КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

  • 10.02.2020
  • 0

Кыргызстандын билим берүү системасы олуттуу өзгөрүүлөргө учурады; билим берүүнүн ыкмалары жана түрлөрү өзгөрдү, ушундай өзгөчөлүгү жана бөтөнчөлүгү менен ал бүгүнкү күндө Борбор Азияда чет элдик студенттердин ири импортеруна айланды.

Республиканын билим берүү мекемелеринин арасында Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда иштеп жаткан, Бишкекте административдик кеңсеси бар  Борбордук Азия университети – эл аралык окуу комплекси өзгөчөлөнүп  турат. Окуу комплексинин мандаты БУУнун системасында каттоодон өткөн.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

«Ага Хан өнүктүрүү уюмуна (АКДН) экономикалык, коомдук жана маданий өнүгүү жаатында иштеген мекемелер кирет. Биздин философиянын маңызы мында: эгерде сен адамдардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртууну кааласаң, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө жана экономикалык өнүгүүгө бардык күч-аракетти жумшоо жетиштүү эмес. Ооба, биз, экономикалык жана коомдук чөйрөнүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтүшүбүз зарыл; бирок маданият да бул жерде маанилүү ролду ойнойт. Маданият коомду ажырагыс кылып бириктирип турат. АКДН Азия менен Африканын 38 өлкөсүндө 80 000 адам иштеген дүйнөдөгү ири өнүктүрүү агенттигинин бири болуп саналат. Борбордук Азия университети — уникалдуу билим берүү мекемеси. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын өкмөттөрү менен университеттин канцлери Улуу Даражалуу Ага Хан тарабынан негизделген», — дейт БАУнун Камкорчулар башкармалыгынын төрагасы доктор Шамс Кассим-Лакха.

Заманбап билим берүүчү-илимий комплекс бир жагынан эл аралык эксперттик борбор, ошол эле учурда Борбор Азиянын тоолуу аймактарынын визиттик карточкасы болууга чакырылган интеллектуалдык студенттик шаарча болуп эсептелет.

«Биз билим берүүчү комплекстин өзгөчөлүгүнө кызыгып, республиканын тоолуу аймактарынын бири болгон – Нарын облусунда окуу процесси кантип уюшулганын майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп чыгууну чечтик. Окуу жайдын жайгашкан жери да туш келди тандалган эмес; анткени Ага Хан фондунун миссиясына ылайык: Борбордук Азия университетинин бардык корпустары алыскы тоолуу аймактардын жашоочуларына жашаган үйлөрүн таштабастан, дүйнөлүк деңгээлдеги билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн, бийик тоолуу аймактарда жайгашат.

Ошентип, бүгүнкү күндө университеттин окуу корпустары Нарын (Кыргызстан), Хорог (Тажикстан), ошондой эле 2022-жылы кампустун ачылышы күтүлүп жаткан Текели (Казакстан) шаарларында бар», -деп белгилейт Шамш Кассим-Лакха.

«Биз бийик тоолуу аймактарда жашаган элдер, жалгыз эле Борбор Азияда эмес, дүйнөнүн бардык жеринде коомдук бөлүнүүгө дуушар болушарын билебиз. Шаар тургундарынан айырмаланып, алар сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жеткиликтүү эмес. Так ушундай социалдык жактан чектелген жамааттарга өз экономикалык абалын жана жашоонун сапатын жакшыртууга жардам берүү үчүн Борбордук Азия университети социалдык-эконмикалык маселелерге бөтөнчө маани берет», — дейт ал.

Билим алууга жеткиликтүүлүк

Толук каржылык колдоо аркылуу гранттык негизде билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу университеттин башкы өзгөчөлүгү болуп саналат. Борбордук Азия университетине тапшырууда эң башкы критерий академиялык жетишкендик болуп эсептелет.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

«Бала чагымда өлкөмдү таштабастан эле эл аралык университетке тапшыра аларым менин оюма түк келген эмес. Ал менин туулуп өскөн Нарын  шаарымда курулат деп да кыялданган эмесмин. Ал эми азыр болсо, тескеринче, бизге мыкты окутуучулар алыстан келип окутуп жатышат. Мен БАУда билим алганыма чексиз кубанычтамын, азыр өз келечегиме бекем ишенем. Үстүбүздөгү жылы мен Улуу Британиянын Кэмбридж университетинде болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Мен биз алып жаткан билим эл аралык деңгээлден кем калышпаганын, ал эми билим алуу шарттарыбыз аларга караганда мыктыраак экенин айта алам»,- дейт 3-курстун студенти Бурулсун Таалайбекова.

Бүгүнкү күндө окуу комплексинде Борбор Азиянын, Пакистан, Афганистан, Россия, Иран, Сирия, Кениянын жана АКШнын жарандары билим алууда.

Университет студенттеринин эл аралык идеяларга жана жаңы билимдерге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн, кайсы академиялык даражаны алууга багытталганына карабастан, бардык программалар англис тилинде жүргүзүлөт.

Билим берүү процессинин натыйжалуулугу үчүн ар бир студентке күнүнө 24 саат бою Интернетке жеткиликтүү болгон ноутбук берилет. Ал студентке эс алуу учурунда жана сабактардан кийин программаны окуп-үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.  Студенттер эл аралык электрондук журналдарга, маалымат базаларына жана башка маалымат булактарына, буга кошумча беш тилдеги окуу жана көркөм чыгармалардын бай китепканасына кирип, каалаган маалыматтарды алышат.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Окутуучулар курамы

Кесипкөй окутуучулар курамы окуу комплексинин башкы артыкчылыгы болуп эсептелет. Жетишилген эл аралык келишимдерге ылайык студенттерге Кэмбридж, Принстон жана башка университеттердин илимий кызматкерлери билим беришет. Билим берүү мекемесине туруктуу негизде дүйнө жүзүнүн туш тарабынан мыкты окутуучулар келип турушат, ири изилдөө иштери жүргүзүлүүдө, ал эми мындагы бардык окуу программалары эл аралык билим берүү стандарттарына таянып иштелип чыккан.

«Башынан эле университет өз алдына – дүйнөлүк билим берүү мекемелери менен кызматташуу аркылуу сапаттуу билим берүү жогорку планкасын коюп алган. Ушул бийик параметрге ылайык окутуучулар курамы тандалат, окутуу программалары тандалып алынат жана үзгүлтүксүз билим берүү процессине инновациялар жана жаңылануулар киргизилип турат»,- деп белгилейт студенттерди тартуу бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Туратбек кызы.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Ар бир окутуучунун илимий ишти жүргүзүшү жана билим берүү тармагында жетиштүү стажга ээ болушу университеттин купуя эрежелеринен болуп саналат.

Университеттеги бардык усулдук колдонмолор адистешкен программалардын алкагында БАУнун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан даярдалган.

Инфраструктура

 

Билим берүү процессине түздөн-түз таасир этүүчү эң маанилүү артыкчылык – окуу чөйрөсүн уюштуруу. Университеттин ар бир корпусу акыркы үлгүдөгү техника менен жабдылган, аудиторияларда, лабораторияларда жана китепканаларда заманбап профилдик куралдар коюлган.

Студенттер модулдук типтеги жайлуу жатаканаларда жашашат. Мындай жатаканалар бөлмөдө билим алуу мейкиндигин кынтыксыз уюштурууну, жалпы зонадан жеке мейкиндикти айырмалоону үйрөтсө, ал эми атайын жабдылган бөлмөлөр ден соолугу жагынан чектелген адамдарга да тоскоолсуз билим алууга мүмкүндүк берет.

Кампустардын долбоорлору белгилүү япон архитектору, эл аралык сыйлыктардын лауреаты Арата Исодзаки тарабынан иштелип чыккан.

Университет жалгыз эле студенттер үчүн эмес, жалпы Нарын облусунун жашоочуларына жагымдуу шарттарды түздү. Үч чакырым Нарын-Баевтов айланма жолун салып, күнү-түнү агуучу суу менен камсыздап, Төш-Булак айылына чейинки жолду бүтүрдү.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

«Нарында университеттин курулушу менен биздин шаар жашара түштү, анын сулуулугу артты, бизге көп туристтер келе баштады. Эми биздин жаштар абройлуу билимди өздөрү туулуп өскөн шаарда ала алышат. Шаардагы көчө жарыгы, дарактар, бейтапканалар да университеттен улам пайда болду. Мен кампустун курулушу үчүн биздин шаар, биздин облус тандалып алынганына абдан кубанычтамын. Мындай долбоорлор дагы көп болот деген үмүттөмүн», — деп ыраазы болуу менен белгилейт Нарын шаарынын тургуну Эльмира Бошкоева.

Өнөктөштүк

Университеттин эл аралык статусу эл аралык кыдырып үйрөнүү программаларын, стажировкаларды уюштурууга, чет элдик абройлуу жогорку окуу жайлар менен тажрыйба бөлүшүүгө, окутуучулар менен алмашууга мүмкүндүк берет.

Университеттин окуу программасы Канаданын Торонто (компьютердик илимдер), Британиялык Колумбия (Жер жана айлана-чөйрө жөнүндөгү илим) университеттери, Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө университеттинин Эконимика жогорку мектеби, Москва жана Стокгольм экономика мектептери, Латвия (экономика) жана Австралиянын Сидней технологиялык университети (коммуникациялар жана ММК) менен тыгыз өнөктөштүктө түзүлгөн.

Университетте бакалавриат программасынын студенттери үчүн Канаданын Виктория университети менен өнөктөштүктө түзүлгөн стажировкалардын милдеттүү программасы иштейт.

Бул инновациялык ыкма студенттерге өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү жумуш чөйрөсү менен таанышууга, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүгө жана аны республикада колдонууга мүмкүндүк берет.

Ушул максатта университет беш жылдык билим берүү программасынын алкагында студенттерди үч жыл катары менен (жайкы эс алуу мезгилинде) Борбор Азия өлкөлөрүнө, алардын тандоосуна төп келген уюмдарга жумушка жиберет, ошондой эле студенттерге Улуу Британия, АКШ, Германия, Чехиядан стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Коопсуздук жана саламаттыкты сактоо

Студенттердин, окутуучулардын жана Нарын шаарынын жашоочуларынын  ден соолугун коргоо максатында университетте атайын саламаттыкты сактоо программасы иштейт.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР: БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА АНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

2016-жылдын май айында Ага Хандын саламаттыкты сактоо кызматы Нарын шаарынын тургундары, студенттери, университеттин окутучулары жана кызматкерлери үчүн медициналык жактан кызмат көрсөткөн дарт аныктоочу — дарылоочу борборду ачты.

Бул борбор заманбап дарт аныктоочу жабдыктар менен жабдылган, анын дурус комплектацияланган дарыканасы бар жана мында лабораториялык кызматтын бир канча түрү сунушталат.

Университетте окуучу жаштар менен окутуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күнү-түнү видеобайкоо жүргүзүлөт, кароолчу пунктту уюштурулган.

Долбоорлор

Университеттин ичиндеги гана эмес, бүтүндөй республикадагы билим берүү процессин жакшыртуу Борбордук Азия университетинин башкы өзгөчөлүгү болуп саналат.

Ошентип, окуу комплекси үч мамлекетте атайын билим берүү долбоорлорун такай ишке ашырып келет. Акыркы ийгиликтүү программалардын бири – Билим берүүнү өнүктүрүү программасы.

Бул программа орто мектептердин мугалимдери менен жетекчилигинин кесиптик квалификацияларын жогорулатууга көмөктөшөт. Бул чаралар акыр аягында окуучуларга өздөрүнүн академиялык жетишүүсүн көтөрүүгө мүмкүндүк берип, алардын аймактык, улуттук жана эл аралык мыкты университтерге тапшыруусуна жол ачат.

Кыргызстандын ичинде бул долбоорго республиканын бардык аймактарынан 22 мектеп катышууда.

Ошентип, бүгүнкү күндө Борбордук Азия университети республиканын жогорку окуу жайы гана эмес, окутууда жаңы ыкмаларды, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен билим берүүдө жаңы эксперттик системаны сунуштаган өлкөнүн ири илимий борбору болуп эсептелет.

Университеттин 2020-жылга карата пландарында  жаңы илимий иликтөөлөрдү бүтүрүү, өлкөнүн тоолуу аймактарын өнүктүрүү үчүн жаңы билим берүү программаларын сунуштоо жана ишке ашыруу, интеллектуалдык чөйрөнү куруу жана кыргызстандыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу сыяктуу бийик максаттар бар.

Даярдаган: А.Алибеков

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер