«МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО” 15-ФЕВРАЛДА КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫ ШААРЫНДА ИШКЕ КИРЕТ

  • 11.02.2020
  • 0

2020-2021-окуу жылында мектепке балдарды «Электрондук каттоо» системасы аркылуу кабыл алуу Кыргызстандын алты шаарында жүргүзүлө баштайт. «Мектепке электрондук каттоо» системасынын аймагын кеңейтүү Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылууда.

«МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО” 15-ФЕВРАЛДА КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫ ШААРЫНДА ИШКЕ КИРЕТ

«Электрондук каттоо» системасы Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында 15-февралдан баштап ишке кирет. Балдарын 1-класска берүүнү көздөгөн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго жаңы кошулган беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат: 1-класска бара турган балдардын тизмеси, документтери жана башка маалыматтар такталууда.

17-январда Билим берүү жана илим министрлигинде ведомствонун жооптуу кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарада 2020-2021-окуу жылына балдарды 1-класска «Электрондук каттоо» аркылуу кабыл алуунун жаңы ыкмалары талкууланган.

Бул система балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ата-энелерге балдарын мектепке каттатууну жеңилдетет.

«Мектепке электрондук каттоо» пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 миң 126 окуучу 1-класска кабыл алынган болчу.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер