УЛУУ САЯКБАЙ – АК КАЛПАК КЫРГЫЗДЫН ЖАНА АДАМЗАТТЫН МАНАСЧЫСЫ

  • 10.02.2020
  • 0

УЛУУ САЯКБАЙ – АК КАЛПАК КЫРГЫЗДЫН ЖАНА АДАМЗАТТЫН МАНАСЧЫСЫ

Ар түркүн касиеттердин жана керемет жөндөмдүүлүктөрдүн бир адамдагы ажайып айкалышы

С.Каралаев ырды кара жамгырдай төгүп, кумдай куюлтуп ырдаган ченде жок төкмөлүк касиетти, обондотуп, үн кубултуп ырдаган орошон музыкалык  жөндөмдү, адамды айран калтырган актёрдук талантты, тилдик күчтүү туюмду, көркөм сөзгө, образдуу ойлоого болгон кудуреттүүлүктү, ааламда жок ажайып эс тутумду, даанышман акыл-эсти, жомокчулук керемет өнөрдү, элдик рухка сугарылган күчтүү мекенчилдик сезимди өзүндө айкалыштырып алып жүргөн, бу жарык дүйнөдө сейрек кездешкен, төгөрөгү шай келген кайталангыс феноменалдуу инсан. Саякбай манасчы табияттын, теңирдин кыргызга, адамзатка тартуулаган белеги.  Ал “Манастын” жарым миллиондон ашык саптарын алмадай башына сактаган. Мухтар Ауэзов “Мындай шумдук адам дүйнөдө жок гой” деп таңгалса, Байдылда Сарногоев “Кээде мен таңгаламын өзүнчө, бул адам адамбы, башкабы? Канткенде сыйды экен башына, “Манастын” миллион саптары” деп бекеринен айран калып ырдаган эмес. Ичине ааламды батырган улуу “Манас” эпопеясы дал ушул Саякбайдай титанга муктаж болгон жана ушундай титан аркылуу гана улуу эпос өзүнүн көрк келбетин көйкөлтүп, адам балдарына, ааламга ача алмак эле. Саякбай – ыр пайгамбары.

Чынында эле, “Манас” Саякбайды көтөрүп көкөлөтсө, алп Саякбай  “Манасты” бүтүндөй дүйнөнүн алдында көкөлөтүп, көркүн ачып берди.

Келдибек  манасчынын керемети

Акындардын булбулу Арстанбек XIX кылымда атактуу алп манасчы Келдибектин эл алдында  манасты «Кара тору түспөлү, кыпкызыл болуп чыңалып, арча отундай чок болуп, түндүк бою түйүлүп, кереге бою керилип, коргошундай былкылдап, он эки мүчө шалкылдап, бүт денеси балкылдап, он манчасы калтылдап» аткаргандыгын өз көзү менен көргөндүгүн ыр менен эскерип калтырган. Келдибек мына ушундай актёрлук керемет чеберчилик менен манас айтканда, Арстанбектин күбөлөгөнү боюнча тыштан  «ат дүбүртү угулуп, шамал жүрүп, чагылган учуп чартылдап, кереге-уук карчылдап, үзүктөрү желпилдеп, түндүк жабуу салпылдап» өзүнчө бир жомоктогудай атмосфера түзүлүп, чындыктын  иллюзиясы жаралып, отурган элдин оозу ачылып, эпостун окуяларына кандайча аралашып, каармандар менен  кандайча жуурулушуп кетишкендигин сезбей да калышкан.

Саякбайдын  актёрлук феномени

Саякбай манасчылык өнөрдүн ушундай бийик салтын улантып, өркүндөтүп отурган. С. Каралаев «Манасты» капчыгайдагы таштан ташка урунуп, чамынып агып жаткан тоо суусундай күрпүлдөп, шаркыратмадай шаркырап агып, бирде бороондой боздоп, шамалдай ышкырып, бирде түзгө түшүп аккан суудай жайлап, кайрадан буркан-шаркан түшүп, бүткүл денеси солкулдап, кан-тамырларында «кыян» жүрүп, сыйкырчы немедей каармандардын дал өзүнө айланып, алардын көзү менен ыйлап, жүрөгү менен күлүп, кайрадан бүркөлүп, каарданып Үргөнчтүн суусундай өркөчтөнүп, ташкындап, көбүрүп-жабырып аткаргандыгы жалпы калайыкка белгилүү. Бир чоң жыйында Саякбайдын ушинтип Манас айтканын көрүп, орус академиги Козин толкундануу менен мындай деген: «Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын уккамын. Бирок Каралаев сыяктуу укмуштуудай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп катуу таасирлендик» (Саякбай Каралаев. – Китепте: Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. – Бишкек, “Плюс” басмасы, 1996. – 281-бет). Тил билбеген адамдын «Манасты» түшүнүп жаткан себеби, Саякбайдын айтуусунда эпостун мазмуну анын сөзүндө гана эмес, манасчынын обонунда, интонациясында, эмоциясында, көз жашында, миң кубулган үнүндө, миң өзгөрүлгөн өңүндө, кылдат кыймылында, мимикасында, пластикасында жашап атат. “Эки колу өзүнчө эле 50-60 өнөрпоз катышкан оркестр сыяктуу” (Каныбек Иманалиев). Ошон үчүн түшүнүктүү болуп отурат. Саякбай бир эле учурда жанагындай ырды кара жамгырдай төккөн акын да, орошон обончу да, миң кырлуу актер дагы. Ал таасир кылуучу каражат-куралдардын бүтүндөй комплексине ээ. Манасчы кыргыз чөлкөмүндө мына ушул көркөм комплекс аркылуу аудиторияга бир учурда, бир ирмемде күчтүү таасир көрсөтүп, калайык-калкты өзүнө магнит сыяктуу тартып, сыйкырчыдай арбап алып жатат.

Эл ичинен чыккан таланты ташкындаган манасчылар улуу  эпостун улуу идеяларын, адеп-ахлак таалимин кургак санат-насыят түрүндө эмес, жанагындай сыйкырдуу аткаруучулук искусствосу менен көпчүлүктү толкундатып, ойлонтуп-толгонтуп,  кубантып, кайгыртып, өкүңдүрүп, күйүндүрүп-сүйүндүрүп отуруп, алардын кан-жанына, аң-сезимине астыртан сиңирип койгон. Манасчылар – булар эпос  менен элдин ортосундагы көпүрө, «жүлүнгө жетээр кеп айтып, жүрөгүн өрттөп бек айтып», улуу жомоктун нарктарын улуттун кан-тамырына өткөрүүчүлөр. Жомокчулардын жогорудагыдай керемет өнөрү аркылуу Манас жан-дүйнөгө уюп, мындан улам эл ичинде «карылардан калган сөз, каттай жаттап алган сөз, эрендерден калган сөз, энчи кылып алган сөз, как жүрөккө конгон сөз, кайнап ичке  толгон сөз» деген кеп айтылып калган. «Манасты» сактаган, өркүндөткөн жана муундан-мунга өткөрүп, бири биринин эстафетасын уланткан Ырамандын ырчы уулу (алгачкы байыркы манасчы), Токтогул, Нооруз (орто кылымдар), Келдибек, Балык, Музооке, Чоңду, Акылбек, Нармантай, Назар, Тыныбек, Найманбай, Кенжекара, Дыйканбай, Багыш, Чоюке, Тоголок Молдо, Шапак, Сагымбай, Саякбай, Жаңыбай, Жакшылык Сарык уулу, Молдобасан, Мамбет Чокмор уулу, Дункана, Ыбырайым Абдыракман уулу, Акмат Рысменде уулу, Жусуп Мамай, Жусубакун, Семетейчи Сейдене, Шаабай Азиз уулу, Каба Атабек уулу, Уркаш Мамбеталы уулу (19-20-кылым) сыяктуу улуу, залкар, таланттуу манасчылардын, жомокчулардын, аткаруучулардын ысымдарын бүгүн урмат жана сыймык менен атайбыз.

Көчмөн цивилизациянын жаратмандык улуу күчү

Тарыхый-социалдык  планда ой толгосок, феодалисттик,  буржуазиялык–капиталисттик өнүгүүнүн тепкичине бут койгон журттарда элдин күч-кубат жөндөмү, таланты илим-билимге, техникага, тарамдалып–тармакталып кеткен татаал өңдүрүшкө, профессионалдык адабият менен искусствого жумшалып, бөлүнүп, чачырап ошол жактарга тарап кетсе, көчмөндүк цивилизацияда жашаган кыргыздарда калктын бүткүл күчү, кудурет-мүмкүнчүлүгү, элдин бүткүл энергиясы сөзгө, тилге чыккан, поэтикалык оозеки чыгармачылыкка  оогон, М.И. Богданова айткандай, эпоско мобилизацияланган. Мындай жагдай дүйнөдө теңдешсиз эпикалык дастандардын жаралышына жана «ак элечек» Ала-Тообуздун ырдын, ажайып төкмөлөрдүн жана алп манасчылардын мекенине айланышына алып келген десек жаңылышпаспыс. Демек, кара нөшөрдөй «жааган»  төкмөлүк – манасчылык өнөр көчмөн цивилизациянын  улуу туундусу, сөз падыша болуп, тилден чаң чыгып турган замандагы элдин чыгармачылык энергиясынын таланттуу адам аркылуу концентрацияланып көрүнүшү деп айтуу жөндүү болор деген ойдобуз. Ал эми төкмөлүктүн – манасчылыктын бүгүнкү күндө «агрардуу» кыргызстанда уланып жатыш фактысын элибиздин өзүнүн кечөөкү менталитетинен жана турмуш укладынан караманча кол үзүп кетпегендиги менен, ошондой эле, аталган өнөрдүн калктын тарыхый–маданий «генетикасында» терең  тамыры бар экендиги менен түшүндүрүү оң болоор.

Кыргыз тилине тургузулган  улуу монументалдык эстелик

Ушул жерден улуу эпосубуздун, анын ичинде Саякбайдын вариантынын тилдик булак катары да зор мааниси бар экендигин белгилеп өтөлү. «Манасты» эл тарабынан кыргыз тилине тургузулган улуу монументалдык эстелик десек жаңылышпайбыз.  Эпосубуз – эне тилибиздин алтын казынасы,  кыргыз тилинин кору, дандын кызылындай сан жеткис сөз байлыгы, лексикалык, фразеологиялык каймагы, түгөнгүс асыл-берметтери ушул жерде. «Манас» — жаш муундарыбыздын, жарандарыбыздын тил мектеби жана ошондой эле, дүйнөнүн түркологдору үчүн табылгыс, кайталангыс изилдөө аймагы.

Саякбайдын вариантынын көркөмдүк кооздугу

Саякбайдын «Манасы» өзүнүн көркөм-дүүлүгү, образдуу туюнта  билүү өнөрү  жагынан, “Манастын” бир нечелеген варианттарынын эң бийик өрнөктөрүнүн бири. Саякбайдын “сакадай бою сары алтын”, кыска жана нуска, чыныгы зергердин өнөрүнөн бүткөн көркөм буюмдун элесиндей сөз сүрөттөрүн көргөндө, “Манастын”  көркөмдүк – образдык кудуретине дагы бир жолу таң калбай коё албайбыз. Мисалы, кырктын башы Кыргыл чалдын Манастын  Көзкамандар тарабынан уулангандыгын капыстан угуп, кайгы-күйүттөн, өкүнүчтөн ичи өрттөнүп, кырк чорого кыйкырып турган учурун көрүңүз: “Айкырыгы таш жарып, бакырыгы баш жарып, мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулкуп ыргытып”. Бул саптар каармандын жан-дүйнөсүндө жүрүп жаткан “буркан-шарканды”  анын сырткы кыймыл-аракетин сүрөттөө аркылуу ташка тамга баскандай кандай таасын жеткирип жатат. Кыргылчал ошол ирмемдеги бүткүл психологиясы менен көз алдыбызга келип отурат. Же болбосо, Манастын кылычынын сүрөттөлүшүн көрүп көрөлү: “Түн ичинде сууруса, өрт өңдөнүп кызарган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен”. Караңыз, «Шиберге койсо өрт кеткен»… Манастын кылычынын курчтугун угуучуга жеткизиш үчүн манасчы эмне деген кереметтүү образдык туюнтманы тапкан. Бул эмне деген чеберчилик, не деген сөз зергерчилиги. Мындай чеберчиликтин эң бийик чокусуна чыккан кыргыз манасчысы менен дүйнөлүк Шекспирлер жана  Пушкиндер  атаандашып көрүшсүнчү дээр элек. “Биз дүйнөлүк поэзия менен жакшы таанышпыз. Бирок анын бири да манасчы жараткан поэзия менен тең келбейт го” (Миртемир). “Манас” эпопеясынын көркөмдүк-кооздугуна байланыштуу “Манас” изилдөөчү маркум Райкул Сарыпбековдун төмөнкү оюн алдыга тартып өтөлү: “Манас” эпосунун башка варианттарындай эле Саякбайдын варианты чылк ырдан туруп, ыр куруунун түрдүү техникасы колдонулгандыктан формасы өтө бай. Анда кыргыз ыр түзүлүшүндөгү уйкаштыктын бардык түрлөрү (кайчы уйкаш, эгиз уйкаш, аттама уйкаш, аксак уйкаш, туташ уйкаш) учурайт. Ырдын техникалык жактан кооздугун, көркөмдүгүн түрмөктүн аягындагы уйкаштыктар менен катар сап башындагы жыш кездешкен уйкаштык  аллитерация да арттырып турат. Уйкашты чебер колдонуу “Жырык кара уй берип, Жыртык кара үй берип”, — деген сыяктуу укмуштуу уйкаштыктардын пайда болушуна алып келген. Уйкаштыруунун өтө татаал формалары строфанын башындагы уйкаштык (аллитерация) менен строфанын аягындагы уйкаштык бир учурда колдонулушу гана эмес, строфанын ичинде уйкашпай калган бир да сөздүн жоктугу суктандырбай койбойт” (“Манас” энциклопедиясы, 2-том, 190-б.).

Кыскасы, сөздөн токулган ажайып бейнелер, сөз «саймалары», керемет сүрөттөр, сыпаттамалар, көз жоосун алган көркөм шөкөттөөлөр, куюлушкан ыр  курулмалары, ошондой оозду ачырган образдуу туюнтмалар Саякбайдын вариантын башынан аягына чейин ширеп калган.  Ч.Айтматовдун төмөнкү сөзү акыйкат: «Манас» эпосу сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүлөрүнө жатарын айтпай коё албайм».

Классикалык манасчылардын акыркы могиканы жана Мухтар Ауэзовдун акылман көрөгөчтүгү

Атактуу даанышман Мухтар Ауэзов “Сакеңдей манасчы мындан ары дүйнөгө келмейди” деп айткан экен. Муну кандай түшүнсөк болот? Дегеле, кеңири жана терең караганда, Саякбай Каралаев көчмөн цивилизациянын өкүлү. Ал 20-кылымда жашаса да, тамыры көчмөн дүйнөдө. Саякбай улуу көчмөн Манасчы. Ал өзүнүн жан дүйнөсү, психологиясы жагынан ошол өзү даңазалаган Манаска, Бакайга, Кошойго, Акбалтага, Чыйырдыга түспөлдөш. Өзү да кудум эпикалык баатырдай эле. Ушундай болгону үчүн Манас айтканда, ал кырк чоро менен кадимкидей аралашып, Манастын аккуласы, тайторусу менен кошо чуркап, ак шумкары менен кошо учуп, бүткүл жан-жүрөгү, бүткүл дене-бою солкулдап, алка-шалка түшүп, ченемсиз эргүү менен айтып жатат. Мына эми Саякбайды төрөгөн, “Манас” эпосун жаратып жарыка чыгарган көчмөн-жоокердик доор тарыхый сахнадан кетип отурат. Эми Саякбайдын өзүндөй болгон көчмөн манасчы чынында эле мындан ары болбос. Саякбай Каралаев тарыхый сахнадан кетип отурган, эпикалык поэзияга кыртыш болуп берген бүтүндөй тарыхый доордун өкүлү эле да. Демек, Саякбай классикалык манасчылардын акыркы могикандарынын бири болгон. Көрсө, Мухтар Ауэзов өзүнүн жогорудагы “Сакеңдей манасчы мындан ары дүйнөгө келмейди” деген сөзүн дал ушундай социологиялык-философиялык, тарыхый бийиктиктен туруп айткан экен да. Чынында эле, Саякбай атабыз тарыхта кайра кайталангыс улуу феномен.

Улут маданиятындагы Саякбайдын тарыхый ролу же манасчынын түбөлүктүүлүгү

Чынгыз Айтматов Саякбай Каралаевдин ушул улуу мурасты сактоодогу тарыхый ролун төмөндөгүчө белгилеген:

«Демек элибиздин өлбөс-өчпөс төл чыгармасын баштан-аяк талыбай айткан, ошол тарыхый энчибизди, кемибес мүлкүбүздү бир да кылым жоготпой, бир сөзүн унутпай, бир да боёгун өчүрбөй, маданий казынабызга чыныгы художниктерче жанын, канын берип, аны байытып, көбөйтүп, залкар талантын Манас үчүн бүтүндөй жумшап келген адамыбыз — бирден-бир акылман, бирден-бир кайраткер, бирден-бир генеалдуу адам. Жыйырманчы кылымда ошол адам – биздин арабызда жүргөн Саякбай Каралаев эле». (Айтматов Ч. Биз дүйнөңү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. -Фрунзе, 1988, 65-бет). Айтматовдун бул сөзүн көсөмдүк, көрөгөчтүк менен акыйкат таамай айтылган деп баалабай  кое албайбыз. Ч.Айтматов С. Каралаевдин улуттук масштабдагы сүрөткер экендигин, дүйнөдө жападан жалгыздыгын, кайталангыз ажайыптыгын көрсөтүп, Манасчы каза болгондо, бул окуяны улуттук жоготуу деп атап, жер үстүндө кыргыз барда, “Манас” барда, улуу манасчынын өлбөс – өчпөстүгүн, анын  ысымынын түбүлүктүүлүгүн жар салган.

Акырында айтарыбыз, илгери Ысык-Көлдө айтылуу даанышман Сарт Акеге: «ой, бу жалганда эмне өлөт, эмне өлбөйт, эмнеге айла бар, эмнеге айла жок?» деп суроо коюшкан экен. Анда Сарт Аке: “өлбөй турган эмне? Кагазга түшкөн кат өлбөйт, жакшынын сөзү менен аты өлбөйт” — деп жооп берген экен. Мунун сыңарындай Саякбай атабыздын “Манасы” аппак кагазга түшүрүлүп, басма бетине мөөр болуп басылып калды.  Демек, “Манас” өлбөйт, Саякбайдын аты өчпөйт. Улуу манасчыбыздын ысымы, руху, мурасы түбөлүктүү.

                                                                                                                                             Советбек Байгазиев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер