УЯ… ЧЫМЧЫК УЯ

  • 03.02.2020
  • 0

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

Сүрөттө: Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, Бийик Рыскуловдун усталыгы да бар. Окуучулары менен биргеликте Кыргызстандын рельефтүү картасын жасайт. Буйрутма бергиси келгендер бул телефондорго чалышса болот: 0551228070″.

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

Мына ошондон соң, Бийиктин ар бир фейсбук баракчасына жазган кайрылууларын, сабак өтүү усулдарын окуй баштадым. Мугалимдик кесибине абдан берилгендигин, таланттуулугун, үйрөнсөм, үйрөтсөм деген аракетчилдигин, дайыма изденгичтигин бааладым. Мага таалим берген мугалимдеримди эстедим. Кыргыз тил жана адабият мугалимибиз Орозали агай көпчүлүк учурда “таза абада сабак өтөлү, жүргүлө, балдарым, мээңер да эс алсын” деп ачык асман алдында, көк чөптүн үстүнө аяр отургузуп, түрдүү кызыктуу оюндар менен сабактарды өтүп жүргөнүн, математика мугалимибиз Майрам эженин плашка түрүндө сабак өтүп, математикалык казына оюнун ойнотуп, окуучуларды сабакка тарткан учурларын эстедим…

Бийиктин баскан жолу биринчи мугалим Дүйшөндүн тагдырына окшобогону менен, өз эмгегин сүйүүсү, ага берилип иштөөсү, кажыбас кайраттуулугу, талбас эмгеги, өжөрлүгү, мугалим күн сайын изденүүсү керек деген ураан менен жашагандыгы абдан жакты. Бийик Рыскулов Бишкек шаарындагы № 55 жалпы орто билим берүү мектебинде, Бишкектеги Тоо-кен көп профилдүү колледжинде география сабагынан мугалим. Бул келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш мугалим окуучулары менен биргеликте “Жашыл шаар” экологиялык уюмун негиздеп, экологиялык долбоорлорду жүзөгө ашырууда. Ал Бишкек шаарындагы таштанды көйгөйлөрүн иликтөө жана чечүү багытында “Эколифт” илимий-практикалык иштерин окуучулары менен жүргүзүүдө…

Буйруса, Бийик тууралуу бийик сөздөр дагы да айтылат… Бийик “Мугалим гүл бакчасынын багбаны сыяктуу. Дайыма тегерегине билим уругун себет” бул улуу сапарыңда жолуң дайыма ачык болсун!..

 

Мээрим Сайдилканова.

 

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

Мугалимдин баркын кантип көтөрөбүз?

Редакциядан: Бийиктин баскан-турганы идея, изденүү, чыгармачыл дем экен. Мына ошондой демилгелеринин бири – “ОКУУЧУЛАР ЖАКШЫ ОКУМАК, ЭГЕРДЕ…” дилбаяндар конкурсу. Ага 0551228070 вотсап номуруна каттоодон өткөн окуучулар катыша алат. 5-7 жана 8-11-класстардын окуучулары билим берүү сапатын жакшыртуу, сабактардын таасирдүүлүгүн, балдардын кызыгуусун күчөтүү жолдору боюнча кызыктуу сунуштарды жазып жатышат дейт. Мектептерде башталган биринчи тур 13-февралга чейин улантылат. Жеңүүчүлөр жана катышуучулар дипломдор, ыраазычылык барактары жана башка белектер менен сыйланышат (тил курстарынан окушу үчүн сертификат да ыйгарылышы мъмкън, бул сунуш азыр каралып жатат).

Өз кесибине жан дили менен берилген, бала окутууну, мыкты таалим берүүнү өмүрүнүн башкы максаты деп билген жаш мугалимдер бар экенине кубанабыз. Алар ар бир райондо табылат. Бирок 7000 сомдук айлык менен кантип жашайт, үй-бүлө багат?.. Эмгек акы маселеси мамлекеттик деӊгээлде чечилгенге чейин, балким, чыгармачыл мугалимдерге коомчулук, колунда бар адамдар, ишкерлер жардам берер? Мисалы, бүгүнкү каарманыбыздын башка демилгелерине да каржылык көмөк көрсөткүдөй демөөрчүлөр чыгабы?..

 

БИЛЕГИ ЭМЕС, БИЛИМИ КҮЧТҮҮЛӨР КЕРЕК

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

 

«Бизге азыр билеги күчтүү спортчу жаштар эмес, билими күчтүү кесипкөй жаштар керек экенин коомчулук аңдап, түшүнсө», — дейт жаш мугалим Бийик РЫСКУЛОВ.

Сыналгыдан бир жаш агай өз айылында окуучуларын спорттун грэпплинг түрү боюнча машыктырып жатканын көрүп, бир чети кубандым. Бирок анын кээ бир окуучулары интернеттен Хабиб, Тони сыяктуу спортчулардын мушташууларын издеп көрүп, алардай болсом деп кыялданганы мени кейитти. Мен бул жаш кесиптешим менен сыймыктанам. «Азаматсыз, баракелде!» — деп, чыгармачылыгына, өзгөчүлүгүнө жигитче баа берем. Бирок азыр бизге билеги күчтүү эмес, билими күчтүү жаштар көбүрөөк керек экенин коомчулук аңдап, түшүнсө дейт элем.

Эмне үчүн окуучулар арасында оозго алгыс ыплас сөздөр менен сөгүнүү көнүмүш адат болууда? Анткени алар ютубдан Конор, Фергюсон, Рузибоев ж.б. спортчулардын оозго алгыс ыплас сөздөр менен кайым айтышууларын көрүп, алардан үлгү алып жатпайбы.

УЯ... ЧЫМЧЫК УЯ

Эмне үчүн мектептеги кыздар арасында акыркы учурларда массалык мушташуулар күчөп жатат? Менимче, буга Валентина Шевченко, Барчынай, Ронда Роузи ж.б. спортчу айымдардын ашыкча макталып-даӊазаланып жатышы себеп болууда.

Эмне үчүн мектептерде рэкетчилик, зомбулук күчөп жатат? Күчтүүлөр алсыздарды кыйнап, кордоп жатат? Себеби Валентина, Хабиб, Конор, Тони, Дастан ж.б. эрежесиз эр уруш өкүлдөрү жаштардын кумири болуп жатат. Спортчуларды даярдайбыз дегендер келечектеги уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн тарбиялап албаса деп чоочуйм. (Бул сөзүм үчүн кечирим сурайм).

Мен спортко каршы эмесмин. Айрыкча спорттун агрессиясыз түрлөрү пайдалуу. Адамды эрктүү кылат. Бирок ошол эрк билим алууга жардам бербесе, эмне кереги бар? А эмне үчүн Иса Ахунбаев, Мирсаид Миррахимов, Сабырбек Жумабеков, Салижан Шарипов, Гапыр Мадаминов, география илиминин кандидаты Көчкүнбек Бакиров сыяктуу инсандар жаштардын пир туткан жылдыздары болбой жатат?

Ал эми Ысык-Көл облусубуздан окуучуларын грэпплинг боюнча машыктырып жаткан жаш кесиптешимден окуучуларына спорт менен кошо адам таануу сабактарын да көбүрөөк өтүүсүн суранат элем. Себеби рекет болуунун келечеги жок.

Биздин спортчулар ар бир мелдешке чыгып жатканда жана аны аяктаганда сөзсүз жаштарды билим алгыла деп үгүттөөнү салтка айлантышса, сонун болмок.

Учурда не бир сонун илимий ачылыштар болууда. Кээ бир окуучулар илимий изилдөө практикалык иштерин жүргүзүүдө. Китеп окуу боюнча байма-бай сынактар ай сайын жүргүзүлүүдө. Бирок көпчүлүк мектеп окуучулары Хабиб менен Конордун, Тонинин, Дастан менен Нурсултандын оозго алгыс ыплас, сөздөр менен кайым айтышууларын, өлөр-тирилерине карабай, бети-башын канжалаткан мушташтарын ынтызарлык менен күтүп калгандары зээнимди кейитет.

Спорттун да маданияты болот. Эң өкүнүчтүүсү, азыркы жаштар жогорку билимдүү деген диплом алганы менен, билим деӊгээли төмөн болуп жатканы ойлондурат. 15 мүнөт мушташып, айрым депутаттардын колунан белекке унаа алуу жакшыдыр, балким. Бирок 15 жыл билим алып, 7 миң сом айлыкка нааразы болбой, билимдүү окуучуларды тарбиялоо алда канча жакшы.

Эмне үчүн еврейлердин балдары чоӊ муштум спортчулар эмес, бирок күчтүү жана абройлуу дарыгерлер экенин ойлонуп көрбөйбүз? Эмне үчүн Жапонияда кен-байлыктар дээрлик жокко эсе болсо да, алар дүркүрөп, өсүп өнүгүүдө? Себеби өлкөнү эч кандай алтын, көмүр, күмүш өнүктүрө албайт. Өлкөнү адам, анын ачылган таланты гана өнүктүрөт.

Өлкөнү кандай адам өнүктүрөт? Албетте, билимдүү гана адам өнүктүрөт. Кубанычбек Жумабай уулу негиздеген Ак илбирстерди коргоо боюнча эколагердин ишине катышып, элет жерлериндеги мектеп окуучуларына ак илбирстердин изи менен жапайы жаратылыш коюнунда экобилим берип, окутуп жүргөндө, шаар менен элет жериндеги билим деӊгээли асман менен жердей экенин өз көзүм менен көрүп кейидим. Ошон үчүн өлкөбүздө байма-бай митинг, пикет болуп, алдыны көздөй жылыш болбой жатат.

Республикабыздын өнүкпөй жатуусунун дагы бир олуттуу себеби билимдүү жана күчтүү адистердин басымдуу бөлүгү борборго чогулуп алганында экен. Ар кайсы сынактардын жеңүүчүлөрү болгон чыгармачыл мугалимдердин басымдуу бөлүгү чоӊураак маянага кызыгып, катардагы мектептерден гимназия жана жеке менчик мектептерге которулуп кетип калуусу да өлкөбүздүн билим берүү сапатынын төмөндөп кетүүсүнө себеп болуп жаткандай туюлат.

Башка мектептерге жакшы маяна үчүн кетип жаткан кээ бир кесиптештеримден чечим кабыл алаардан мурун жети өлчөп, бир кескиле деп суранат элем. Жеке кызыкчылыгы менен окуучуларынын кызыкчылыгын бир деңгээлде карап көргүлө. Эгер окуучулары мугалиминин башка мектепке кетишин каалабай жатышса, анда окуучулары үчүн катардагы эле мектепте калышса дейт элем. Себеби, окуучулар мугалимге мээрим төгүп, байланып калышкан болсо, бирок ал кетип, ордуна башка андан да билими күчтүү педагог келсе да, алар жаңы келген мугалимден мурунку мугалимдин сапаттарын издей беришет. Мына ушунун негизинде окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу төмөндөп, жабыгып калышы мүмкүн экенин эске ала жүрсөк.

Албетте, мендей болуп жумасына 30 саат менен иштеп, болгону 7400 сом айлык алса, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңерин түшүнөм. Мындайда бүдөмүк ойлорго жетеленебиз: Эмне үчүн депутаттар менен мугалимдердин маянасы асман менен жердей? Ички дүң продукциянын канча пайызы билим берүүгө бөлүнөт деп сиз ойлонуп көрдүңүз беле?

Ооба, окурман, эгер сизге кызык болсо, анда өнүгүп жаткан өлкөлөр ички дүң продукциясынын канча пайызын билим берүүгө бөлүшөрү менен биздеги көрсөткүчтү салыштырып көрүңүз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер