МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

  • 20.02.2020
  • 0

Баткен шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары арасындаМыкты тарбиячы – 2020” кароосынагы болуп өттү.МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

Маалыматка таянсак, иш-чара «Өрүкзар” бала бакчасынын базасында ɵтүп, ага алдыңкы тарбиячылар катышты. Аталган сынактын жүрүшүндө катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу, сабак өтүү, онлайн тест тапшыруу сыяктуу сынактардан өтүшүп, өздөрүнүн билим, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин, калыстардын сынына коюшту. Мындан сырткары педагогикалык кырдаал боюнча суроолорго жооп беришип, аткаруу чеберчиликтерин, алдыңкы иш тажрыйбаларын кɵрсɵтүштү.

МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

Кароо-сынактын максаты —  шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин деӊгээлин кɵтɵрүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуу тарбия иштерин уюштуруу, ɵнүктүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.

МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

Иш-чаранын жыйынтыгында «Алтын-Бешик» балдар бакчасынын тарбиячысы Токтобаева Гүлмира жеӊүүчү деп табылды. Ал эми “Өрүкзар” балдар бакчасынын тарбиячысы Маткайымова Батма 2-орунга жана “Ак-Тилек” балдар бакчасынын табиячысы Эркинбек кызы Самара 3-орунга жетишти. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү Баткен шаардык мэриясы, Билим берүү бөлүмү жана шаардык профсоюз комитети тарабынан ардак грамота, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер