ВЕНГРИЯДА БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАГАНДАР ТЕСТТЕН ӨТҮШТҮ

  • 17.02.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Венгрияда акысыз билим алуу үчүн конкурска катышып жаткан талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрдү.

Тестирлөө Президенттин алдындагы башкаруу академиясында 17-февралда болуп өттү.

Бакалавриат программасы боюнча компьютердик тестирлөөнүн биринчи күнүнө жалпы 158 адам катышты. 11 адам белгисиз себептер менен тестирлөөгө келген жок. Эртең, 18-февралда дагы 6 талапкер катышат. Андан соң гана эки күндүн жыйынтыгы чыгарылат.

Талапкерлер математика (20 суроо), Кыргызстандын тарыхы (25 суроо) жана англис тили (30) боюнча 70 суроого жооп беришти. Бул үчүн 2 саат 40 мүнөт убакыт ажыратылган.

Билим берүү жана илим министрлиги ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында быйыл компьютердик тестирлөөнүн принцип жана ыкмаларын өзгөрттү. Биринчиден, тест тапшыруу жараяны министрликтин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз чагылдырылып турду. Экинчиден, президенттик аппарат жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан көз карандысыз байкоочулар тартылды.

Ар бир талапкер тестти тапшырып бүтөөрү менен анын жыйынтыгы жана алган упайынын протоколу колуна берилди.

Магистратура жана докторантура программалары боюнча талапкерлер үчүн аңгемелешүү 19-20-февраль күндөрү өтөт.

Гранттар Кыргызстан жана Венгриянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер