ЫСЫК-КӨЛ: БАЛА БАКЧА БАШЧЫЛАРЫ ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 30.01.2020
  • 0

Балыкчы шаарындагы бала бакча директорлору “Мектепке чейинки билим берүү уюмуна электрондук кезек” долбоорунун аймагын кеңейтүүнүн алкагында атайын окутуудан өтүп жатат.

Айдын аягына чейин мындай тренингдер Чолпон-Ата жана Каракол  шаарларындагы бала бакча директорлоруна да өтүлөт.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда баарына бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү жана коррупциялык схемаларды болтурбоо үчүн 2018-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Бул механизм ошондой эле тизмедеги балдарды кайталоону жокко чыгарып, тайпаларды түзүүгө жардам берет. Электрондук кезек – бала бакчага жыл бою жазылууну мүмкүндүк берет.

Бакчага элекрондук кезекке туруу үчүн ата-эне же расмий өкүлдөр http://balabakcha.edu.gov.kg сайтындагы билдирмени толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек. Алар баласынын кезегин бирдиктүү реестрдеги каттоо же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү номер аркылуу билим турса болот. Бала бакчада бош орун пайда болгондо, система аны бөлүштүрүп, ата-энелердин электрондук дарегине кезек келгендиги тууралуу билдирме жөнөтөт.

Маалымат үчүн: Программа башталгандан бери Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунун Ысык-ата районундагы ата-энелер тарабынан 115 500 электрондук арыз келип түшкөн. Анын ичинен 48 миң бала бакчага кабыл алынган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер