МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО ДОЛБООРУНА ДАГЫ БЕШ ШААР КОШУЛАТ

  • 24.01.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу Кыргызстандын дагы беш шаарында жүргүзүлө баштай турганын маалымдайт. Алар: Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок.

Долбоорго кошулган шаарларда электрондук каттоо 15-февралдан башталат. Ал үчүн балдарын биринчи класска берүүнү көздөгөн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg/ порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго катышкан беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат: биринчи класска бара турган балдардын тизмеси, документтери жана башка маалыматтар такталууда.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынды.

Мектепке электрондук кезек системасынын аймагын кеңейтүү “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында ишке ашырылууда.

Г.А., “КБ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер