КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ЭЛ АРАЛЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 19.01.2020
  • 0

18-январда региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында таланттуу балдар жана ойлоп табуучу өспүрүмдөр чогулушуп, Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү өткөрүлдү.

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ЭЛ АРАЛЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Адамзаттын бүтүндөй тарыхында жаш муундардын, өзгөчө балдардын ойлоп табуучулугу дайыма көңүлдү өзүнө буруп келет. Кыргызпатентте эл аралык чөйрөдө ойлоп табуучулуктун талашсыз фактыларын эске алуу менен ойлоп табуучу балдардын Күнүн жыл сайын өткөрүү идеясы жаралды.

Иш-чаранын максаты – балдар техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү, колдоо көрсөтүү жана өбөлгө түзүү. Учурдагы турмуш агымы көптөгөн ата-энени түйшүктөн бошотпой, балдар менен бирге болуусун чектеп жатканы талашсыз. Албетте, ата-эненин көңүл буруусун эч нерсе алмаштыра албайт, бирок балдар көп нерсени оюнга аралашуу менен билери, таанып чыгары шексиз. Биздин максат – бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү жана окуучуларды техникалык-чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүү болуп саналат.

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ЭЛ АРАЛЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чаранын алкагында авиамоделдештирүү, электроника, баштапкы-техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класстар өтүлүп, робототехника, таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору, балдар техникалык чыгармачылык боюнча көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле бөбөктөр үчүн көптөгөн мелдеш, оюндар, кызыктуу китептердин көргөзмөсү жана чакан концерт өткөрүлдү.

Иш-чаранын аягында балдарга куурчак театрынын жомогу көрсөтүлүп, Кыргызпатенттин өнөктөштөрү тарабынан таттуулар белекке берилди.

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ЭЛ АРАЛЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүн белгилөөгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Түрк кызматташуу агенттигине (ТИКА), Эл аралык “Манас” аэропортуна, ойлоп табуучуларга жана патенттик ишенимдүү өкүлдөргө ыраазычылык билдиребиз.

 

Гульбара Кудайбердиева, Кыргызпатенттин пресс катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер