«КЫРГЫЗСТАНЫМ – АТА-МЕКЕНИМ, АЛА-ТОО – АЛТЫН БЕШИГИМ» ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮНҮН ЖОБОСУ

  • 14.02.2020
  • 0
  1. Жалпы жоболору

1.1. Төмөнкү Жобо конкурсту (мындан ары – Конкурс) уюштуруу жана өткөрүү тартибин, чыгармачылык эмгектерди тандоонун критерийлерин, катышуучуларды, конкурстук комиссиянын түзүмүн, жеңүүчүлөрдү сыйлоону тактайт.

1.2. Конкурс таланттуу студенттерди жана окуучуларды колдоо шарттарын түзүү жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өрчүтүү максатында өткөрүлөт.

1.3. Конкурстун уюшуруучусу ‒ Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасы

1.4. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн эмгектери өзүнчө журнал болуп басылып чыгат.

  1. Конкурстун максаты жана милдеттери

2.1. Конкурстун максаты болуп:

  • шыктуу жана таланттуу окуучуларды табуу, аларды колдоо жана дем берип кызыктыруу;
  • бардык окуучуларды чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыктырып жана изденүүсүн калыптандыруу;
  • келечек кесибин баамдап тандоого жардам көрсөтүү.

2.2. Конкурс төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

жаштардын руханий байлыгын ѳөстүрүү, улуттук аралык биримдикти чыңдоо;

чыгармачылык демилгени өнүктүрүү, гуманитардык жана көркөм окуу сабактарын билүүгө кызыкчылыктарын калыптандыруу;

окутуучуларга таланттуу окуучулар менен иштөөгө чөйрө түзүү;

жаш муундун социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүү.

  1. Конкурстун катышуучулары

Конкурска Эл аралык Кувейт университетинин 1-4-курстун студенттери, орто кесиптик окуу жайынын студенттери, «Давха» окуу жайынын жана Кыргыз Республикасынын мектептеринин 11-класстын окуучулары катыша алышат.

  1. Конкурстун негизги багыттары жана талаптары:

Конкурстун негизги темасы «Кыргызстаным – Ата-Мекеним, Ала-Тоо – алтын бешигим». Ушул темага байланыштуу конкурска катышкандар Ата-Мекен, эне тил, улуттук каада-салт, улуттук баалуулуктар, келечегибиз, миграция жөнүндө төмөнкү жанрлар боюнча:

  1. эссе (публицистикалык ой-толгоо); 2. ыр, аңгеме;
  2. макала

жазып, чыгармачылык эмгектерди А4 форматында (эссе, макалалардын көлөмү 1200 тамгадан ашпашы керек) nurgul71 @bk.ru дарекке жөнөтүлөт.

  1. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартиби

5.1 Конкурстун жыйынтыгы Эл аралык Кувейт университетинде өтөт.

5.2 Конкурсту уюштуруу, мөөнөтүн бекитүү үчүн Уюштуруу комитети түзүлүп, ал конкурстук комиссиянын төрагасын жана мүчөлөрүн бекитет.

5.3 Өткөрүү мөөнөтү ‒ 2020-жылдын 10-февралынан 2020-жылдын 20-мартка чейин. Конкурс үч этапта өтөт:

I этап – чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу (10.02.2020 – 12.03.2020).

II этап – конкурска түшкөн эмгектерди баалоо боюнча Конкурстук комиссиянын иши (16.03.2020 – 18.03.2020).

III этап – конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо (20.03.2020).

5.4 Конкурска катышуу үчүн чыгармачылык эмгектерди Уюштуруу комитетине жиберүү керек (nurgul71 @bk.ru).

  1. Конкурстук комиссия

6.1 Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн Конкурстук комиссия түзүлөт, анын түзүмүнө университеттин жетекчилери, профессор-окутуучулары жана чыгармачылык уюмдардын өкүлдөрү киришет;

6.2 конкурстук комиссия конкурска түшкөн эмгектерди талдоо жана баалоолону уюштурат;

6.3 комиссия конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;

6.4 комиссия чогулуштун протоколун бекитет;

6.5 конкурстук комиссия кабыл алган чечимдери боюнча түшүндүрмө бербейт.

  1. Конкурсту өткөрүү боюнча колдонмо жана усулдук камсыздоо

7.1 Уюштуруу комитети Эл аралык Кувейт университетинин ректорунун буйругунун негизинде конкурсту башкарат.

7.2 Уюштуруу комитетинин милдеттери:

конкурстун калыстар тобун түзөт;

конкурстун жеңүүчүлөрүнүн Ардак грамоталарын, дипломдорун даярдайт;

конкурстун жеңүүчүлөрүнүн эмгектерин чогултуп, журнал даярдайт, конкурсту өткөрүү боюнча отчет жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинин сценарийин даярдайт.

  1. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо

8.1 Конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор жана Ардак грамоталар менен сыйланып, эмгектери журнал болуп чыгарылат:

1 орун – жеңүүчү;

2 орун – лауреат;

3 орун – лауреат.

8.2. Конкурстун бардык катышуучуларына Жобонун негизинде эмгектерин даярдап, көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөткөндөрдүн баарына сертификат берилет.

8.3. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн эмгектери өзүнчө журнал болуп басылып чыгат.

8.4. Келечекте конкурстун жеңүүчүлөрүнүн эмгектери коммерциялык эмес максатта (Конкурстун максаттары жана жарнама максатында, усулдук жана мааалымат басмаларында, тышкы жарнамада) колдонулат.

8.5. Конкурстун жеңүүчүлөрү Эл аралык Кувейт университетинин бардык багыттарына (Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизинде) артыкчылык менен кабыл алынат.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  1. Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасы, филология илимдеринин доктору, профессор;
  2. Джаманбаева Тамара Кусеиновна – Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасы, КР Эл артисти;
  3. Койчуманова Нургүл Мааметовна – Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, филология илимдеринин доктору, проф.м.а.;
  4. Таабалдиев Кубанычбек Абдыменович – Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент
  5. Абдрахманова Саткын – Э.Ибраевдин байбичеси
  6. Кокомбаев Кубат Султаналиевич – Эл аралык Кувейт университетинин социалдык-гуманитардык-табигый илимдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, социология илимдеринин кандидаты, доцент;
  7. Өмүрканов Анатай – Кыргызстандын эл акыны.
Бөлүшүү

Комментарийлер