«СЕЙТЕКЧИЛЕР» БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

  • 17.12.2019
  • 0

Ленинград блокадниктеринин кыргыз коомуна быйыл 25 жыл толот. Блокада учурунда он жаштагы Анна Алексеевна Кутанова чоңдор менен бирге үй-үйлөрдү кыдырып, оорукчандарга тамак ташып, ар бир үйдүн жарыктарын өчүргөнгө жардам берген үчүн биринчилерден болуп “Ленинградды коргогон үчүн” деген медалга татыктуу болгон. А.А.Кутанова 22-апрель 1994-жылы Кыргызстанда Ленинград блокадниктеринин коомун түзгөн. Коомдун 25 жылдык урматына Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору чоң программадагы иш-чара өткөрдү.

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

872 күн фашисттер Ленинградды курчоого алганда ленинграддыктар каармандык менен күрөшүп, суукка, ачкачылыкка моюн бербей, жеңишке жетебиз деген үмүт менен жашап келишкен. Анна Кутановадай ошол кездеги өспүрүмдөр колунан келген жардамдарын беришкен.

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде уюштурулган иш-чарага келген катышуучуларды “Сейтек” борборунун “ШКИД республикасы” театрынын жаш артисттери Ленинград блокадасын чыгармачылык менен көрсөткөндө, залда отургандын баары көздөрүнө жаш алышты. Мындан сырткары Мариям Костригинанын “Анечка Иванованын эң бактылуу түнү” деген ырын Мазур Софья, “Барстын секириги” ырын Мазур Никита окушса, “Ак ниет” элдик хореографиялык ансамбли “Молитва” чыгармасын аткарышты, ошондой эле “Улыбка” элдик хореографиялык ансамбли “Каардуу жылдарга таазим” бийин бийлешип, “Кыргыз көчү” комузчулар ансамбли “Таң булбулун” аткарышты. Иш-чараны жыйынтыктоодо “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова Аялдар конгрессинин атынан А.А.Кутановага медаль тапшырып, жылуу куттуктоосун айтты.

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

"СЕЙТЕКЧИЛЕР" БЛОКАДНИКТЕРДИ КУТТУКТАШТЫ

— Учурда Кыргызстанда 19 блокадник эле калды. Бир кезде алардын саны сегиз эсе көп болчу. Жылда биз блокадниктерди чакырып, сый-урмат көрсөтүп келебиз, — дейт С.Челпакова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер