КОЧКОРДОГУ БАЛА БАКЧАЛАР ЭМЕРЕКТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

  • 28.01.2020
  • 0

Учурда Кочкор районунда 28 бала бакча иштеп,  анда  112 тарбиячы эмгектенип,  2177 бала тарбияланууда. Быйылкы жылдын биринчи жакшы жаңылыгы болуп 2020-жылдын 8-январында Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон айылында 60 орундуу  бала бакча ачылып,  толук кандуу иштеп жатат.

КОЧКОРДОГУ БАЛА БАКЧАЛАР ЭМЕРЕКТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Ак-Чий мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн  методисти Табылдиева Чынара  «Чөптүн тамыры жана адамзаттын коопсуздугу» аттуу Жапон элчилигинин программасы менен 11 бала бакчага  88790 миң долларга эң керектүү эмеректер менен жабдууларга долбоор жазып, ал ишке ашты.

КОЧКОРДОГУ БАЛА БАКЧАЛАР ЭМЕРЕКТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Бул долбоорду Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Өзүбековдун жана Кара-Суу, Кочкор, Семиз- Бел, Ак-Кыя, Талаа-Булак айыл өкмөттөрүнүн колдоосу менен ишке ашып, 11 бала бакча ашкана жана балдар үчүн эмеректер менен камсыздалды. Алсак доллар менен Кочкор айыл өкмөтүнөн  Асел бала бакчасы  —  18 $ ,  Э.Жунушалиева  атындагы бала бакча — 5199.3 $ , Наристе-И  — 8601.51 $,  Теңдик — Алтын балалык — 15276.18 $, Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн  “ М-Сакин апа -18801.18 $, Кара- Суу айыл өкмөтүнөн  Байчечекей  — Кара-Суу  — 6223.14 $ , С.Кадыкеева — 2133.33 $,  Ырыс — Шаар  —  8212.51 $,  М.Кубатбеков атындагы бала бакча — 2515 $, Талаа-Булак айыл өкмөтүнөн   Баластан – Нуру — 8730.51 $, Семиз-Бел айыл өкмөтүнөн   Куруучу бала бакчасы — 5326,89 $  долларлык эмерек жабдыктар менен камсыздалган, — дейт Д.Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер