“АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ИШКЕ АШАТ

  • 13.02.2020
  • 0

Кабарагенттигинде өткөн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул АбазбекАкылдуу мектепдолбоору туурасында маалымат берди.

“АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУ ИШКЕ АШАТ

Анын айтымында, 2014-2018-жылдары КРны Өнүктүрүү улуттук стратегиянын алкагында өлкөнү санариптик трансформациялоонун негизги багыттары аныкталып, ага ылайык “Санариптик Кыргызстан — 2013-2019” концепциясы кабыл алынган. Концепцияда билим берүү системасында конкреттүү иш-чараларды ишке ашыруу пландалган. Алардын катарында “Акылдуу мектеп” долбоору өзгөчө орунду ээлейт.

  • “Акылдуу мектеп” долбоору төрт компонентти камтыйт жана он мектепте пилоттук режимде киргизилет. Алар Бишкекте эки, Ошто бир жана ар бир облуста бирден мектеп каралган. Биринчи компонент – электрондук чөйрө. Анда, тандалып алынган мектептердин ар биринде компьютердик класстын, Wi-Fi зоналарды болушу жана атайын жабдуулар менен камсыздалган лаборатория болушу керектелет. Экинчиси – электрондук окутуучу. Окуу процессинде санариптик маалыматтык технологияларды колдонууну билген педагогдордун болушу, — дейт ал.

Расул Абазбек белгилегендей, мугалимдер: мектептин маалыматтык билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу процессинде активдүү катышуусу; сабакты сапаттуу жана жеткиликтүү өтүү чөйрөсүн заманбап техниканы колдоно билүүсү; компьютердик технологияларды, маалыматты башкаруу каражаты катары колдонуусу жана интернет айдыңында эркин иштөөсү зарыл.

Билим берүү министринин кеңешчиси маалымдагандай, үчүнчү компонент окутуунун заманбап дидактикалык каражаттарын түзүү, окуу процессин уюштурууда санариптик технологияларды колдонуу (электрондук окутуу).

  • Бул жерде окуучулар үчүн кошумча өнүктүрүүчү материалдар жайгаштырылат. Билими берүү ресурстарында материалдар, роликтер, клиптер, сүрөттөр менен коштолуп, негизги максаты материалдын түшүнүктүү, кызыктуу болушу шарт. Ал эми акыркы багыты – бул электрондук тейлөө. Ага мектептин веб-сайты, электрондук күндөлүк, журнал, 1-класска электрондук каттоо, мектептин фондун электрондук көзөмөлдөө, билим берүүнү башкаруу маалыматтык система, айлык акыны чегерүү процессин автоматташтыруу жана билим берүү мекемелерин электрондук аккредиттөө, — деп белгиледи Расул Абазбек.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер