ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНЕН ҮЙРӨНҮП, ӨЗ ЖОЛУБУЗДУ ТАБАЛЫ

  • 14.02.2020
  • 0

Алмазбек Токтомаметов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти

ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНЕН ҮЙРӨНҮП, ӨЗ ЖОЛУБУЗДУ ТАБАЛЫ

 Кыргызстанда азыр бийлик адамынан баштап, жөнөкөй ар бир жаран билим берүү системасын кантип оңдоп алабыз деген ой менен алектенип калды. Мамлекет билим берүүгө бөлүнгөн акча каражатынын көлөмүн республикалык бюджеттин 20%ынан ашырды, мугалимдердин айлыгын 30%га көбөйттү. Ошол эле учурда билим берүүгө тиешеси жок атуулдар да билим берүүнү жакшыртууга колунан келген салымын кошууда. Алсак, бизнесмен жигитибиз Таалайбек Кумбаев каржылык колдоо көрсөтүп, Э.Абжапарова, Б.Абдуллаев түп нускадан кыргызчага которуп, дүйнөлүк бестселлер болуп калган паси Сальбергдин «Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?» («Китепстан», 2019, 272 б.) аттуу китеби басылып чыкты. Дагы бир бестселлерге айланган Тимоти Д.Уолкердин «Финдердей окуталы: шайыр-шат класстар үчүн 33 жөнөкөй стратегия» («Китепстан», 2019, 224 б.) деген китебине Батыр Аллахунов каржылык колдоо көрсөтүп, китепти М.Саипов түп нускадан которуп, жарык көрдү.

ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНЕН ҮЙРӨНҮП, ӨЗ ЖОЛУБУЗДУ ТАБАЛЫ

 Билим берүү жаатында болуп жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктерди калкыбыз эне тилде окуса деп аракеттенип жаткан мекенчил уул-кыздарыбызга алкыш гана айткың келет.

Бестселлер китептердин түп нускадан кыргыз тилине которулуп, жарыяланышы, биринчиден, болуп жаткан дүйнөлүк тенденциялар менен тааныштырып, экинчиден, тиешелүү адистерге, окурмандарга мезгил талабын аңдап сезүүгө жардам берип, үчүнчүдөн, жаңыча ой жүгүртүүгө шарт түзүп, төртүнчүдөн, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатат.

Президентибиз тарабынан «2020-жыл – Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2040-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгып, кеңири талкууга коюлду. Бул Стратегиянын негизги идеяларынын бири коомдогу ынтымак, биримдик, өнөктөштүк болушу зарыл. Жогоруда аталган бестселлер китептердин түп нускадан кыргызчага которулуп, кыргыз окурмандарынын колуна тийип жатышы бийик максаттарга ынтымакта, биримдикте, өнөктөштүктө умтулуунун мыкты үлгүсү эмеспи!

Кийинки кезде булардан башка да бестселлер болуп калган Кен Робинсон «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер» («Кереге» жалпы адамзаттык баалуулуктар фонду, 2018, 336 б.), «Креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп-үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» («Китепстан», 2019, 128 б.), Китами Масао «Кылычсыз Самурай» («Бугупресс», 2019, 216 б.), Лариса Буракова «Грузия кантип реформа жасай алды» («Бугупресс», 2018, 280 б.), Масару Ибуко «Үч жаштан кийин кеч» («Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, 2015, 232 б.) сыяктуу китептер кыргыз тилинде окурмандарга сунушталды. Кийинки кездеги мыкты китептердин катарына Дүйшөн Шаматовдун изилдөөгө негизделип жазылган, мугалимдин статусун көтөрүүгө багытталган «Билимге умтулуу» (-Б., 2019, 160-б.) китебин да кошууга болот.

«Финдердей окуталы» китебинин негизги өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары катары буларды айтууга болот:

1. Бул китепти Америкадан Финляндияга барып иштеп, эки өлкөнүн билим берүү системаларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон америкалык мугалим жазыптыр.

2. Шайыр-шат класстар үчүн 33 жөнөкөй стратегия бакыттын курамдык бөлүктөрү боюнча топтоштурулган. Китеп баштан аяк бактылуу болууга умтулууга, кең пейил мамиле жасоого чакырат.

3. Китептеги айтылган ойлор практикада болуп өткөн иш-аракеттин натыйжасына, илимий изилдөөлөргө жана басылып чыккан эмгектердеги идеяларга негизделет.

4. Автор эч бир жерде өзүнүн жеке оюн таңуулабайт жана турмуштагы кетирген каталарын жашырбастан, болгонун болгондой баяндап, өзү жасай албай, бирок башкалар сонун аткарган учурларды да ачык айтат. Бул автордун кызматкер катары бийик деңгээлин, адам катары жогорку маданиятын көрсөтүп турат.

5. Китептин автору Тимоти Д.Уолкер балдардын каалоосуна, чечимине карап окуу процессинин жүрүшүн аныктаганы, ага өзгөртүү киргизгени тууралуу көптөгөн мисалдарды келтирет. Окуу процессинин жүрүшүн окуучулардын башкаруусу – эң сонун көрүнүш эмеспи!

«Фин керемети» китеби Финляндиянын билим берүү системасы, тарыхы, анын лидерлик позицияны ээлөөсүнө таасир эткен факторлор тууралуу фактылар, мисалдар менен абдан негиздүү баяндап берет. Финляндиянын билим берүү системасынын уникалдуулугу, андагы айрым багыттар, аракеттер дүйнөдө болуп жаткан тенденцияларга каршы келери, мында Финляндиянын аракети туура экендигин мезгил далилдеп жаткандыгы абдан таасын берилген. Бул китепти терең түшүнүү үчүн дүйнөдөгү билим берүү системалары боюнча кеңири түшүнүк жана ага жараша кругозор, ошондой эле күчтүү ой жүгүртүү керек. Анткени китепте билим берүүнүн бүтүндөй философиясы, ал тууралуу изилдөөнүн натыйжалары сунушталат.

Дээрлик бардык адабияттарда Фин билим берүүсүндөгү керемет 1970-жылдардан башталгандыгы тууралуу баяндалса, автордун анын өзөгү, пайдубалы 1940-жылдарда эле түптөлө баштаганы, ага коммунисттик партиянын, Советтер Союзунун кошкон салымы тууралуу айткан маалыматтары абдан кызыктуу.

Китепте кадимки окурманды таң калтыра турган учурлар бар:

1. Базар экономикасына негизделген реформа идеологиясын колдобогон жолдор сунушталат (21-б.).

2. Финляндияда текшерүүлөр болбойт, стандартташтырылган окуу программасы жок, тест негизинде баалоого чоң маани берилбейт, биринчилик үчүн жарышууга чакырык жок (22-б.).

3. Жөндөмдүү окуучуларды көбүрөөк «академиялык» сабактарга, кол эмгегине жакыныраак окуучуларды кесиптик билим берүүгө багыттоодон комиссия баш тартууга чакырган (40-б.).

4. 1985-жылы окуучуларды жөндөмү боюнча тайпаларга бөлүү бардык сабактарда токтотулду (47-б.).

5. Академиялык гимназияларды, кесиптик багыттагы жарандык мектептерди, жөнөкөй мектептерди бириктирүү.

Финляндия билим берүүдө эмнени четке кагып, анын ордуна эмнени тандады?

1. Атаандаштыктан качып, кызматташтыкты, өнөктөштүктү тандады.

2. Сырттан таңууланган, стандартташкан тесттерди кабыл албай, тесттерди жана баалоо материалдарын мугалимдер өздөрү иштеп чыгышты.

3. Чиновниктер жана консультанттардын чечим кабыл алуусун четке кагып, чечимди мектеп жетекчилери жана мугалимдер кабыл алды.

4. Жалгыз мугалимдин мыктылыгынан, мугалимдердин коомун, алардын кызматташуусун, өнөктөшүүсүн жогору койду.

5. Отчеттуулуктун ордуна кесипкөйлүктү, ишенимди тандады.

6. Макулдашылбаган, сырттан келген стратегияларга эмес, системалуу ой жүгүртүүгө басым жасады.

7. Негизги предметтерге гана басым жасабастан, бардык предметтер маанилүү деген принципти карманышты.

8. Мектепти тандоону четке кагып, бардык мектептерди бирдей кылууга, натыйжалардын теңдигине умтулду.

Финляндияда эрте жаштан өнүктүрүүгө жана ар бир мектепте инклюзивдик билим берүүгө көңүл буруу, бир жагынан, балдардын дараметин ачууга жардам берип, экинчи жагынан, көптөгөн көйгөй маселелерди чечүүгө эртелеп киришүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ал эми элдин биримдиги, ынтымагы бардык күчтү билим берүүнү алга жылдырууга көмөкчү болсо, 100 адамдан турган Билим берүү боюнча улуттук кеңеш бийлик алмашса да, билим берүү саясатынын ырааттуу, туруктуу, уланмалуу ишке ашуусун камсыз кылган. Финляндияда билим берүүдөгү реформанын өзөгүн мугалимдин коомдогу бийик статусу жана мыкты мугалимдерди даярдоо программасы түзгөн.

Кээде кыйналып-кысталып, 10-15 китепти окуп, бир натыйжага келсең, кээде аны бир-эки китептен эле алууга болот. Ошондуктан мындай китептер бестселлерге айланып кетет болуш керек.

Урматтуу окурман, ошондой мыкты китептерди окугуңуз келсе, анда колуңузга «Фин керемети» жана «Финдердей окуталы» китептерин алыңыз! Бул китептер дүйнө таанымыбызды да, жан дүйнөбүздү да, ой жүгүртүүбүздү да өзгөртөрү калетсиз. Билим берүү системасын өзгөрткүбүз келсе, биринчи кезекте биз өзүбүз өзгөрүүбүз керек…

Бөлүшүү

Комментарийлер