PLICKERS ЖАНА KAHOOT — МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Plickers – программасы заматта жооп ала турган эң сонун программалардын бири. Бул программанын жардамында тесттердин жыйынтыгын же статистикасын заматта текшерип алса болот. Программаны колдонуу жеңил жана жөнөкөй. 

  • Мен бул программаны дайыма сабагымда колдоном. Себеби тест жаздырганымда кайсы суроого балдар канча пайыз жооп бергендиги билинет. Plickers программасын колдонууда  балдар бир гана QR-код  менен чыгарылган  (A, B, C, D) карточканы колдонушат. Билим берүү системасында мындай программаларды колдонуу аябай чоң пайда алып келет, — дейт дайыма бул программалар менен сабак өткөн Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин информатика мугалими Бектурган Мизамидин уулу.

Kahoot болсо оюн аркылуу сабак өтүүнүн мыкты ыкмасы болуп саналат. Ал окуучулардын билимин формативдик балоодо  чоң жардамчы болуп берет.

Төмөндө Бектурган Мизамидин уулунун ушул программалар менен сабак өтүүнүн жолдорун көрсөтүп берген видеосун сунуштайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер