ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ БИШКЕКТЕГИ ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛДЫ ЖАКШЫРТУУ ПРОГРАММАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУНУ ТАПШЫРДЫ

  • 30.01.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ БИШКЕКТЕГИ ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛДЫ ЖАКШЫРТУУ ПРОГРАММАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУНУ ТАПШЫРДЫ

Кеңешменин жүрүшүндө экологиялык уюмдардын да өкүлдөрү катышышып, Бишкек шаарындагы экологиялык жагдайдын актуалдуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, борбор калаадагы экологиялык кырдаал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айланды.

Ошону менен бирге, анын айтымында, мамлекеттик органдардын, экологиялык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан борбордун экологиясына таасирин тийгизген көп факторлорду саналууда.

«Бул так жана ырасталган маалыматтын белгилүү бир жетишсиздигине алып келет. Биз үчүн ыкчам түрдө таасирдүү чараларды болушунча көрүү жана экологияны жакшыртуу максатында кырдаалдын начарлашынын себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо маанилүү. Биздин бардык күч-аракетибизди бириктирип, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет. Бул максаттарда биринчи вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн жана борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу, биз баарыбыз экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттарды табат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кыйла көйгөйлүү багыттар боюнча экологиялык жүктөмү азайтуу чараларынын конкреттүү топтому иштелип чыкканын өзгөчө белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерин киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштыруунун мастштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Премьер-министр экологиялык кырдаал боюнча маселе ар бирибизге тийиштүү, ошондуктан мамлекет тараптан да, экологиялык коомчулуктан дагы жана Бишкек шаарынын тургундарынан да өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи. 

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, жарандар арасында экологиялык билим менен маданияттын принциптерин пропагандалоо керек.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер