“КИТЕП – МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ”

  • 18.02.2020
  • 0

Кочкор районундагы  Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектебинде «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында «Китеп — менин жан дүйнөм» аталышта райондогу окуу бөлүм башчыларына,  башталгыч класстардын мугалимдерине семинар болуп өттү.

“КИТЕП – МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ”

Семинардын жүрүшүн мектептин директору Эшмухамед Кадыркулов  ачып, мектеп жөнүндө маалымат берди, ошондой эле мектептин  китеп фондусу  менен тааныштырды. Мектептин китепканачысы Ж.Жумалиева  китепкананын иши, окуучулардын китепке болгон кызыгуусу, китепканадагы иштер жөнүндө маалыматтарды берди.

“КИТЕП – МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ”

Семинардын жүрүшүндө мектептин 1 “а” классынын мугалими  Айтиева Зейнура «Ичкертүү белгиси», 3 “б” класстын мугалими Жумалиева Аида «Күн менен булуттун кармашы», 4 “а” класстын мугалими Акматова Гүлбара «Кожожош мергенчи» деген темада ачык сабактарды өтүштү.

“КИТЕП – МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ”

Мектептин окуу бөлүмүнүн  башчысы Бостонкулова Асел «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун 10-модулу боюнча «Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн калыптандырууга ата-энелерди жана коомчулукту тартуу» темасына ылайыктап, 2-класстын ата-энелери менен бирге Григорий Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китеби боюнча сабак-сынак өткөрдү. Бул сабакка райондогу окуу бөлүм башчылары,  башталгыч класстардын мугалимдеринен сырткары райондук  билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы Асаналиева Астра, Нинакан Жүндүбаева атындагы  мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар боюнча окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Латипа Жутабаева, Баялы Исакеев айылынын  айылдык китепканачысы Бакуева Жаңыл, айылдык ФАПтын фельдшери Акматалиева Максат келип катышты.

Ата-энелер китеп боюнча таймаш сабакка активдүү катышып, жыйынтыгында мектеп администрациясынын атынан ыраазычылык баракчалары, дипломдор менен сыйланышты. Мындан сырткары райондук  билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы Асаналиева Астра башталгыч класстардын окуучуларынын эң көп китеп окуган окуучулары  4 “б” класстын окуучусу Сейитбеков Ынтымакка, 3 “б” класстын окуучулары Сатаркулова Айжамалга, Сабырбекова Фатимага китептерди тапшырды.

Семинардын жыйынтыгында семинардын катышуучулары өз ой пикирлерин айтышып,  ыраазычылыктарын билдиришти.

Д.Айдарбеков, Кочкор району.

Бөлүшүү

Комментарийлер