УНУТУЛГУС ТАГДЫРЛАР

  • 17.12.2019
  • 0

17-декабрда «Эсимде» долбоорунун жетекчиси, белгилүү изилдөөчү Элмира Ногойбаеванын демилгеси, жетекчилиги алдында чыккан «Чиеш тагдырлар» жана анын орус тилиндегиси «Судьбы» китептеринин бетачары өттү.

УНУТУЛГУС ТАГДЫРЛАР

Китепте репрессияга кабылган 12 адамдын тагдыры камтылган. Алардын балдары, неберелери ошол тагдырларды айтып беришкен. Мисалы, белгилүү манасчы, илимдин доктору Талантаалы Бакчиев өз таятасы Шертай Субановдун тагдыры тууралуу сөз кылды. Шертай Субанов Касым Тыныстановдун окуу китебин окутканы үчүн 12 жылга репрессияланган. Колыма ГУЛАГында болгон. Ал жактан тирүү келип, 1994-жылы гана акталган.

УНУТУЛГУС ТАГДЫРЛАР

Биринчи жолу президенттикке талапкер болуп аялдардын арасынан чыккан Гайша Ибрагимова Норильск ГУЛАГында туулган. Анын атасы Жусупбек Эсеналиев 18 жыл сүргүндө болуп, энеси Алия Хайдарова экөө ошол жакта табышып баш кошкон экен. Алия Улуу ата мекендик согушка баштан аяк катышып, жеңүүчү катары келгени үчүн репрессияга кабылган.

— Жаш муун саясый ураандар менен тарбияланбайт. Акылы, ою бар жаштар жеке адамдардын калтырган өрнөгүнөн гана тарбия ала алышат. Биз өткөндү эч качан унутпашыбыз керек, — деди Гайша Ибрагимова китептин бет ачарында.

УНУТУЛГУС ТАГДЫРЛАР

Совет доорунда абдан популярдуу болгон айрым топ аңыз кептердин чыныгы тарыхы тууралуу ГУЛАГда туулган мекендешибиз Алексей Андрионов айтып берди. Китептеги дагы бир кызык маалымат, айтылуу ырчы Анна Германдын Таласта жашагандыгы, мектепте окуганы жөнүндө изилдөөчү Исраил Кондубаев баяндады.

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев бардык архивдерди ачуу боюнча мыйзам долбоору жазылып депутаттардын кароосуна жиберилгенин айтты.

Китепке камтылган каармандар, ошол кездеги саясаттын азап-тозокту тартып, бирок аман калгандар, өз тагдырларын айтып беришкен. Элмира Ногойбаева тарых кандай гана болбосун ачыкка чыгыш керек, жаап-жашырылбай, унутулбай, айтылыш керек, ар бир адамдын тагдыры баалуу, маанилүү деп эсептейт.

Аскер Сакыбаева

Бөлүшүү

Комментарийлер