ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ

  • 18.02.2020
  • 0

Кочкор районуна караштуу Ак-Чий орто мектебинин биология мугалими Садыкова Бурул  мектептин мугалимдер коллективине “Шыктандыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү “ деген темада семинар уюштурду.

ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ

Мугалимдер мектепте бөлүнгөн секция боюнча топторго бөлүнүп, берилген тапшырмалар боюнча өзүлөрүнүн ой-пикирлерин жамаатка презентациялашты. Сабакты өтүүдө физикалык, психологиялык жана академиялык маанайды уюштуруу үчүн ой-пикирлер талкууга алынды.

Семинардын жүрүшүндө баалоонун  суммативдик, диагностикалык, формативдик түрлөрү боюнча тесттер алынды. Мектептин жаш мугалимдери Сабырбеков Бактияр, Кутманов Канат, Ниязбек уулу Адилет, Кенжебеков Максат, Султанова Нурзат, Насыпбеков Бексултан, Чодонова Гүлзаттар өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Семинардын өтүлүшү боюнча мектеп директору Айдарбеков Дайырбек өзүнүн жакшы пикирин айтып, ар бир секция өзүлөрүнүн декадалык айлык иштеринде бирден семинар өтүүнү сунуш кылды. Мугалимдер коллективи сунушту туура кабыл алып, кийинки семинарлар кандай темада өтүү керек экендиктерин талкууга алышты. Бул семинар жаш кадрлар үчүн өтө пайдалуу болгондугун жаштар өз ойлорун айтып билдиришти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер