«ФИН КЕРЕМЕТИ» МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 14.02.2020
  • 0

Азыр элдин аң-сезиминде жакшы өзгөрүү башталгандай. Олуттуу китептердин жарык көрүшү жаркын маанай тартуулаган окуяга, шаңдуу майрамга айланууда. Китеп жөнүндө талкуу, талаш-тартыштар жүрүп турса, окурмандык маданият жогоруласа, коомубуз тазарып, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшөт деп ишенебиз.

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында Паси Сальбергдин «Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?» (англисчеси “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”) Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” (“Teach Like Finland”) китебинин кыргызча котормолорунун презентациясы болду. Иш-чарага билим берүү тармагынын кызматкерлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальбергдин дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer” сыйлыгына татыган «Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?» китеби буга чейин 18 тилге которулган болсо, эми кыргыз тилинде да жарык көрдү. Аны биздин окурмандарга сунуштаган котормочулар – Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова. Кыргызчага которулуп, жарык көрүшүнө жеке ишкер Таалай Кумбаев каржылык колдоо көрсөттү.

Автор бул китепте Финляндия өлкөсү экономикасы менен мектептеги билим берүүсүн ХХ кылымдын акыркы отуз жылында кантип мыкты деңгээлде өнүктүргөнү тууралуу баяндалат. Ийгиликтүү реформалар окуучулардын баарына бирдей билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп, ар бир окуучунун муктаждыгына жараша жекече мамиле жасоо, аз бирок саз окутуу, эң алдыңкы жаштарды мугалимдик кесипке тартуу, саясатчыларды мектептин ишине кийлигиштирбей, тескерисинче, мугалимдерди колдоп, ишеним көрсөтүү аркылуу ишке ашканы жөнүндө сөз болот. Финляндиянын тажрыйбасы билимге таянган алдыңкы коомду өнүктүрүп, көп өлкөлөр үчүн педагогикалык жактан да, экономикалык жактан да баалуу өрнөк болору бышык. Баардык саясатчыларга жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине сунушталат. Мектепти жамандап же нааразы болгондун ордуна аны жакшыртууну каалагандар үчүн мыкты кеңештер берилет.

Паси Сальберг – Финляндияда математика мугалими, насаатчы педагог, изилдөөчү, билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт. Финляндиянын Билим берүү министрлигинин жетекчилигинде иштеген. Дүйнөлүк банк, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму, Еврокомиссия, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу уюмдарда билим берүү боюнча эксперт болуп иштеген. Акыркы 20 жылда АКШ, Канада, Европа, Австралия, Орто Чыгыш, Африка жана Азия өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын жүргүзгөн лидерлерге кеңеш берген. Гарвард университетинин ардактуу профессору. Азыркы учурда Австралиядагы New South Wales университетинин Гонски институтунун профессору.

Тимоти Д.Уолкердин “Финдердей окуталы” (түп нускасы Teach Like Finland) китеби “Фин керемети 2.0” китебинин автору Паси Сальберг бул китептин баш сөзүн жазган. Эки китеп бирин-бири толуктайт. Паси Сальбергдин китеби негизинен саясатчылар үчүн болсо, бул китеп мугалимдер үчүн. Китепти англисчеден кыргызчага Мамасабыр Саипов которгон. Кыргызчаны кошкондо 16 тилге которулган. Китептин кыргызчага которулушуна жеке ишкер Батыр Аллахунов каржылаган.

Китептин автору Тимоти Д.Уолкер – Финляндияда жашап иштеген америкалык мугалим. Ал Финляндияга келгенге чейин АКШда мугалим болуп иштегендиктен, эки өлкөнүн билим берүү тутумдарын, мугалимдерин жана окуучуларын салыштырып анализ кылат. Дүйнөнүн туш тарабындагы мектептерге пайдалуу практикалык 33 стратегияны сунуштайт. Китептеги стратегиялар эң оболу мугалимге, класс жетекчиге, мектеп директоруна, методисттерге жана чиновниктерге керек. Ошондой эле китептеги усулдардын ата-энелер үчүн да мааниси чоң.

Эки китепти тең Кубат Чекиров редакциялап, Жетиген Асанбек коррекциялады. Мукабасын Динара Чокотаева жасалгалады.

Талкууда айтылган ойлордон:

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

Тууганбай Коңурбаев, И.Арабаев ат. КМУнун проректору:

– Буга чейин дүйнөдөгү билим берүүгө тиешелүү мыкты табылгалар жеке демилгелер менен гана кыргызчага которулуп келди. Эми бул ишти мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл.

 

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

Төлөбек АбдЫрахманов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору:

– Эгемендик алгандан бери эле билим берүү тутумубузду реформалайбыз деп келебиз. Бирок анча-мынча этнопедагогиканын элементтерин кошконубузду айтпаганда, биз дагы эле мурдагы советтик агартуу тутумунун нугунан чыга электейбиз. Дүйнөлүк билим мейкиндигине аралашып, эң алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жетише элекпиз. Мына эми финдердин, сингапурлуктардын, түштүк кореялыктардын билим берүү тутумдарын иликтеп, мыкты жактарын өзүбүзгө ылайыктап колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлө баштады. Мунун бир белгиси – бүгүнкү бет ачары болуп жаткан китептердин түп нускадан түз которулгандыгы.

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

Акылбек Жапаров,Жогорку Кеңештин депутаты:

– Дүйнөдө ийгиликке жетишкен өлкөлөрдөн үйрөнсөк, мектеп таланттуу балдар менен таланттуу мугалимдер жолугуп, бирге иштеген жер болууга тийиш. Бүгүнкүдөй жакшы китептер көп которулса, тилибиздин өнүгүшүнө да өбөлгө түзүлөт. Миллиарддаган доллар карыз алып жатабыз. Жолдорду оңдоого алынган насыяларды төлөө убактысы келди, азыр жолдорубуз кайра жараксыз абалга келди. Тышкы карыздан 213 миллиону гана билим берүүгө деп алыныптыр, ал дагы толук жумшалган жок.

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

Анвар Праздников, Финляндиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу:

– Кыргызстандын дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүп жатканы абдан жакшы. Билим берүүдөгү адилеттүүлүк эң орчундуу мааниге ээ. Бул тармакта атаандаштык эмес, кызматташуу, биримдик, билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн текши жеткиликтүүлүгү биринчи орунда турат.

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

Ишенгүл Болжурова, коомдук ишмер:

– Фин кереметинин тарыхын бул элдин менталитети, маданий өзгөчөлүктөрү менен байланышта терең изилдеп, дүйнөнү таң калтырган ийгиликтерге кантип жетишкен себептерин, өбөлгөлөрүн жакшы түшүнүп алышыбыз керек. Жөн эле үстүрт туурап, сырткы формасын гана кайталасак, казды туурап, карганын буту сынгандай болобуз. Жети кылым Швециянын, бир кылым Россиянын карамагында болгон өлкө. Авторлор да башка өлкөлөрдү туурабаш керектигин эскертиптир. Которуп, чыгаргандарга рахмат. Эми бул бийик үлгүнүн деңгээлине жетиш үчүн коомдук аң-сезимди өстүрүп, мамлекеттик саясатты өркүндөтүп, көп иштеш керек.

Т.Коңурбаев:

– Ишенгүл Садыковнанын эскерткенинде данек бар. Чындыгында финдер баарын эле өздөрү ойлоп таап, такыр кайталангыс үлгү иштеп чыккан жок, алар Америкадан, Германиядан, Франциядан көп нерселерди үйрөндүк дейт автор. Бирөөдөн үйрөнүүдөн уялбайбыз дейт. Башкалардан алганыбызды өзүбүздүн менталитетке, шартыбызга ылайыктап, өркүндөтүүгө жетиштик дейт.

Финдер 1963-жылы билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн атайын комиссия түзгөн экен, ал бүгүн да иштеп жатыптыр. Бизде улам президент алмашкан сайын, министр алмашкан сайын баарын өзгөртүп турабыз. Бул такыр туура эмес. Ким президент же өкмөт башчы экенине карабастан, мамлекеттик саясат ырааттуу жүргүзүлүшү керек.

"ФИН КЕРЕМЕТИ" МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛАРЫ КЫРГЫЗЧА ЖАРЫК КӨРДҮ

Дүйшөн Шаматов,Назарбаев университетинин профессору:

– Бул эки китептин мазмуну бирин-бири толуктап турат. Мен айрыкча экинчисине токтолуп, негизги үч ойду айтайын. Биринчиси – финдердин билим берүү тутуму азыр өтө тереңдеп бараткан биздегидей байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымды жоюуга багытталат экен. Бизде байлардын балдары мыкты лицей, гимназиялардан окуса, колу жукалардын балдары эптеп-септеп окуткан мектептерде кала берет. Экинчиси – мунаса (консенсус). Финляндияда деле көз карашы, саясий багыты ж.б. боюнча айырмаланган топтор, региондор бар, бирок алар жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы, жаштардын келечеги дегенде дайыма биригип, ынтымакта иштешке даяр турушат. Үчүнчүсү – бизде “чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун” дейбиз, бул туура. Бирок, финдердин өрнөгүн эске алсак, адиспиз деп эле мектептерге өзүбүздүкүн таңуулай бербей, катардагы мугалимдердин көңүлүндөгү ойду уга билишибиз, алардан үйрөнө билишибиз керек экен. Демек, биз мугалимдерди кесиптеш адистердей сыйлап, кадыр-баркын көтөрүшүбүз керек экен.

(Бетачарга катышкан Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов өзүнүн ойлорун толуктап, макала жазып бермекчи болду).

Даярдаган Жолдош Турдубаев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер