“ЫСЫК-КӨЛ БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН” ЭЛ АРАЛЫК СЛЁТУНУН ЖАНА ПЛЕНЭРДИК ПРАКТИКАНЫН ЖОБОСУ

  • 14.02.2020
  • 0

Буйрук №1493/1 2019-жылдын 20-декабры

  1. Слёттун жана пленэрдик практиканын уюштуруучулары:
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору – ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Алгачкы клубу

Өнөктөштөр:

  • Балдарга кошумча билим берүүнүн Евразиялык Ассоциациясы
  • ЮНЕСКО клубдарынын Азиялык-Тынч океандык Федерациясы жана Ассоциациясы (Кыргызстан);
  • Каз ФУГА;
  • ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Клубдарынын Ассоциациясы;
  • КРнын маданият, туризм жана маалымат министрлиги;
  • Бишкек шаарынын мэриясы;
  • Республикалык МАИ.
  1. Багыты: социалдык-педагогикалык
  2. Слёттун жана пленэрдик практиканын максаты:

Балдардын өз алдынча таанып билүүсүнө, өнүгүүсүнө, өзүн тарбиялоого багытталган социалдык-маанилүү ишмердик аркылуу алардын ички дараметин кеңири ачуу үчүн шарт түзүү жана лидерлик башатын аныктоо.

  1. Милдеттери:

— балдардын лидерлик жана чыгармачыл дараметин, билгичтиктерин жогорулатуу;

— лидерлик өз ара аракеттешүүнүн механизмдерин жакшыртуу;

— балдарды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ар түрдүү балдар коомдук уюмдары жана бирикмелери менен тааныштыруу;

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын лидерлеринин ишмердигине коомчулуктун көңүлүн буруу;

— жаш сүрөтчүлөрдү ачык мейкиндикте иштөөнүн практикалык көндүмдөрүнө үйрөтүү, мейкиндикдик багыт алуусун өнүктүрүү, табигатты түстүк абалында толук кабыл алуусун, композициялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

— Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн балдарынын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган балдардын демилгесин жана социалдык долбоорлорду колдоо;

— атайын уюшулган жайкы лагердин шартындагы практикалык ишмердикте өз алдынча билим алуу жолу менен балдардын коомдук бирикмелеринин лидерлерин социалдык-педагогикалык коштоо үчүн мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана өнүктүрүү.

  1. Өткөрүү убагы: 1-7-июль 2020-жыл

5.1. Өткөрүү орду: Ысык-Көл облусу (күнгөй жээги), Кыргызстан

5.2.  Слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучулары:

— Кыргызстандын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн балдар коомдук бирикмелеринин жана уюмдарын лидерлери, коомдук кыймылга активдүү катышкан, мектеп бирикмелеринде иш тажрыйбасы бар жана лидерлик сапаттарын көрсөткөн,  балдар жана өспүрүмдөр.

— социалдык жана социалдык-педагогикалык республикалык, облустук, регионалдык сынактарынын жеңүүчүлөрү;

— балдар коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын педагог-уюштуруучулары.

Ошондой эле:

— Кыргызстандын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн мектептеринин жана кошумча билим берүү уюмдарынын көркөм сүрөт өнөр жана кол өнөрчүлүк ийримдеринин жана студияларынын мугалимдери жана окуучулары.

5.3. Катышуучулардын жашы: 9-16 жаш.

5.4. Өкүлчүлүктүн курамы: Ар бир өкүлчүлүк 12-25 катышуучудан жана бир жетекчиден турат.

  1. Жалпы жобо

Негиздөө: Азыркы мезгилде социалдык-экономикалык  коомдо социалдык активдүү жаш жарандарды калыптандырууга талап коюлууда. Себеби келечекте жаш лидерлер гана тез өнүгүп жаткан коомдун социалдык-экономикалык, илимий жана жалпы маданияттык маселелерин чечүү жоопкерчилигин өз мойнуна алышат.

Ушуга байланыштуу лидерлерди аныктоо жана балдар уюмдарында лидерликти өнүктүрүү маселеси зор социалдык мааниге ээ болууда. Бул маселе толук түрдө инсанды коомго аралаштырууга жардам берет, ал эми лидерлик жөндөмдү өнүктүрүү жаңы экономикалык шартта инсандын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Ошондой эле пленэр өткөрүү көркөм сүрөт өнөрү боюнча балдардын кесипке багыт алуусуна маанилүү мамиле болуп саналат, бул – композиция, живопись жана сүрөт боюнча окуу процессинин уландысы. Пленэрдеги живопись көркөм сүрөт өнөрүндө балдардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө таасир этет. Аларды философиялык, эстетикалык жана эмоционалдык көз караштарын жана сезимдерин көрсөтүүгө үйрөтөт. Пленэрде иштөө балдардын жаратылыш кубулуштары жана формалары жөнүндөгү элестөөлөрүн байытат, түздөн-түз окутуучу болуп саналат, жаратылыш дүйнөсүн өздөштүрүүгө кызыгуусун тарбиялайт, таза баалуулуктарды кабыл алуусуна жардам берет.

6.1. Слёттун жана пленэрдик практиканын алкагында төмөнкү иштер уюштурулат:

  • балдардын активдүү эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо;
  • чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү, кругозорду кеңейтүү;
  • маданий байланыштарды бекемдөө;
  • балдар уюмдарынын ишмердиги жөнүндө маалымдоо;
  • маалымат алмашууну уюштуруу;
  • ар түрдүү маданий эс алуу жана дене тарбия иш-чараларын өткөрүү.

6.2. Лидерлердин эл аралык слётунун программасына төмөнкүлөр кирет:

  • АОМ (активдүү окутуу методу) менен коучингдер (квест оюндар, case-study ж.б.)

— натыйжалуу баарлашууну өнүктүрүү;

— лидерлик сапаттарды өнүктүрүү;

— балдардын уюштуруучулук жөндөмүн өнүктүрүү;

  • коворкинг борбордун иши (бизнес-инкубатор, иштиктүү клуб ж.б.)
  • сынактык иштер:

— балдардын социалдык долбоорлорунун сынагы;

— социалдык-педагогикалык долбоорлордун сынагы.

  • усулдук коштоо:

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын уюштургуч-педагогдору үчүн семинар-практикум;

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын уюштургуч-педагогдору үчүн социалдык-педагогикалык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча коворкинг борбордун иши.

6.3. Пленэрдик практиканын программасы төмөнкүлөрдү эске алат:

— таза абада живопись боюнча иш аткаруу;

— Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгек сиңирген өнөр ишмерлеринин арт-коучингдери;

— практикалык иште аткарылган мыкты сүрөттөрдүн жана кол өнөрчүлүктүн сынагы.

Сынактын жыйынтыгы боюнча сүрөттөрдүн жана кол өнөрчүлүктүн “Ысык-Көл балдардын көзү менен” көргөзмөсү өткөрүлөт. Сынактын бардык жеңүүчүлөрү дипломдор, мактоо баракчалары менен сыйланышат. Алдыңкы жамааттардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылыгы жана мактоо баракчасына ээ болушат.

Пленэрдин катышуучулары: планшет же чапталма-папка, жыйналма отургуч жана пленэрге зарыл болгон бардык материалдарды алып келүүлөрү керек.

6.4. Эл аралык слёттун жана пленэрдик практиканын программасындагы мүмкүнчүлүктөр:

— балдардын жана мугалимдердин уюштуруучулук жөндөмдөрүн, лидерлик сапаттарын жана маалыматтык сабаттуулугун практикада бекемдөө;

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарында иштөө тажрыйбасын алмашуу жана жакшыртуу;

— болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо;

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын ишин уюштуруунун кызыктуу формаларына жана ыкмаларына ээ болуу;

— көркөм сүрөт өнөрү боюнча балдардын чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана кошумча билим берүү мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүү.

Эл аралык слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучулары окутууну өткөндүгү тууралуу сертификат алышат.

  1. Слётту жана пленэрдик практиканы уюштуруу жана өткөрүү:

7.1. Слётту жана пленэрдик практиканы уюштуруу, даярдоо жана өткөрүүнү координациялоону сынакты уюштуруу, даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу ишке ашырат (мындар ары Уюштуруу тобу)

7.2. Слёттун жана пленэрдик практиканын уюштуруу тобу:

Слётту жана пленэрдик практиканы уюштурууну,  даярдоону жана өткөрүүнү координациялайт жана жалпы планын бекитет: даярдоо жана өткөрүү ишин уюштурат, өткөрүү ордун, убагын жана узактыгын, катышуучулардын санын, катышуунун шарттарын, өтүнмөнү, башка зарыл иш кагаздарды берүү тартибин жана убагын, аныктайт; слёттун жана пленэрдик практиканын  программасын, социалдык жана социалдык-педагогикалык долбоорлордун жана пленэрдик практиканын жыйынтыгы боюнча “Ысык-Көл балдардын көзү менен” сынактарын,  иш өткөрүү шарттарын, сыйлык орундардын санын, сынактардын түрү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартибин ыйгарылган атайын жана кызыктыруучу сыйлыктардын тизмесин, ошондой эле сынакты уюштуруунун жана өткөрүүнүн башка шарттарын бекитет; сынактардын калыстар тобунун курамын бекитет, слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучуларынын өмүр жана ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти уюштурууга жардам көрсөтөт.

7.3. Сынакты уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору (мындан ары «Балажан» РЭТОУБ) түздөн-түз ишке ашырат.

  1. Өтүнмөнү берүү тартиби жана убагы:

— Жашоо шарттары: 3-4-5-6 орундуу, бардык шарттары бар бөлмөлөр, беш жолу тамактануу;

— Жол жүрүү шарты: автобустарда катышуучуларды ПМдин коштоосу менен алып жүрүү.

Слётко жана пленэрдик практикага келген учурда бардык уюштуруу маселелери түздөн-түз топтун жетекчиси менен чечилет.

2020-жылдын 1-мартына чейин слётко жана пленэрдик практикага катышууга өтүнмөнү [email protected] электрондук почтасына жөнөтүңүздөр.

Жиберилген өтүнмөлөргө ылайык, уюштуруучулар 1-майга чейин слёттун жана пленэрдик практикага катышууга расмий чакыруу жиберишет. Расмий чакыруу алган өкүлчүлүктөр слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучулары болуп саналышат.

Катышуучулардын слёттун жана пленэрдик практиканын өтүү ордуна чейинки жол киреси жөнөтүүчү тараптын же катышуучулардын өз эсебинен жүргүзүлөт.

  1. Слёт жана пленэрдик практика боюнча материалдар «Балажан» РЭТОУБдун www.balajan.kg сайтында жайгаштырылган. Сурамжылоо телефондору: +996(312)383260, + 996(312)486475, факс: +996 (312) 486319. Жооптуу адамдар: Молдалиева Замиркуль Абыкановна +996 (772) 176831, Исалиева Назира Жанышовна +996 (550) 477407
  2. Корутунду жобо.

Жободо жазылган бардык маселелер уюштуруу тобу менен өзүнүн компетенциясына ылайык түзүлгөн жагдайга жараша чечилет.

 

«Ысык-Көл балдардын көзү менен» эл аралык слётко жана пленэрдик практикага катышууга

Өтүнмөнүн үлгүсү

1-7-июль 2020-ж. Кыргызстан

Өлкө 
Облус, шаар 
Уюмдун, мекеменин, ийримдин студиянын, лидерлик топтун аталышы 
Уюмдун дареги, байланыш маалыматы (тел., факс,  e-mail) 
Коштоочу адам (Аты-жөнү толук маалымат) 
Коштоочунун байланыш маалыматы   (иштеген жери, кызматы, тел., e-mail) 
Келүү күнү 
Келүү убактысы 
Келүү орду 
Келүү унаасы 
Автобустагы орундарга өтүнмөбир жагына (саны)эки жакка (саны)
  
Окуучулардын (балдардын) аты-жөнүТуулган жылы, айыЖынысыКатышуунун багыты (лидерлик, көркөм өнөр)
1    
2    
3    
    

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер