жамаатка ыраазычылык сөзүн айтып, бул наамды “аванс” катары кабылдарын жана эки окуу жайдын ар тараптуу кызматташтыгын мындан да бийик деңгээлге чыгуусуна салым кошорун белгиледи. Ошондой эле Түштүк-Урал мамлекеттик университети жөнүндө өзүнүн презентациясын жасады.

Жыйынтыгында ОшМУ менен Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин кызматташуу меморандуму жаңыланып, окутуучулар, студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү, илимий багытта кызматташтыктарды күчөтүү, биргелешкен билим берүү,  кош диплом сыяктуу кызматташтыктар боюнча келишимге кол коюшту.

Александр Шестаков 19-20-февралда окуу жайдын  факультеттеринде конок лекцияларды окуп, университеттин структуралары менен таанышты.

Кошумчалай кетсек, ОшМУ  менен Түштүк -Урал мамлекеттик университетинин ортосунда  2015-жылы кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Эки окуу жай Шанхай кызматташтык уюмунун университеттеринин (ШКУУ) мүчөсү катары кызматташып келишет.  ОшМУдан ар жылы магистранттар I семестр Түштүк-Урал мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер