РЕСПУБЛИКАЛЫК КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 17.12.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду жана «Оку» басма үйү менен биргеликте уюштурулуп жаткан Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча сынак 15-декабрда өттү.  Байге фонду 300 000 сомду түзөт.

РЕСПУБЛИКАЛЫК КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Жазуучунун «Кылым карытар бир күн», «И дольше века длиться день», «Ак кеме» чыгармалары боюнча сынакка үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан 5-декабрына чейин катталуу жүрүп, «Канткенде адам уулу адам болот?!» деген ураан менен жазуучунун чыгармаларын окутуу аркылуу анын көөнөрбөс асыл идеяларын жалпы журтчулукка кеңири жайылтуу максатында «Оку» долбоорунун алкагында республикалык конкурс жарыяланган. Ага республиканын бардык аймактарынан жалпы 7500 000дөн ашуун жаран катталган. Бишкек шаарында «Ак Кеме» китеби боюнча Эл аралык инновациялык технологиялар университети менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде, «Кылым карытар бир күн» чыгармасы боюнча Эл аралык «Ала-Тоо» университети менен Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде, «И дольше века длиться день» китеби боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү. Ал эми аймактарда болсо облустардын борборлорунда өттү.

Сынак тест түрүндө жүргүзүлүп, мөөнөтү 1 саат 40 мүнөттү түздү. Жыйынтыгы өткөрүлгөн күндөн тартып, бир жуманын ичинде жарыяланып, www.oku.biz.kg сайтына жайгаштырылат. Сыйлыктар 21-декабрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторясында салтанаттуу тапшырылат.

Сынактын байгелери:

1) “Кылым карытар бир күн”

1-орун – 50 миң сом;
2-орун – 30 миң сом;
3-орун – 20 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

2) “И дольше века длится день”

1-орун – 50 миң сом;
2-орун – 30 миң сом;
3-орун – 20 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

 

3) “Ак кеме”

1-орун – 30 миң сом;
2-орун – 20 миң сом;
3-орун – 10 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

Бөлүшүү

Комментарийлер