ЭКОЛОГИЯЛЫК ДИПЛОМАТИЯ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 13.02.2020
  • 0

2020-жылдын 12-февралында Брюссель шаарында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Еврокомиссиянын климатты коргоо жаатындагы саясатты эл аралык интеграциялоо жана координациялоо боюнча директоратынын жана билим берүү, жаштар, спорт жана маданият боюнча директоратынын жетекчиликтери И.Слингенберг жана В.Хоффманн менен жолугушуулары болду.

ЭКОЛОГИЯЛЫК ДИПЛОМАТИЯ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
И.Слингенберг менен жолугушууда, ТИМдин маалымат департаменти билидиргендей,  Кыргыз Республикасынын тышкы саясий приоритеттеринин катарында турган климат жана экология жаатындагы кызматташууну арттыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков экологиялык көйгөйлөрдү практикалык чечүүгө багытталган экологиялык дипломатия багытында КР ТИМ күч аракетин арттыра баштаганын белгиледи.
Ал эми В.Хоффманн менен жолугушууда тараптар КР менен ЕБнын ортосунда билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу боюнча пикир алмашты. “Erasmus” жана “Erasmus+” программаларынын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн университеттеринин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын дараметин жогорулатууга жардам берүү боюнча маселелер талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер