КР ЭЛ МУГАЛИМИ ИСАК БЕКБОЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

  • 31.01.2020
  • 0

“Сейтек” Улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борборунун жыйындар залында  Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги (Москва ш.), Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, илимий мектептин негиздѳѳчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор, ИСАК БЕКБОЕВИЧ БЕКБОЕВдин 90 жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү» аттуу темада Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага  Россиянын, Казахстандын, Кыргызстандын окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары, жалпы орто мектептердин мугалимдери,  аспиранттары, изденүүчүлөрү жана магистранттары  катышты.  

КР ЭЛ МУГАЛИМИ ИСАК БЕКБОЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

 

Конференцияда КР Президентинин кеңешчиси С.Раев  КР Президенти С.Жээнбековдун атынан куттуктап, сөз сүйлөдү.   -Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн мектептеринде колдонулуп келе жаткан окуу-нормативдик, окуу-методикалык жана илимий-педагогикалык эмгектер Сиз 60 жыл бою кызмат кылган Кыргыз педагогика илимий-изилдөө институтунда, андан кийин Кыргыз билим берүү институтунда, азыркы Кыргыз билим берүү академиясында иштелип чыккан жана иштелип келүүдө. Албетте, бул жерде сиздин баа жеткиз эмгегиңиз бар, -деди С.Раев куттуктоону окуп жатып.

КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков атактуу окумуштуунун өмүр баянына  кыскача кайрылып келип, И.Бекбоевдин илимдеги барк-баалуу эмгектерин санап өтүп, бийик баага арзырын айтып өттү.

-Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу И.Бекбоев жана анын шакирттери тарабынан кыргыз мектептеринин биринчи жана он биринчи класстары учун оргиналдуу математика окуу китептери түзүлгөн. Бул окуу китептер 2002-жылы КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон, -деди өз сөзүндө министр.

Андан соң И.Бекбоевдин турмушу жана ишмердиги тууралуу видеотасма  көрсөтүлдү. Окумуштуу өзү бул иш-чарага ден соолугуна байланыштуу катыша албагандыктан, үйүнөн видео кайрылуу жасап, катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Пленардык отурумда КБАнын президенти А.Токтомаметов, окумуштуу С.Байгазиев, Алай районундагы К.Султанов атындагы мектептин мугалими Т.Бегалиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен А.Алимбеков азыркы билим берүү системасынын проблемаларына арналган баяндамаларын жасашты.

Конференциянын негизги максаттары: билим берүү менен илимди ѳнүктүрүүнүн негизги факторлору болгон улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын маанисин жогорулатуу; заманбап билим берүү менен илимдин актуалдуу кѳйгѳйлѳрүн чечүүнүн жолдорун издѳѳдөн турат. Конференциянын милдеттери: билим берүү менен илимдин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн платформа түзүү, фундаменталдык жана прикладдык изилдѳѳлѳрдүн жаңы жыйынтыктары менен таанышуу, натыйжаларды талдоо жана аларды практикада колдонуу; конференциянын катышуучуларына кызматташуу үчүн биргелешкен илимий программаларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү; илимий маалыматтык мейкиндикти кеңейтүү, жаңы идеяларды жана изилдѳѳ долбоорлорун колдоо.

Конференциянын пленардык отуруму жана секциялардын иши төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлдү:

  1. Улуттук баалуулуктар менен инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү жана тарбиялоо боюнча алгылыктуу тажрыйбалар.
  2. Жалпы орто билим берүүнүн  мазмунун      компетенттик негизде оптималдаш-тыруунун теориялык жана методологиялык маселелери.
  3. Жаштарга илимий-техникалык билим берүү контекстинде математикалык жана табигый-илимий билим берүүнү модернизациялоо.
  4. Мектепке чейинки, мектептик билим берүүнүн уланмалуулугун камсыз кылуу.
  5. Ааламдашуу шартында кесипке багыттап, кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн актуалдуу проблемалары деп белгиленди.

Секциялык отурумдар А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейиде уланды.

Конференциянын материалдары «Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары» илимий журналынын атайын чыгарылышында жарыяланат (КББАнын сайты: www.kao.kg).

Конференция Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту биргелешип уюштурду.

Конференциянын аягында активдүү катышкандарга сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылып, атайын резолюция кабыл алынды.

Майрамбек Токторов.

“Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер