“АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУН МЕГАКОМ КАРЖЫЛАЙТ

  • 10.02.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Альфа Телеком” ЖАК (MegaCom мекемеси)  он мектепти “Акылдуу мектеп – келечек мектеби” долбоорунун алкагында ишке киргизмек болушту. “Альфа Телеком” ЖАКтын (MegaCom мекемесинин) башкы  директору  Акылбек Жамангулов менен билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

“АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУН  МЕГАКОМ КАРЖЫЛАЙТ

  • Санариптештирүү жылынын алкагында MegaCom мамлекеттик мекемеси өзүнүн колдоосун көрсөтүү максатында Билим берүү жана илим министрлигине “Санарип мектеп” долбоорун иштетели деп кайрылганбыз. Жакынкы арада ишке киргизип баштайбыз. MegaCom мамлекеттик мекеме  катары акча салуу менен эле чектелбестен, кичинекей наристелер үчүн алардын билим алуу сапатын жакшыртуу, жүрүм-турумунда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүү максатында чоң долбоорду баштап отурабыз. Министр мырза ушул долбоорду колдогонго көмөк көрсөтүп жатат. Бул мектептин алгачкы натыйжаларын коомчулук жакынкы арада билишет. Азыркы учурда он мектепти министрлик аныктап жатат. Жалпы сумма эсептелине элек, ал ар бир мектепке жараша болот. Ар кайсы региондон тандалат. Биз “Санарип мектеп”  деп атабыз, министрлик “Акылдуу мектеп же келечектин мектеби” деп жатышат. Бирок кеп анын аталышында эмес, мазмунунда, — деди А.Жамангулов.
  • “АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУН  МЕГАКОМ КАРЖЫЛАЙТ

Бул долбоор беш багыттан турат. Ириде окуучу мектепке чип, карта же  жүздү таануу системасы  аркылуу кирет. Ата-энеге баласы мектепке келгени, келбегени тууралуу маалымат берилип турат. Экинчи компонент – электрондук журнал жана күндөлүк. Ата-эне онлайн режиминде сабактардын жүгүртмөсүн, үйгө берилген тапшырмаларын, бааларын көрүп турат. Мындан сырткары “Электрондук китепкана” системасы иштейт. Бул багытта ким, качан, кайсы китепти алганы, канча китеп жоголгону даана көрүнүп турат. Ошондой эле электрондук ашкананы да киргизүү пландалып жатат.  Окуучулар карточка, чип  аркылуу тамактана алышат. Ата-энелери болсо баласы түшкү тамакка эмне алып жегенин, канча сомго алганы көрүнүп турат. Ашканада күнүгө кандай тамактар жасалып жатканы тууралуу да аштизме (меню) менен таанышып турат. Бешинчи багыт – аралыктан окутуу: видеоконференция жана вебинар түрүндө аймактардагы окуучуларга борбордогу мектептердин мугалимдери сабак өтө алышат. Бул региондордогу мектептерге ылайыктуу экени айтылды, эгерде мугалимдер жетишпесе. Ар бир сабак “булутта” сакталып турат, аны ким кааласа ачып көрүп турууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле ата-эненин өздүк кабинети ачылат, анда жогоруда аталган багыттар боюнча бардык маалыматтар камтылат.  Мындан тышкары, антенна коюлат, анда окуучу мектептен кайсы жол менен чыгып кеткени көрүнүп турат. Ошондо бала сабактан кача албай калат.

“АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУН  МЕГАКОМ КАРЖЫЛАЙТ

Катталуу үчүн телефон номери, электрондук почта жана окуучунун сүрөтү керек.

“АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУН  МЕГАКОМ КАРЖЫЛАЙТ

Министрлик он мектептин тизмесин аныктап чыккандан кийин бул долбоор эки-үч айдын тегерегинде ишке кириши пландалууда.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер