ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ: ДИНИЙ УЮМДАР ҮЧҮН ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ АДИСТЕР ДАЯРДАЛАТ

  • 25.12.2019
  • 0

Кыргызстанда эл аралык ислам академиясы ачылат. Мындай макулдашууга КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегациянын Бириккен Араб  Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Заед Бин Султан Аль-Нахаян кайрымдуулук гуманитардык фонду тарабынан кол коюлду. Академиянын эң негизги максаты магистратура жана докторантура программалары боюнча жогорку билим берүү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер, диний уюмдар үчүн кадрларды даярдоо, ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

 

СВЕТТИК ПРИНЦИП САКТАЛАТ

 

Кыргызстанда Ислам академиясын түзүү демилгесин ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинде атайын жумушчу топ түзүлгөн жана атайын план иштелип чыккан. Анын негизинде академиянын уставынын долбоору жана теология, динтаануу багыттары боюнча окуу планы даярдалган. Анда бюджеттик жана контракттык негизде билим берилет. Окуу жай үчүн Токмок шаарынан эки гектар жер бөлүнгөн.

Академиянын уюштуруучусу болуп КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы эсептелет.

Бирок учурда коомчулукта Кыргызстанда мындай академияны ачуунун зарылдыгы жок деп каршы чыгышууда.  Түрдүү пикирлерди  айтышып, келишимди жокко чыгарууну талап кылгандар дагы болду.

Окуу жайдын түзүүчүлөрү болсо академиянын ишмердүүлүгүнө эч кандай кооптонуу жок экендигин, ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга багытталбагандыгын айтышат.

«Академия исламдын эң башкы баалуулуктары — боорукердикке, сабырдуулукка, кайрымдуулукка жана мээримдүүлүккө окутат. Жакшы иштерди жасоого чакырат. Мисалы, Татарстанда (РФ) окуу программасында заманбап илим менен диндин негизинде бириктирилип түзүлгөн светтик Ислам академиясы бар. Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталган. Мунун баары тынчтыкты жана адамдар ортосундагы жакшы мамилелерди сактап калуу үчүн жасалып жатат. Албетте, буга бир канча уюмдар катышат, бирок негизги көзөмөл Билим берүү министрлигинде болот», — дейт Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов  Би-Би-Сиге берген маегинде Ислам академиясы негизинен теологдорду даярдоо боюнча иш алып барарын билдирди: «Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу Ислам академиясынын негизги багыты эмес. Бизде мамлекеттик башкаруу академиясы бар. Конституциядагы светтик принцип толук бойдон сакталат. Бул академиянын эң негизги максаты — жогорку деңгээлдеги дин кызматкерлерин даярдоо болуп саналат жана дин багытында магистратура, докторантура программалары боюнча иш алып барылат».

Окуу жайдын уставында дагы академияда саясий ишмердүүлүккө, диний үгүттөө иштерин жүргүзүүгө жана сабак өтүлүп жатканда адамгерчиликсиз иштер же өмүргө коркунуч туудурган, ден соолукка зыянын тийгизген ыкмаларды колдонууга тыюу салынат деп жазылат.

 

АКАДЕМИЯНЫН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ

Академиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
— жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүнү камсыздоо, адистерди даярдоо, теология, дин таануу жана чектеш илимдер жаатында академиялык дараметин жогорулатуу;

— илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк, теология, дин таануу жана башка илимдер жаатында эксперттик, талдоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле коомдо жана диний коомчулукта заманбап илимий билимдерди жайылтуу;
— социология, укук жана чектеш илимдер чөйрөсүндө, теология жана дин таануу жаатында тереңдетилген билим берүү менен диний ишмерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.

Академиянын ишмердүүлүгү үч структурада жүргүзүлөт. Биринчиси окуу-билим берүүчү деп аталып, анда магистратура жана докторантура программалары боюнча төрт – ислам укуктары, куран жана хадис, ислам тарыхы жана философиясы, ислам экономикасы кафедрада адистер даярдалат. Экинчи илимий-изилдөө структурасында теология жана дин таануу сыяктуу дагы башка багытта илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт. Диний аалымдардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунда болсо тренингдер жана кыска мөөнөттүү курстар өткөрүлүп турат.

Академияга 200 угуучу кабыл алынат. Анын 150 магистранттар менен докторанттар болсо, элүүгө жакыны даярдоо жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуучу курсунун угуучулары болот. 100 орунга туураланган жатаканасы дагы салынат. Болжолдуу проект боюнча академия үчүн эки кабаттуу үч корпустан турган имарат курулат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер