ВЕНГРИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН ДАГЫ БИР СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 11.02.2020
  • 0

Венгрия менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын ортосундагы макулдашуунун алкагында 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алуу үчүн стипендиялык программага кабыл алуу башталды.

Окуу англис тилдүүлөр үчүн жана магистратура программасы аркылуу билимин жогорулатуучуларга багытталган.

Талапкерлер үчүн төмөндөгүдөй курстар уюштурулат:

Ыйык Иштван атындагы университети, броматология факультети – азык-түлүктөрдүн сапатын жана коопсуздугун камсыздоо;

Ыйык Иштван атындагы университети, багбанчылык факультети – багбанчылыкты уюштуруу;

Капошвара университети, айыл чарба жана экологиялык илим факультети – жаныбарлардын тоют азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Стипендиялык программа төмөнкү чыгашаларды камтыйт:

  • окууга жана билдирмени каттоого кеткен чыгашаны;
  • негизги окуу китептерин жана окуу колдонмолорун;
  • жатакана акысын;
  • суткалык чыгымдарын;
  • медициналык камсыздоону.

Программада студенттердин үй-бүлө мүчөлөрүн колдоо каралган эмес.

Тандоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта БУУнун Билим берүү боюнча федералдык агенттиги талапкерлердин документтерин карап, Венгриянын Айыл-чарба министрлигине жөнөтөт. Министрлик өз кезегинде аларды талапкерлер тандаган университеттерге багыттайт. Толук тапшырылган документтер гана каралат.

Экинчи этапта талапкерлер англис тилинде жазуу же оозеки экзаменден өтөт.

Программага катышып жаткан университеттер кошумча тандоо уюштуруп, ийгиликтүү катышуучуларга жыйынтыктарын маалымдайт. Талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө чечимди университеттер гана кабыл алат.

Талапкерлер төмөнкү документтер топтомун даярдап, [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Кеңири маалымат бул шилтеме — http://www.fao.org/europe/news/detail-news/ru/c/1257521/

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер