КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАР МЕНЕН КЫЗДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 10.02.2020
  • 0

10-февралда Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган жолугушуу болуп өттү.

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАР МЕНЕН КЫЗДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнү илим чөйрөсүндөгү аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздикти актуалдаштыруу жана бул маселеге максаттуу көңүл буруу үчүн 2016-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилген.

Иш-чара өздөрүнүн жаш курагына карабастан илимге болгон мүмкүнчүлүктүн теңдиги үчүн келечекке болгон үмүттү жандырган, илимге өз салымын кошо алган аялдар менен кыздардын башын бириктирди. Техникалык иштелмелердин жана долбоордун көргөзмөсү, «Илимдеги аялдар менен кыздар» аталышындагы китеп көргөзмө болду.

Саламдашуу иретинде КР экс-президенти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Отунбаева Роза, вице-премьер-министр Өмүрбекова Алтынай , Кыргызпатенттин төрайымы Молдошева Динара сөз сүйлөштү. Алар аялдар менен кыздар илимий жана технологиялык коомдо маанилүү орунду ээлей тургандыгын, алардын катышуусу илим жана гендердик теңчиликти камсыздоодогу турмуштук негизги мааниге ээ экендигин белгилешти.

Роза Исаковна илимдеги аялдардын зарылчылыгына көңүл бөлүп, алсыз, бирок күчтүү духка ээ болгон аял затын колдоого алуу керектигин эскертти. Вице-премьер-министр Алтынай Сейитбековна иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, кийинки жылдан тарта илимдеги аялдар үчүн атайын сыйлык бекитүүгө аракеттер жүрүп жатканын айтты.

Иш-чаранын аягында коноктор үчүн жаш таланттар тарабынан музыкалык номерлер аткарылды.

Гулбара Кудайбердиева, Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер