МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

  • 05.02.2020
  • 0

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтырууга өтүү үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтериян кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды.

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

Жаңы система — эмгек акынын кол менен эсептөөнү токтотот, бул процессти жеңилдетет, эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу жумшалышын камсыздайт, финансылык тартипти бузуунун көлөмүн кескин төмөндөшүнө шарт түзөт, негизсиз маяна алып жүргөндөр учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окутууга келген кызматкерлерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана эсепчилердин кызматкерлер менен болгон мамилесин жакшыртууга чакырды.

Эсепчилердин мугалимдерге жасаган мамилеси боюнча нааразычылыктар бар. Биз азыр министрликтен кызматкерлеринен баштап, жарандар менен мамилени жакшыртуунун аракетиндебиз. Министрликтин педагогдордун коомдогу беделин көтөрүүгө багытталган демилгесин сиздер да улап, сылык-сыпаа кызмат көрсөтүүнү жакшыртууңуздарды талап кылабыз”, -деди министр.

Семинардын биринчи күнүнө Ысык-Көл жана Баткен облус жана шаарларынын 55 эсепчи келди. Алар билим берүү уюмдарынын  кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтыруучу програманы эки күн өздөштүрүшөт.

 

Окутуу-семинары 15-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өтөт. 10 күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Cеминардын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтыруу “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында аткарылып жатат.

2019-жылдын Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата районунун, Түп районунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өткөн.

 Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер