ВИДЕО-КӨЗӨМӨЛ – МУГАЛИМГЕ ЖАРДАМЧЫБЫ ЖЕ  ЖАЗАЛООЧУБУ?

  • 30.01.2020
  • 0

Бишкектин айрым мектептеринде класстарга видео-көзөмөл орнотулуп, мугалимдер менен окуучулардын ар бир кадамы мектеп жетекчилиги жана ата-энелер тарабынан көзөмөлгө алына баштады. Мындай демилгеге кээ бир мугалимдер укугубуз тебеленип жатат деп  каршы чыгып жатышса, айрымдары көп чыр-чатактардын алдын алат жана мугалимдин түйшүгүн жеңилдетет деп колдошууда. Ата-энелер жана коомчулук болсо түрдүү пикирде.

ВИДЕО-КӨЗӨМӨЛ – МУГАЛИМГЕ ЖАРДАМЧЫБЫ ЖЕ  ЖАЗАЛООЧУБУ?

Мектептерге видео камераларды жеке тарап, башкача айтканда, “Он-лайн садик” видео-көзөмөл тутуму акысыз коюп берүүдө. Балдарын көзөмөлгө алууну каалаган ата-энелер айына 195 сомдон төлөп, тутумга кошулуп алып, каалаган учурда чөнтөк телефону, компьютер, ноутбук, планшет аркылуу байкоо жүргүзүп турса болот. Тутумга кошулууну каалабаган ата-энелерди эч ким кыйнабайт жана “Он-лайн садик” видео-көзөмөл тутуму мамлекеттик болуп эсептелбейт.  Билим берүү жана илим министрлиги дагы  жеке тарап менен эч кандай макулдашууга кол коюлбагандыгын жана мындай көзөмөлдөр ата-энелер жана мугалимдердин макулдугу менен гана ишке ашырылып жатканын билдирди.

 

 

ВИДЕО-КӨЗӨМӨЛ – МУГАЛИМГЕ ЖАРДАМЧЫБЫ ЖЕ  ЖАЗАЛООЧУБУ?

МЕДАЛДЫН БИРИНЧИ ТАРАБЫ  

“Медалдын эки тарабы бар” дегендей, бул долбоордун пайдалуу жана пайдасыз, жакшы жана жаман жактары чыгууда. Мисалы, кээ бир мугалимдер видео-көзөмөл укугубузду тебелеп, ишке болгон жөндөмүбүздү төмөндөтүп, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат, “Банкадагы жөргөмүштөй” эле болуп калдык, ата-энелер болсо сабак учурунда телефон чалып алып, менин балам кол көтөрүп жатат, сурап коюңузчу, же балам кол көтөрүп жатса эмне үчүн сурабай койдуңуз деп алагды кылып жатышат, кээде түн ичинде телефон чалгандар да болот деп нааразы болушууда.

Бир жума мурун видео-көзөмөл ишке киргизилген Бишкектеги №24 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар мугалими Чолпон Жыргалбековна болсо терчил экенин айтып, мурун ар бир сабак бүткөн сайын кийимин класстан эле алмаштырып алып жүргөнүн, эми буга мүмкүнчүлүк  болбой, айла жок дааратканага барып которунуп жатканын айтат. Ал тургай классындагы кыздар дагы дене тарбия сабагына кенен-кесири  кийимин которо албай убара. Андан сырткары, каалаган ар бир адам тутумга кирип, каалаган видеону тартып алып, ютуб каналына жөнөтүп жиберүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп калгандыгы дагы кооптуу болуп жатканын айтат.

  • Элестетсеңиз, мен бир бурчка туруп алып чечинип-кийинип жатканымды бирөө тартып алып, мугалим ушинтип класста жылаңач жүрөт деп социалдык тармактарга салып жиберсе эмне болот? Видео болсо үнү менен экен. Бир класста элүүдөн ашык бала. Аларды тартипке келтирүү кыйын, кээде аргасыздан үнүңдү катуу чыгарганга туура келет, — дейт Чолпон Алдаярова.

Бул мектептин директору Анара Абдураимова видео-көзөмөл мугалимдердин макулдугу менен гана коюлгандыгын, алардын укугун тебелөөгө жол берилбегендигин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

  • Долбоорго кирердин алдында алгач ар бир мугалим менен сүйлөшүп, заманга ылайыкташалык, мамлекеттин санариптештирүү саясатына толук жооп берелик. Бул баары бир келечекте боло турган иш, дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн сыртта калбайлык деп айтып, түшүндүрүп жатып макулдугун алдык. Албетте, арасынан коркуп, тайсалдагандар да болду. Өзгөчө улуу муундагы мугалимдер. Чынында мугалимдерге камера карап турса иштегенге кыйын эле болот. Бирок арга жок, көнүүгө туура келет. Азыр айрым мугалимдерибиз камераны сезбей деле калдык дешсе, көнбөй жаткандары да бар. Алар менен жекече иштешип жатабыз, — дейт Анара Хабибовна. — Экинчи маселе ата-энелерде болуп жатат. Ансыз деле  ашыкча түйшүк менен иштеп жаткан мугалимдерге ата-энелердин түйшүгү дагы кошумча. Алардын арасынан көп нерсеге түшүнө бербеген, өзүн гана ойлогон, тартиби жоктор чыгып жатат. Ошондуктан Ата-энелер институтун жандандырып, окуучулар менен эмес, алардын ата-энелери менен көбүрөк иштешишибиз керек болууда. Эмнегедир көп чыр-чатактар жалаң ата-энелердин түшүнбөстүгүнөн, тарбиясынын, сабатынын начардыгынан келип чыгууда. Бирок табиятынан түшүнүктүү, көп нерсеге тереңден баа бере алган ата-энелер дагы бар.

Бул жетекчинин айтымында, ата-энелердин мугалимдин сабагына кийлигишүүгө укугу жок. Ар бир ата-эненин талабын аткарыш үчүн класста ашып кетсе 22-25 окуучу болушу керек. Себеби 45 мүнөттүк сабакта окуучулардын баардыгын сурап чыгууга эч мүмкүн эмес. Ар бир сабактын өзүнүн структурасы бар. Андан чыгууга мугалимдин акысы жок. Сабактын алгачкы эки мүнөтү уюштурууга кетсе, кийинки беш мүнөтү мурунку өткөн теманы кайталап, үй тапшырманы текшергенге кетет. 20 мүнөт жаңы тема өтсө, он мүнөт аны бышыктап, тактайт. 2-3 мүнөттү үй тапшырманы түшүндүрүүгө сарптайт. Ошону  менен 45 мүнөт бүтүп калат.

  • Элестетсеңиз, ошол 45 мүнөт мугалим үчүн кандай оор. Элүүдөн ашык баланы тынч отургузуштун өзү эле кандай? Ошондуктан мугалимдерге чарчасаңар отургула, эң негизгиси сабакты үзгүлтүккө учуратпай, классты кармап тургула деп жатам. Чынында камера карап турса, мугалимдер дагы жакшы иштейин деп умтулушат экен, — дейт жетекчи.

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын адиси Данияр Вазитович дагы бул видео-көзөмөлдүн артыкчылыктуу жактары көп экенин айтып, эң башкысы дүйнөлүк агымдан артта калбаш керектигин баса белгиледи.

  • Методикалык бирикмелер, мугалимдер сабактарын үзгүлтүккө учуруатпай эле ордунда отуруп алып он-лайн сабактарды көрүп, өз баасын берип, ал тургай тажрыйба алмашса болот. Бул албетте, мугалимдин ийгилиги жана билим сапатын жогорулатууга чоң салым кошот. Андан сырткары балдардын, мугалимдердин коопсуздугу үчүн дагы жакшы. Жакында эле №95 мектепте эмне болду? Ошондуктан мындан баш тартпай, тескерисинче, колдош керек деп ойлойм, — дейт Данияр Вазитович.

 

 

МЕДАЛДЫН ЭКИНЧИ ТАРАБЫ

Видео-көзөмөлдүн орнотулушу менен биринчиден, мугалимдер ата-энелер менен он-лайн жыйналыштарды, талкууларды өткөрүп, өздөрүнүн дагы, ата-энелердин дагы убактысын үнөмдөй алышат экен. Ата-энелерге электрондук дневник, журналдарды жөнөтүп, окуучулардын сабакка даярдыгын көзөмөлдөшөт. Экинчиден, замандан артта калбай, он-лайн семинар, ачык сабактарды өтүп, аралыктан окутууга чоң мүмкүнчүлүк алышат. Учурда 24-гимназиянын мугалимдери атайын окуудан өтүшүүдө. Үчүнчүдөн, түрдүү чыр-чатактарда кырдаалдан чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, төртүнчүдөн, балдардын дагы, мугалимдердин дагы коопсуздугу үчүн зарыл.

  • Мен башында камера койдурганга макул болбой жаткам. Бир күнү чоң иш-чара өтүп жатканда менин жана дагы бир мугалимдин сумкасынан чоң акча уурдаттык. Ким алганын таппай калдык. Ошондон кийин камерага макул болдум. Чын эле камера болгондо кимдин алганын таап алат элек деп өкүнүп калдык. Болбосо ансыз деле мектептин ичинде да, сыртында да камералар бар, ошолор эле жетиштүү болот деп жатканбыз , — дейт Чолпон Жыргалбековна.

Анара Хабибовна болсо камералар билим сапатын жогорулатууга жана мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражатты көзөмөлдөөгө дагы көмөктөшөт деп ишенет. Себеби мугалимдердин арасында чыныгы мыктылары, орто заарлары жана начарлары бар. Айрым учурларда  сабак өтпөй эле башка нерсе менен алек болгондор, телефон чукуп же  сүйлөшүп отуруп алгандар, же сыртка чыгып кеткендер болот.

  • Кээде жетекчилерге жок балдарды бар деп жазып, акчаны жеп жатасыңар деген дагы дооматтар коюлат. Бир четинен ошого дагы карадым. Эми кандай текшерүүчү келбесин дароо журнал менен видеону ачып, салыштырып көрүп алса болот, — дейт жетекчи.

 

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

Жогоруда айтылгандай, ата-энелер бул кызматтан баш тартып, колдонбой койсо болот. Мисалы, ушул эле мектептин 2-д классынын ата-энелери “балдарыбызга үйдөгү эле көзөмөлүбүз жетишет, класс жетекчибизге болсо толук кандуу ишенебиз, эгерде бир нерсе болуп кетсе, мектепке барып, видеону артка түрдүрүп көрүп, маселени жеринен чечип алабыз” деп баш тартышты.

 

 

  Чолпон Кийизбаева,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер