“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК-МАМЛЕКЕТТИК ИДЕОЛОГИЯСЫ ЖАНА АГА ЖАРЫШ КОЛДОНУЛГАН АСЫЛ БААЛУУЛУКТАР

  • 15.12.2019
  • 0

“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫРГЫЗДЫН  УЛУТТУК-МАМЛЕКЕТТИК  ИДЕОЛОГИЯСЫ  ЖАНА  АГА  ЖАРЫШ  КОЛДОНУЛГАН  АСЫЛ  БААЛУУЛУКТАР

Бектур ИСАКОВ,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Манас ата сыйлыгынын, И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, педагогикалык 52 китептин автору, Талас району, Арал орто мектеби

Биринчи  сөз

“Манас”  эпосундагы  түпкү  мүдөө-максаттардан  өнүп  чыккан  кыргыздын  улуттук-мамлекеттик  идеологиясы  жөнүндө

2010-жылдын 6-7-апрелинде адегенде Таласта, анан өлкөнүн бардык аймагында, айрыкча Бишкек шаарында болуп өткөн элдик революцияда жүз миңдеген адамдардын кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн, ар бир жарандын өз жеринде кулга айландырылып калбашы үчүн тайманбай каармандык менен күрөшүп, көз ирмемде кез келүүчү ажалдын шексиздигин билип туруп, ага тике карап карашып, өз элине ок аткан жек көрүмчү, зулум, таш боор бийликтин белин бүктөп, ташын талкан кылып, күлүн көккө сапырып, кулатып, улуу жеңишке жетишкендиги кыргыз улутунун азаттыкты, адилеттүүлүктү сүйгөн күчүн, жалтанбас эрдигин бүткүл дүйнөгө жайылткан даңктуу жана тарыхый окуя болуп калды. Ал эми бул окуяга катышкандар кокустан чыга калган баш аламан сүрмө топ эмес, алар көз көрүнө шайлоолордо добуштарын уурдатып ыза болгондор, адамдык укугу кордолуп тебелегендер эле. Эң арзан өндүрүлгөн электр энергиясынын баасынын 21-22 эсе көтөрүлүшү, өлкө үчүн зор күч берип жаткан Түндүк электр, Чыгыш электр тармактарынын жана Телекомдун ит бекер арзан баада сатылып жиберилиши, Конституциянын каалагандай өзгөртүүгө кабылышы, кымбатчылык менен жумушсуздуктун өсүшү, мамлекетте калп айтып алдоонун чоң саясатка айландырылышы, жашоонун улам кооптуу боло башташы өңдүү кырдаалдар көпчүлүктүн башын бириктирди жана топтошуп бийликке каяша айтууга көтөрдү. Ал эми бийлик үчүн да 6-7-апрелдеги окуялар капыстан жаралбаган.

Биринчиден, бийлик акылсыз чечимдерди чыгаруу менен өзүнүн башкаруу аймагынан кетишин өзү тездеткен. Экинчиден, бийликтин кулап калышы ой-түшүнө да кирген эмес, коркутуу, үркүтүү, соттоо, жазалоо, атуу аркылуу эч кимди баш көтөртпөйбүз деп ойлошкон. Атайын даярдалган куралдуу күчтөргө ишенишкен, алар толкуган элди жазалоого, курал колдонууга чейин даяр болушкан. Натыйжада эки күч – эл менен бийлик тирешкен. Эл тарабынан жүз миңдеген киши калк таламын орундатуу үчүн катышты, бүгүнкү күндө алардын баарын баатыр деп атаса жарашат. Анткени бийлик мыкаачылык менен ок атып, эл 89 уулу окко учканда да, бир жарым миң киши ок жеп, кансырап жараланганда да майтарылган жок. Ошол Ала-Тоо аянтындагы жүз миңдеген кишинин ар бирине ок тийип, ошерде каны төгүлүп курман болушу, бала-чакасынын көз жашы төгүлүп, жоктоп калышы мүмкүн болучу. Алардын ар бири өзүнө – мээсине же жүрөгүнө капыстан ок кадалып каларын билип-сезип, туюп турса да, майданды таштап качпай, кайра бири-бирине караан болушу, улам «Качпагыла, кыргыздар!» деп Чубакча, Сыргакча айкырып, Ак үйдү каптап турушу чыныгы баатырдык эле.

Оболу, айрым жигиттер Ак үйдөгү аткычтардын тике маңдайына жакын барып, күрмөсүн, көйнөгүн чечип салып: «Мына, мени да атып сал!» деп төшүн окко тосуп, кыйкырып турганын теле аркылуу бүт кыргыз эли көрдү. Бул эмне деген кашкөй, жоого чапкан көзү жок эрдик! Ал жомокто, дастанда эмес, бүгүн­кү күндө көп катары жашап жаткан эле атуул. Бирок, өз жанын ойлогон жок, куралсыз элди атып жаткан бийликтин маңбаш, сатылма аткычтарын жогоркудай аракети менен шылдыңга алды. Албетте, бул жигиттин атын азырынча билбейбиз, бирок ал Эр Манастын тукуму экендиги анык. Ошондуктан 10-апрелдеги теле маекте айрым атуулдар «Манаска» жомок деп анчалык чоң маани беришпей жүргөндүгүн, бирок 7-апрелдеги окуядан кийин Манастын руху тирүү, ындыны өчүп бараткан өз тукумун ичтен ойготуп турган зор күч экендигин ачык-айкын белгилеп айтышты. Ал эми Чолпонбек деген жигитчи! Машина менен барып, Ак үйгө жол ачуу үчүн анын дарбазасын сүздүрүп, анан окко учту. Көзгө атар мергендердин көтөрүлүшчүлөрдү четинен чекеге, жүрөккө атып жаткандыгына карабай, зор адамгерчилик менен ок жеген жигиттерди көтөрүп, аянттан алып чыгып, «Тез жардамга» жеткирип жаткан жаштарды айтыңыз. Жалаң кара жанын гана ойлогон пенде жарадарды таштап, кара башын алып качмак. Бирок эч ким анткен жок, себеби булар канында эрдик сезими ойногон Манастын чыныгы кулундары болучу. Ошентип, ошол жаштар жалтанбас аракети менен кыргыз элинин да манасчыл, мекенчил, эрдик сезимин ойгото алышты. Биз биримдик, ынтымак дегенде, сокур, дүнүйөкор, өзүмчүл, таш боор, мансапкор күчтөрдүн айланасына эмес, мекенчил, манасчыл кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн кара башын токмок, каруусун казык кылган кыргыз атуулдарынын айланасына биригишибиз керек. Демек, 6-7-апрелдеги кыргыздын эр азамат жарандары аракеттери менен бүткүл элди ойгото алышты. Мындан ары да мындай эрдик сезимди өчүрбөй сактоо аракеттери мамлекет тарабынан тынымсыз көрүлүшү зарыл.

Экинчи бир чоң жыйынтык – 6-7-апрелде көрсөтүлгөн эрдиктин тамыры улуу Манас бабабызда, анын нечен кылымдар бою канга сиңген кыймылдаткыч күчүндө экендигин ошол элдик революцияга катышкандар да, ага талдап баа беришкендер да бир ооздон белгилешти – бул таанып-билүүдөгү жалпылык, анын улуттук аң-сезимге айланып кеткендигин моюнга алгандык болуп эсептелет.

Ошентип, төмөндөгүдөй корутунду чыгарууга болот, 6-7-апрелде болуп өткөн элдик революцияда эл бийликтин чыныгы ээси экендигин, түпкү мүдөөсүнө төп келбеген, жалаң гана жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген төбөлдөрдү каалаган учурда алмаштыра алуу­га эрки да, күчү да жете тургандыгын далилдей алды.

Ал эми төмөндө Айкөл Манас бабабызга байланыштуу улуттук түпкү мүдөө, идеология, ураан боюнча кыскача кеп кылмакпыз.

"Манас" эпосуна тартылган сүрөттөр

Кыргыз улуттук-мамлекеттик идеологиясынын кыскача мазмуну

Кыргыз улуттук-мамлекеттик идеологиясы кыргыз элинин, кыргызстандыктардын жана өлкөдө жашаган ар бир жарандын түпкү мүдөө-максаттарына туура келет. Ошондуктан аны бир адамдан тартып чоң ири жамааттарга чейин таанып билүүгө, үйрөнүүгө жана аны турмушка ашырууга милдеттүү. Кыргыз улуттук мамлекеттик идеологиясы төмөндөгүдөй чечмеленет.

  1. «Кыргыз» – бул орус, казак, өзбек, түркмөн жана башка калктардын идеологияларынан айырмалап турган белги. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган түпкү жана негизги калктын аталышы. Бул улут өлкөдө бириктирүүчү күчкө ээ, аталган идеологиянын жаратуучусу жана коргоочусу, ээси да болуп саналат.
  2. «Улуттук» – бул кыргыз элине таандык дегендик. Идеологияга, ириде, ушул түпкү улуттун кызыкчылыктары камтылган. Андай түпкү мүдөө-максаттар улуттук төл чыгармаларында өзөктүү идея катары сакталып, өнүктүрүлүп жана корголуп келген. Идеологиянын улуттук болгон себеби, аны жараткан, колдонуп келген, колдонуп жаткан жана мындан ары да колдоно бере турган элдин өзү – кыргыздар. Ушул элдин сырткы ар кандай таасирлерден улам акырындык менен башка калктарга сиңип жок болуп кетпөө, ал үчүн баатыр, каарман эл катары бар болуп жашоо, жеңип чыгуу жөнүндө түпкү мүдөө-максаттарын чагылдырат. Ушундай идеологияга таянган кыргыздар нечен тар жол, тайгак кечүүгө кептелип калганда, баскынчынын таманында тебеленип-тепселеп, жоодон чабылып-чачылып, жер ооду кылынганда да, кызыл кыргынга учурап, саны кескин азайып калган учурда да жок болбой, бар болуп жашап, керегесин кенен жайып, чамгарагын бийик көтөрүп, очогун өчүрбөй, тукумун улап жашап келген. Бул улут табигый түр катары, көп түрдүүлүктүн бири катары жашоого, гүлдөп өнүгүүгө акылуу эле. Кыргыз эли тили, салт-санаасы, тарыхы, өнөрү, турпаты менен өзүнчө эле өлбөс-өчпөс дөөлөт, табигый жаратмандык. Теңир тартуулаган туунду жана кайталангыс кубулуш. Ошону менен катар кыргыз эли тарыхый жактан мекендеш, тагдырлаш болуп калган башка улуттун өкүлдөрүнө да кол сунат, бооруна тартат. Бирок боорго теппейт, өз кызыкчылыгын алардан жогору көрбөйт. Ошол эле учурда башка элдин өкүлдөрү да түпкү улут менен мамыр-жумур, эриш-аркак жашап, сунулган колду кагуу­га, боордоштук сезимге таш боордук кылууга акысы жок.
  3. «Мамлекеттик» делмеги – өлкөдө жашаган бардык катмарды: ар улут өкүлдөрүн, бийлик ээлерин, баатырды да, тентекти да, жөнтөктү да, байды да, кедейди да, улууну да, кичүүнү да, партия өкүлдөрүн да кучагына алат. Кыргыз Республикасынын аймагын камтыйт. Баарына бирдей тең кызмат көрсөтөт. Мамлекет камкордук кылат жана жетекчиликке алат. Ошондуктан мамлекеттик идеология деп аталат.
  4. «Идеология» – бул кыргыз элинин түпкү мүдөө-максаттарын чагылдырып көрсөтүүчү түшүнүк. Түпкү – максаттар элге тиешелүү бардык жашоо-тиричилик жагдайларын, ошонун ичинде бардар, бакубат, жетиштүү жашоо, коргоно алуу, бардык кишилердин эркин жана коопсуз өмүр кечиришин камсыз кылуу, көп тармактуу өнөр жайды өнүктүрүү, улуттук салт-санааны, өнөрдү, жан дүйнөнү, нарк-насилди, оюн-зоокторду өркүндөтүүнү камтыйт. Ушунун баары элди эл кылып бириктирип турат, бир бүтүндүктү түзөт, ошону менен баарына таандык жалпылык болуп да эсептелет. Идеологиялык мүдөө-максаттар баарына тиешелүү деп айтканда, ал бир эле мезгилде бир өлкөдө жашап жаткан түпкү улут менен катар мекендеш болуп калган башка элдин өкүлдөрүн да кучагына алат. Демек, баарына кызмат кылып келген муундан-муунга өтүп келаткан туунду. Ошондуктан кыргыз улуттук – мамлекеттик идеологиясын коомдун бардык катмарларынын мүдөө-максаттарын, кызыкчылыктарын камтыган коомдук кубулуш деп эсептесек болот.

Кыргыз элинин түпкү мүдөө-максаттары, демек, идеологиясы үч бөлүктөн турат. Алар:

  1. 1. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын ар биринин бардар жана бакубат жашашын камсыз кылуу;
  2. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын ар биринин коопсуз жашашын камсыз кылуу;
  3. Кыргыз элинин дөөлөттүү (нарк-насилдүү, салт-санаалуу, өнөрлүү, оюн-зооктуу, таалим-тарбиялуу ж.б.) жашоосун камсыз кылуу. Бул үч салаа бирин-бири толуктайт. Өз ара биримдикте бакубат жашоо коопсуздукту жана дөөлөттүүлүктү, салт-санаалуу жашоону талап кылат. Ал эми салт-санаалуу, нарк-насилдүү жашоо үчүн коопсуздук керек, бардыгы корголушу жана сакталышы зарыл. Көз каранды, күнкор болбош үчүн башка өлкөлөр менен тең ата болуу үчүн, сөзсүз, бакубат жана бардар жашоо абадай зарыл. Ошол эле учурда улуттук идеологиянын үч салаасы бири-биринен айырмаланат жана ар биринин өзүнчө көтөргөн жүгү, милдети бар.

Ошондой эле улуттук – мамлекеттик идеология, жогоруда белгилегендей, жалпыга таандык болуу менен бирге ар бир жаранга да тиешелүү. Тактап белгилеп кетер нерсе – ага түрүнө карабастан бардык бийлик бутактары, массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, партиялык топтор, жеке эркин адам да багыныңкы абалда болот. Оболу, кыргыз элинин түпкү мүдөө-максаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзөгүндө да милдеттүү түрдө чагылдырылышы зарыл.

Ал эми кыргыз улуттук-мамлекеттик идеологиясынын колдонулушунда үч катмар бар:

Биринчиси – Манаска чейинки катмар.

Экинчиси – Манастын тушундагы катмар.

Үчүнчүсү – Манастан кийинки катмар.

Булардын ичинде Манаска чейинки катмар бүдөмүк. Ал кездеги кыргыз идеологиясын «Манас» эпосунун каармандары Акбалта жана Чыйырды аркылуу боолгоп билишке болот. Акбалта Манас төрөлө электе эле кыргыздардын бардар, бакубат жашашын камсыз кылыш үчүн жан үрөп аракет кылат. Ал жер чалып, аштык айдоочу, алтын чыгуучу жерлерди аныктап билет да, тентип барган элди топтоп, жер айдап, алтын казууга көндүрөт. Натыйжада эл байып, эң кедейинин эшик алдына да беш – алты тулпар байланат. Бул мисал элдин бакубат, бардар жашоону башынан кечирип жатканынан кабар берет. Албетте, мындай элди сактап калуучу аракетти Акбалтанын жекече акылмандыгы дешке болот. Ал ушул кеменгерлиги менен Бакай, Кошой сыяктуу акылмандар менен бир катарда турат. Бул улуу адамдын жекече акылмандыгын жокко чыгарбай туруп, анын көкүрөгүндө эл чачылганда аларды кантип сактап калуунун улуттук жол-жосуну жашаган деп эсептөөгө болот. Нечен жолу душмандын баскынчылыгынын тебелеп-тепселип, азап-тозогун тарткан эл тукум курут болуп калбоо үчүн, өзүн-өзү сактап калуу аракеттерин көрүүгө аргасыз болгон. Ал эми Акбалта андай иш-чаралардан – аман калуу, жан сактоо, элди коргоп калуу сыяктуу акыл кенчтеринен тышкары болгон деп эч ким айта албайт. Кантсе да, мындай улуу адамдар тар жол, тайгак кечүүдө элди сактап калуунун жол-жоболорун акыл-эсинде сактаган деп жы­йынтык чыгарабыз. Ал эми Чыйырды менен бирдикте Манаска таалим-тарбия берүү да – эл коргоочу азаматты жеринен калыптандыруу аракеттери кыргыз элинин мурдатан эле колдонулуп келген тарбиялык салттарынын кайталанышы катары эсептөө керек.

Демек, Манаска чейинки улуттук – идеологиянын издери бүдөмүктөнүп турса да, бар болгон жана колдонулуп келген, ал, жогоруда белгилегендей Акбалтанын мисалында байкалат. Ошентип, эл коргоо, кыргыз элинин бар болуп жашашын камсыз кылуу боюнча мүдөө-максаттар Айкөл Манастан мурда эле элдин турмушунда кездешкен. Алар сактанып калуунун жашоо үлгүсү катары эл акылмандарынын эс тутумуңда жашаган жана ошол жашоо үлгүсүнүн негизинде Манас баатырды калыптандырышкан. Демек, Манас төрөлгөнгө чейин эле эл арасында сакталып калуу боюнча күчтүү ой-мүдөөлөр тарыхый кырдаалдан улам жаралып турган. Ал эми экинчи катмар – Манастын мезгили жөнүндө төмөндө өзүнчө сөз болот.

Үчүнчү катмардын эң башкы жыйынтыгы – кыргыздар мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган кезде да, уруу  – уруу болуп чачырап кеткен учурда да, ата журтунан ажырап, жер ооду болууга сүрүлүп кеткенде да айрым кандаштары менен бөлөк элге сиңип кетип жатканда да, элдигин: тилин, салт-санаасын, үрп-адатын, көп түркүн өнөрүн, оюн-зоогун жоготпой сактап калышы, анан XXI кылымга күнкорсуз, эгемендүү мамлекет болуп күркүрөп кирип келиши кыргыздардын улуу жеңиши болуп саналат.

Эми Манастын тушундагы улуттук идеологиянын калыптанган катмарына келели.

Улуу «Манас» эпосунун өзөгүндө Айкөл Манас бабабыз турат. Мезгил да, тарых да, окуя да, кишилер да – баары ушул улуу адамдын айланасына топтолгон, алар байыркыга да, кечээ­гиге да, бүгүнкүгө да, эртеңкиге да, балким, миң жылдан ки­йинки муунга да дайыма кызмат кыларлык деңгээлде табигый түрдө бир бүтүндүккө жуурулуша бириккен. Ошондуктан кеп, ириде, ушул Манас атабыз жөнүндө болмокчу. Айкөлгө кандай баа берилсе да, «Асман жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй» болсо да, түш, аян аркылуу туюндурулса да, толгон-токой миф, улама, фольклордук боектор менен шөкөттөлүп турса да, ал жер бетиндеги эле көптүн арасында жашаган ата-энеси бар, төрөлүп түшкөн, үйлөнүп-жайланган, кубанган, сүйүнгөн, өкүнгөн, акыры башта бир өлүмдү да моюндаган, жеңип чыгууга, жеңилүүгө, кээде жаңылып калууга туш болгон, демек, жумуру баштуу, айры буттуу киши баласына таандык бардык касиетке эгедер кадимки эле жаран. Ошону менен бул атуулда атайы бөлүп көрсөтүүгө татыктуу адамдык мыкты белгилер да бар. Алардын ичинен башкаларга сабак, үлгү жана өрнөк боло турган үч сапатка токтолмокпуз. Алар: 1) билгирлик, 2) эрдик, 3) уюштуруучулук. Ушул үчөө Манас атанын өмүрүнүн чыныгы мазмуну. Алардын баасы – миңдеген жылдар бою кыргыздар үчүн нукура жашоо өрнөгү, өмүр сүрүүнүн асыл үлгүсү болуп саналып келгендиги. Анда да ушул үч сапаттын бир кишинин өмүрүндө бирге келиши ал жаранды айкөлдүк деңгээлге чейин көтөргөн. Эмесе, алардын ар бири жөнүндө кеп кылалы.

Биринчиси – билгирлик. Бул – биз кеп кылып жаткан атуулдун акылдын ээси, көрөгөч экендиги. Мындай сапатты эпос баланын кан шайланышынан тартып Айкөлдүн кайтыш болор алдындагы керээзине чейинки окуяларда кашкайта чагылтып көрсөтөт. Мисал келтирели. Улуу манасчы Сагымбайдын вариантында Нескара Жолойго окшоп Манаска өзү келип кол салат. Адегенде Жакыптын айылы экен деп маңгулдарды чаап, анын башчысы Жайсаңбайдын айылын талайт: он миң жылкыны тийип алып, көчтөн чыккан көрктүү, көмкөрө кундуз бөрктүү кыздардан 130ду, сулуу келинден эки жүздү тандап бөлүп алып, Нес­кара жолго түшөт. Манас анын жолун Алмалуу деген жерден бууп, чоң, салгылаш болуп, Нескара жеңилип, аны астындагы чабдар аты куткарып кетет. Ошондо Нескаранын 6300 жоокери түгөлү менен колго түшөт. Аларды эмне кылуу керек? Бул маселени 13 жашар Манас өз алдынча чечет. Алардын арасындагы 130 кыз, 200 келинди байлап алып келген, миңдеген жылкыларды талап алууну уюштурган 86 киши катуу жазаланат. Андан калган 6214 кишиге боштондук жарыялайт, эмне үчүн? Анткени Манас баатыр миңдеген жоокерлердин күнөөсү жок, Нескараны ээрчип, анын буйругун аткарып жүргөн топураган көпчүлүк экенин айра тааный билген. Жоокерчилик заманда андай колго түшкөндөрдү малай кылып жумшап, кул кылып сатып жиберген. Манас антүүнүн ордуна «Кааласаңар мага карагыла, болбосо бала-чака, үй-жайыңарга баргыла, көргөн-билгениңерди айта жүргүлө» деп жатпайбы. Бул сокур сезим эмес, терең түшүнүктүн аркасы. Аны ушинте сал деп эч ким айткан эмес. Бул – башкаларга, анын ичинде душмандарга да мээр аркылуу таасир этүү. Ошентип, Манас өзүндөгү мээр сезимин жоолашкандарга өткөрөт. Албетте, боштондук алгандардын кубанычы көктө экендиги, ошону менен катар барган жерлеринде Манастын айкөлдүгүн айта жүрөөрү айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Демек, Манас душмандарды тууганга айландыра билген кыргыз баатыры. Ошондуктан аны «Айкөл» дешкен. Азыркы кезде Евразиянын бир кыйла жерлеринде Манастын атындагы коруктардын, тоолордун, көлдөрдүн ыйык саналып, ага элдин сыйынышы буга мисал. Ал эми ушул эле Нескарага байланыштуу окуяда Манастын билгирлигинин натыйжасы маңгулдардын кыргызга эл болуп киришинен да көрүнөт. Бул Манаска болгон зор ишенич эле. Кара чечекей Чаганбай деген баласын Манаска жолдош кылып кошуп берип:

«Өлүп калсак кырылып,

Бир чуңкурга тололук.

Тирүү болсок жыйылып,

Бир дөбөдө бололук» деп маңгулдар шерт кылышат.

Шапак манасчынын вариантында Нескаранын жеңилген колун Манас «тарап кеткиле» деп уруксат кылса да, алар кетпей кыргызга эл болуп кошулат. Мындан Манастын тунук акылы кыргын салуучу куралдан да күчтүүлүк кылып, 6214 жоокердин жүрөгүнө жетип акыл-эсине бийлик кылганынан байкоого болот. Ушул окуяда Айкөлдүн билгирлигин чагылдырган экинчи кырдаал да бар. Нескаранын талоонунан ажыратылып алынган мүлктү маңгулдар «алгыла» деп Айдаркан, Дөгөн, Жакыптын алдына коюшат. Муну капыстан көрүп калган Манас:

«Маңгулдар сага не болду,

Акылың кайда жоголду?

Айырып алган жоодон деп,

Аксакалдар муну алса,

Анан кайдан оңолду.

Керектүү болсо бизден ал»,– дейт..

Муну уккан маңгулдар: «Ачсаң алаканыңда, жутсаң жумуруңдабыз. Эл кылыңыз бизди деп, Эндекей жүрүш болбойт деп» кыргызга кошулат.

Албетте, «Манас» эпосунда мындай окуялар көп. Баарына ток­толуп, бирден санап отуруу ашыктык кылар. Бирок жогорку бир эле мисалдан Манас атабыздын тунук акылман экендиги, көрөгөчтүгү, айкөлдүгү, анын өз алдынча чечим чыгарган ара­кеттеринен ачык-айкын көрүнүп турат. Демек, төмөнкүдөй тыя­нак чыгарууга болот, пенде Манасты айкөл кылып турган са­пат – анын билгирлиги, көсөмдүгү, акылынын тунуктугу. Аны кыргыздар эле эмес, бөтөн элдер да туура түшүнөт, ошондуктан коопсуз тынч жашоосун, келечек тагдырын Манас менен бирге карашат. Мына ушундай кырдаалдан улам Манас атанын ысымы коюлган жерлер Индиядан тартып планетанын көп аймагында тунук көлдөргө, бийик тоолорго, бейиштей кооз токойлорго коюлуп, ал чөлкөмдөр эл сыйынуучу ыйык жайларга айландырылган жана ушул күндөргө да алардын аты өчпөй сакталууда.

Бирок эскертүү катары кыстыра кете турган нерсе – кандай гана улуу идея, акылмандык болбосун, алар күчкө ээ болушу, улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгын аркалап турушу үчүн көздүн карегиндей сакталышы, корголушу керек.

Экинчиси – эрдик. Бул – сапат – баатырдык, каармандык, жүрөктүүлүк жана кайраттуулук. Ал эми Айкөл Манас болсо баатырдын баатыры, эрдин эри. Ошондуктан ал Кочкуну, Жолойду, Нескараны, Алоокени жер жайнаган жоокерлери менен кошо жеңет. Коңурбайды жеке сайышта башын жерге тыгылтып, бир нече жолу сайып түшүрөт. Көкөтөйдүн ашында тартип бузуп, этти талап жеген душмандын баатырларынын баарынын жинин кагып, астына келин кылып жүгүнтөт. Ала-Тоону душмандан бошотуп, Кытай мамлекетин багындырат. Кыргыздардын бар болуп, эл катары жашашын камсыз кылат. Ал эми жогорудагы эрдиктердин баары тунук акылга, билгирликке таянганда гана күчтүү жана келечектүү болот. Антпесе эрдик башка бирөөнүн кызыкчылыгын коргогон курал болуп калат. Же эрдик мүмкүнүчүлүгү болсо да, жеке башын коргоодон, тар мүдөөдөн арылап бара албайт. Демек, Манас өз эрдигин, баатырдыгын акылы, терең ынанымы менен башкарып, душмандан Ала-Тоону бошотуп, андан соң кыргыз элинин бардар.бакубат, коопсуз, дөөлөттүү турмушун камсыз кылууга жумшаган. Кара башын токмок, каруусун казык кылып кармашкан. Ооба, көзү жок эр эмес, көзү бар баатыр. «Урунарга тоо, урушарга жоо» издеп жортуулга чыкпайт, аракеттери максаттуу: кулаалы таптап куш кылуу, куранды жыйнап журт кылуу, тели куш таптап куш кылуу, тентиген жыйнап журт кылуу, чачылганды жыйноо, үзүлгөндү улоо. Демек, Манас ата эрдигин бүт элди иш жүзүндө бириктирген, башын кошкон, тилин, дилин, салт – санаасын коргой алган ишке жумшайт.

Үчүнчүсү – уюштуруучулук. Чынында көрөгөчтүк, билгирлик жана калк үчүн кара башын сайган эрдик да жалпы эл үчүн кызмат кылууда аздык кылат. Кандай болгон күндө да, жалгыздын иши жалгыз. Ошондуктан жеңилди жерден, оорду колдон алган иш билги, бир пикирдеш, астыда жүрсө ак жолтой, артта жүрсө сан колдой болгон эрлер керек. Так ушул жерден калкты тоздурбай сактоо, басып келген жоодон коргоо үчүн уюштуруучулук жөндөмдүн мааниси жарк этип ачылып көрүнөт. Айкөл Манас ушундай жөндөмдүн туу чокусунда турат. Бир ми­сал. Улуу манасчы Саякбайдын вариантында Манас кою короолош, ашы жоролош, казына бирге жыйгандаш, өлүп калса ыймандаш, жоого чапса билектеш эрлерди издеп жүрөт. Анан Бакайга жолукканда түпкү мүдөөсүн мындайча чагылдырат: «Кабылан Манас өзүмүн, Элдешер көөнүң бар болсо, Эрди издеп жүрөмүн. Өзүм менен тең өлчү, Теңди издеп жүрөмүн. Найзаны бирге сайышчу, Жоону бирге жоолашчы, Калың түмөн жоо чыкса, Астын – үстүн салдырып, Берчүүнү издеп жүрөмүн» – дейт. Бакайдан соң Айкөл кара тилин кайраган, калк алдында сайраган баатыр Ажыбайды, үзүктөй калпак эр Шуутуну, Ырамандын Ырчы уулун, Күлдүр, Камбар, Чалыбай, Кыргыл чал, Серек, Төлгөчү Кара Төлөк, Акжолтой, Байчоро, Жайсаң, Акжайнак, Бозуул, Музбурчак, Сыргак, төө көтөргөн Акаяр ж.б. өзүнө чоро кылып алат. Ошоңун баарына шарт түзөт. Тонсуз келген чорого аркар аяк, жез билек ат жакшысын мингизет. Малсызына адырдагы аргымак, буудан аралаш жылкыдан бөлүп берет. Аялсызын оймок ооз, бото көз, кырмызы көйнөк, найча бел сулууга үйлөндүрөт, алардан эч нерсе аябайт. Дүнүйө, байлыктын так ушул жерде кереги тиет. Айкөлдүн мындай ишине мал жандуу Жакып да тоскоол кыла албайт. Анткени кыргыз элине кызмат кылуу, таруудай чачып жиберилгендерди жайы-кышы кар кетпес Ала-Тоого жыйноо иши баарынан кымбат болгон. Ушул улуу ишти кыргыздын эр азамат уулдарынын кылчактабай аткаруучу милдетине айландырган. Алар да бир кылка эмес, бири балбан, бири акылман, бири сынчы, бири мерген, бири ырчы, бири алтымыш түрдүү тил билген чечен, бири төлгөчү, бири душманды айбаты менен коркуткан ач айкырык, куу сүрөөн, бири уста ж.б. болгон. Ушул иштин баары Манас атанын уюштуруучулук талантынын жогору болгонун тастыктайт. Бир эле мисал, Алмамбетти бизге кошул дебейт. Өз ыктыярына коет. Бирок ал баатырды кыйыр түрдө сынап, жүрөктүүлүгүнө, адамгерчилигине байкоо жүргүзөт. Аккуланы баштап көп тартуу сый кылат,  Алмамбеттин урматына ат чаптырат. Ошондон соң, гана Алмамбетке «Кетсең мына жолуңуз, Жол узунун чала кет, Кашыңда жети баатырды, Кайда барсаң ала кет» делет. Ушундан кийин Алмаң «өлсөм сөөгүмдү талаада калтырбай турган тууганым силерсиңер» деп Манаска кошулат. Ушул Алмамбетти кыргыздарга кошуп алуунун өзүндө эле Манас атанын билгирлиги, жумушту өкүм менен бүтүрбөгөндүгү, башканын каалоосун эсепке алгандыгы, астында турган чет өлкөлүктү сындан өткөрүп, өзүнүн байкоо жүргүзгөнү, андан соң аны элдик салт-санаа менен бекемдеп, туугандашуу, (эмчектеш болуу) салтын колдонгондугу – ушунун баарында. Айкөлдүн уюштуруу чеберчилигинин ийкемдүү, табигый жана күчтүү болгонун алаканга салгандай даана көрсөтөт ж.б.

Ошентип, Айкөл Манаста үч сапат: тунук акылдан жаралган билгирлик, «Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» деген эрдик жана натыйжа алууга ылайыкташкан уюштуруу чеберчилиги айкашкан. Манасты Манас кылып турган да ушул үч сапаттын биримдиги. Манаска таазим кылып сыйынганда, ага арнап түлөө өткөргөндө жана улуттук сыймык катары кеп салганда да Манастын жашоо-тиричилигинде өкүм сүргөн ушул үч сапатты биринчи иретте эске алышыбыз зарыл. Себеби ушул үч сапат – Айкөлдүн бизге калтырган жашоо өрнөгү. Бул өрнөк ушул кезге чейин жашап келген кыргыздардын бардык мууну тарабынан жактырууга ээ болгон, укум-тукумга жеткирүүгө укук алган чыныгы жашоо үлгүсү. Ошондуктан бул сапаттар – эпостун өзөгүндөгү кыймылдаткыч күч, өлбөс – өчпөстүн сыры да, керектүүлүгү да ушуга байланышкан. Бирок Манас атанын өмүрүндөгү жогорку үч өрнөктүн зарылдыгы кайсы, анын кыргыз элине, анын ичинде сага, мага – баарыбызга эмне үчүн керек?

Жогоруда биз кеп кылган Айкөл Манас баатырдын өмүрүндөгү сапаттын артыкчылыгы мында, алар деги эле улутту улут, элди эл кылып турган опол тоодой ири маселени күн тартибине коет. Аларды дагы бир жолу атайы баса белгилеп, дааналап кайталайлы.

  1. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын ар биринин бардар жана бакубат жашашын камсыз кылуу;
  2. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын ар биринин коопсуз жашашын камсыз кылуу;
  3. Кыргыз элинин дөөлөттүү өмүр кечиришин камсыз кылуу.

Ооба, Манас бабабыздын аракети ушул үч багытка кызмат кылган. Мындай кызмат миңдеген жылдарда жашап өткөн бардык кыргыздын тукумдарына жаккан, натыйжада улуу эпос өсүп чыккан, ал улутту таанып-билүүнүн, элдин жок болбой бар болуп жашашына, жеңип чыгуунун өзгөчө бир куралына айланган. Жогорку кыргыз элинин бардар, бакубат жашашы, коопсуз болушу, дөөлөттүү өмүр кечириши – бул кыргыз элинин Манас атанын ысымы менен бекем чырмалышкан улуттук урааны, түпкү мүдөө-максаты, аларды так кесе эле улуттук идеология деп атоо жаңылыштык болбойт.

Эми улуттук – мамлекеттик идеологиянын үч багытынын ар бирине өзүнчө токтололу.

  1. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын ар биринин бардар, бакубат жашашын камсыз кылуу. Бул кыргыз эли үчүн эч качан маани-маңызын жоготпогон, тескеринче керектүүлүгү күн санап өскөн жалпы талап. Манас атанын жогоруда кеп болгон үч жашоо өрнөгү да так ушундай улуу багытты ишке ашырууга жумшалган. Бул Айкөл бабабыз салган багыт – ар бирибиз үчүн улуу чакырык. Эч качан маанисин жоготпогон улуттук ураан, идеология. «Манас» эпосунда бул маселе алаканга салгандай апачык чагылдырылган. Эсиңиздедир, Алтайга жер ооду кылынып барган кыргыздар малай,кул, күң болуп, андан ары башка элге сиңип жок болуп кетери айкын сезилип, «устаранын мизинде» (Арстанбек) кылтылдап турган, ошондо билерман жана көрөгөч Акбалта акыл таап, алтындын кенин казып, жер жыртып аштык айдоого жан жабылта аттандырат. Бул Манаска чейинки үлгүнүн «Манаска» колдонулушу болуп эсептелет. Ушундай аракеттин акыбети чоң болгон: 1) баары текши байып кетишкен, эң кедей деген кыргыздын да эшик алдында 4–5 тен күлүк байланып турган; 2) байлык топтоо кыргыздарды малайлыктан куткарган, тескерисинче, малай жумшоо деңгээлине көтөрүлгөн; 3) кыргыздар ошону менен катар топтошуп жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан, бул тилин, салт-санаасын, тукум улап жашоосун жоготпоо дегендик, демек, бириндеп жоголбой, эл катары бар болуп жашоонун чоң үлгүсү дегендик. Элдин элдигин сактап калуу – бул биринчи зарылдык, жан сактоо ылаажысынын, чоң саясаттын туу чокусу, ана башы. Эгерде кыргыздар Акбалтынан тилин албай, алтын казбай, жер айдап, аштык жыйнап, байлык топтобосо, эмне болмок: 1) бөлөк элдин малын багып, отун алып, бөк десе бөгүп, чөк десе чөгүп күн көрмөк; 2) кааласа да, каалабаса да кожоюндун тилинде сүйлөп, өз тилинде сүйлөөнүн зарылдыгы жоголмок; 3) көз каранды болуп коколой кара башы жүргөн киши өз элинин кайсы салтын колдонмок эле 4) кокустан малай кызга баш кошуп, тукум улоо мүмкүнчүчлүгү болуп калса, бала-бакырасынын тили бөлөк тилде чыкмак; 5) демек, эл тилин жоготуп, бөтөн элге сиңип кетүү ушинтип ишке ашмак; 6)ушундай кырдаалдын көп болушу кыргыз элинин бар болбой жок болушуна, сайда саны, кумда изи жок калышына алып келмек.

Демек, «Манас» эпосу да, андагы Акбалта, Манас ата да кыргыз элин улут катары бар болуп, бай, бардар, бакубат жашашы үчүн баштарын сайып жан үрөп аракет кылып, максат-мүдөөлөрүн ишке ашырышкан.

Ооба, кыргыз элинин бардар, бакубат жашашы – анын башка улуттарга сиңип жок болбой, бар болуп жашашынын баш кепили, түпкү маселеси, чоң саясаты, улуттук ураандын чордону, идеялык өзөгү. Бул бүгүн да, эртең да күн тартибинен алынбаган чоң максат, тилек, мүдөө. Айталы, башка өлкөлөрдөн инвестиция тартып келүүнү мыктылык, эр азаматтык деп эсептеп келебиз, тетирисинче, элдин турмушу ар тарптан гүлдөп, башка өлкөлөргө акча насыя берүү деңгээлине көтөрүлсөк, ошондой эле идея менен жашасак, иш жүзүндө бардар жашоонун тетиктерин кыймылга келитирсек, баарыбыз текши ошондой аракеттин үзүрүн көрсөк, улуттук идеологиянын тагдыр чечүүчү башка тармагы ишке ашар эле. Бүгүн анын зарылдыгын баарыбыз сезип турабыз. Бул тармак-бийликти, жеке эркин адамды, ишкерди, коомчулукту, коомдук уюмдарды, депутатты, соодагерлерди, партия өкүлүн, кызматкерди баалоочу чен өлчөм.

  1. Кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын ар  биринин  коопсуздугун камсыз кылуу.

Бул маселе боюнча «Манас» эпосу өтө көп маалыматтарды берет. Элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Айкөлдүн «Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» деген сөзүнүн опол тоодой мааниси бар. Так ушундай жол-жосун менен жашаган ар бир эр азамат кара башын сайып, каруусун казык, башын токмок кылып, элин, ата журтун коргоп, коопсуздукту камсыз кыла алат. Ал эми «Кулаалы таптап куш кылуу, куранды жыйып журт кылуу» деген чачылгандарды жыйнап гана тим койбой, алардын ынтымак-ырашкерлигин бекемдеп,коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кушча таптап жетилтүү жагы көңүлгө тутулат. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» түшүнүгү бөлүнүп кеткен жарандын коопсуздукка залака келтирип, өзү бөрүнүн, тагыраак айтканда душмандын жеми боло тургандыгын туюндурат.

«Бузулуш бизден чыккан соң, пил да болсок, жыгылдык, миң да болсок кырылдык»,– дейт кеменгер Бакай карыя. «Манаста» тынччылык күндөрү да жоокер оюндары өткөрүлүп, калпакка тийгизбей чачыктын жибин жаа менен кырка аткан чеберчиликке чейин үйрөнүп машыгышат. Демек, элдин, мекендин коопсуздугу ушундай аракеттер менен корголот жана сакталат.

Ошентип, коопсуздук – элдин тынч, эркин жана биримдикте жашашын камсыздоо дегендик. Калктын бардар, бакубат турмушу тышкы коркунучтардан корголууга, ички кооптонуулардан коргонууга тийиш. Мамлекет так ушундай милдет – озуйпаларды орундатуу үчүн керек, бийлик мандаты аларга ошон үчүн берилген. Ошол эле учурда калктын катмарына, анын ичинде укук жана күч органдарына, бардык маалымат каржаттарына, коомдук уюмдарга, жамааттык топторго, өндүрүштүк бирикмелерге жана жеке инсанга да тиешелүү. Улуттун коопсуздук кызыкчылыгы жогортон да, төмөнтөн да корголууга муктаж. Бул азык-түлүк, ынтымак-ырашкерлик, коргонуу, ден соолук, билим алуу, көз каранды болбоо, улуттук маданият, салт-санаа, кол өнөрчүлүк, экология, көп түркүн көркөм дөөлөт коопсуздугу сакталбаса, анда маңкуртчулуктун башаты, акыл-эсти айландырган шириси кыргыздарды адамзат чапкан кан жолдон акырындык менен четке чыгарып салышы мүмкүн.

  1. Кыргыз элинин дөөлөттүү өмүр кечиришин камсыз кылуу.

Элдин элдик касиети анын тилинде, көп түркүн өнөрүндө, салт-санаасында, оюн-зоокторунда, нарк-насилинде, тарыхында, таалим-тарбиясында. Материалдык жана руханий дөөлөттөрдө кыргыз улутунун кайталангыс өзөчөлүктөрү камтылган. Ал эми улуу жазуучу жана даанышман Чыңгыз Айтматовдун «руханий турмушта гана эмес, мамлекеттик моделдин өзүндө да биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калышыбыз керек» («Кыргыз Туусу» гезити, 2010-жыл, 12-февраль, № 10) дегени калетсиз чындык. Мамлекетин жоготуп, Чыңгызхандын, Аксак Темирдин жортуулдарынын тепсендисинде калганда да, нечен жолу жер ооду болуп, башы суюлуп, тар жол, тайгак кечүүдө жок болуп кетүүнүн кырында карайлап турган кезде да, элибиз «Манас» эпосунан тартып макалдарга чейин көкүрөгүндө сактап.миң түркүн өнөрүн учун үзбөй улантып келген. Эми эгемендикке ээ болуп, кыргыз мамлекетинин чылбыр, тизгини колубузда турган кезде да сактана албай, глобализация, технопрогресс сыяк­туу улуттагы улуттук өзгөчөлүктөрдү жоюп бараткан опурталдуу кубулушка кабылып жатканыбыз ар бир атуулду ойлондурууга тийиш. Адамдагы адамдык жан дүйнө асылдыгы менен бааланат. Ал эми улуттун жан дүйнөсүндөгү асылдык кыргыз элинин дөөлөттүү өмүр кечиришинин соолбос булагы болуп саналат.

Ошентип, Манас бабабыздын өмүрүнөн жогоруда бөлүнүп көр­сө­түлгөн үч өрнөк биримдикте үч уюткуга: 1) кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын бардар жана бакубат жашашына,2) кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын коопсуз болушуна, 3) кыргыз элинин дөөлөттүү өмүр кечиришине салаанып куюлат да, анда бардык учур үчүн алгылыктуу жана үзүр берген жалпылык пайда болгон. Жогорку үч уютку азыркы мезгилде ,кечээ кандай керек болсо, бүгүн да, эртең да, келечекте да ошондой керек. Демек, Манас атанын үч өрнөгүнөн жаралган жогорку үч уютку кыргыз мамлекетинин элдик урааны, улуттук идеологиясы катары эсептелери шексиз.

Ошентип, кыргыз улуттук идеологиясына, түпкү мүдөө-максатынан Манас саясаты иштелип чыккан. Чынында улуу «Манас» эпосунун тереңинде алтын уютку болуп чөккөн мазмун калган башка бөлүмдөрдүн бардыгын нурдантып, изгилентип, байытып турат. Ал эми ал мазмун өлбөс-өчпөс элдик чоң саясат менен каныктырылган. Залкар чоң ойлор «Манастан» кыргыз элине, кайра элден чыгармага өтүп турган. Андай туу чоку саясаттын өзөгү булар:

– ал – элдин бытырап чилче тарап, жок болуп кетпеши, бар болуп жашашы жөнүндөгү улуу толгоо, улуу санаа;

– ал – жок болуп кетпөө үчүн кара башты сайып эрдик көрсөтүү «айбалтаны аштоо, азган журтту баштоо» парзы;

– ал – башка журтка акырындап сиңип жок болуп кетпөө үчүн биримдикти бекемдөө, чачылганды жыйноо, үзүлгөндү улоо, «кулаалы жыйнап куш кылуу, куранды жыйнап журт кылуу» парзы;

– ал – көр тиричиликтин артынан түшүп, жалаң керт башын аман сактап калуу далбасасынан «калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» деген көз караштын бийигине көтөрүлүү милдети;

– ал – майдаланып, маңбаштанып, жалаң, кара курсактын кулу болуп кетпеш үчүн, Айкөл Манаска жөлөнүү, аны өйдө басса өбөк кылуу, ылдый түшсө жөлөк кылуу, «Манасты» «отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, кылыч чапса кеспеген, найза сайса тешпеген» жарак катары түшүнүү парзы;

– ал – «Манас» аркылуу ар бир инсандын өзүн-өзү көрүү, өзүн-өзү таануу жана ойгонуу парзы;

– ал – «катуудан казан, жумшактан күл калганга» чейин талкаланбоо үчүн, «үрүп чыгар ит калбай, бүлдүргө кылар жип калбай» калган кыяматка кабылтпоо үчүн укум-тукумду тынымсыз эскертип туруу, аны ата-бабанын муундан-муунга мурас керээзи, сабагы, нускасы катары өткөрүп туруу парзы;

– ал – улуттук биримдикке, эркиндикти баалоого, ар дайым же­ңип чыгууга,  ишкердикке,  ар-намыстуулукка тарбиялоо парзы.

Кыскасы, кыргыз элинин, бар болуп жашашы, туюктан жол таап чыгып жеңишке жетишиши – бул эч качан күн тартибинен түшпөгөн ар дайым керектүүлүгү ашып-ташып, ар бир жарандын атуулдук милдети катары мойнунда түшпөс болуп илинген чоң саясат. Муну улуттун өзүн-өзү таануу жана жеңип чыгуу илими десек да болот. Элдин чачырашы, бөлөк элге сиңип кетүү коркунучу бүгүнкү күндө да бар. Манас атанын тушунда тышкы жоонун баскынчылык кылган кесепетинен эл чилче тарап жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Айкөл ошонун баарын бириктирип, «кулаалы таптап куш кылган, куранды жыйнап журт кылган», чачылгаңды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, ушундай эмгектин натыйжасында кыргыз тукуму укса кулак кангыс тили, күүсү, көрсө көз тойгус буюм беттериндеги жана таштагы оюм-чийимдери, салт-санаасы, оюн-шооктору сакталып калган. Эми эгемендүүлүктүн тушунда да башка өлкөлөргө чачырап жатабыз, анткендердин бир тобу бөлөк элдин жарандыгын алууда. Демек, бир кезде Манас ата кураган элдин бүтүндүгүн бузбоо, сактоо маселеси кайрадан күн тартибине коюлуп отурат. Демек, Манастап ураан чакыруу кезеги келип турат, замандаш. Ал эми кыргыз жеринин түмөн байлыгын өздөштүрүүнүн өзү эле ар бир жаранга иш ордун, татыктуу жашоо каражатын таап бере алат. 6–7-апрелде болуп өткөн көтөрүлүш.анын жеңишке жетиши – кыргыз элинин бардар, бакубат, коопсуз жана дөөлөттүү турмушту каалагандыгын далилдеп турат. Демек, саясат түпкү элдин кызыкчылыгына төп келгенде гана ал жемишин бере алат.

Кыргызпатенттин алдындагы патенттик-техникалык китепканада "Манас" эпосуна арналган иш чара болду.

Экинчи сөз

Манас көчүнүн санжыргалуу сапары. Сен, мен – баарыбыз ошол көчтүн сабындабыз

Баса белгилеп көрсөтө турган нерсе – Айкөл Манас атанын көчү. Бул – жайыттан жайытка көчүүнүн – ташынуулардан, журт которуулардан таптаза башкача көч. Ал муундан муунга, атадан балага, энеден кызга өткөн акылмандыктын, жан дүйнө байлыгынын көчү. Кыргыз эли жеңишке жетишип, чеч береке болуп чалкып турганда да, же тетирисинче, оор абалга тушугуп, мүңкүрөп, чабылып-чачылып калганда да, «Манас» үчилтиги ичтен тиреп турган күч болгон. Ал күчтүн мазмуну – жок болуп кетпөө үчүн эл чачылса биригип, үзүлсө уланууга тийиш, ошондо жеңиш келет, башка калктар сыяктуу жер бетинде тукум улап жашоо мүмкүндүгү түзүлөт. Мүмкүндүк – кыргыз журтунун мурдагылардан өткөрүп алган, кийинкилерге өткөрүп берүүчү алтын ачкычы. Аны эч качан колунан түшүрүүгө тийиш эмес. Алтын ачкычы колунда турганда, кыргыз эли улут катары түбөлүктүү өмүрдү башынан кечирет, ал эми алтын ачкычы колунан түшкөндө, чет өлкөлүк ар кандай күчтөрдүн оң-тетири таасирине кабылып, акырындап тилин, салтын, маданиятын жоготуу менен улуттук түр-түспөлүнөн ажырап, маңкуртка айланат. Демек, ар кандай сырткы таасирлерге жутулбай, нарк – насилдүү эл, күчтүү, пайдубалы бекем мамлекет катары сакталып калыш – эстен чыкпай турган жана ар бирибизди коштоп жүргөн түбөлүктүү маселелерден.

Манас атанын көчүнүн улуулугу – кыргыз элинин түбү менен учун бириктире кармап тургандыгында. Мындан миңдеген жылдар мурда жашап өткөн ата-бабалар менен бүгүнкү күндө жашап жаткан атуулдардын түпкү мүдөө-максаттарын, ой-тилектерин байланыштырып, оболу, алардагы асылзат баалуулуктарды бири-бирине өтүштүрүп, бир бүтүндүктү түзүп турган жаратмандыгында.

Ооба, бул көчтүн улуулугу – мезгилдин жыл сүргүч санатына, тагыраак айтканда, төрөлүү, жетилүү, анан жок болуу деген мыйзамына баш ийбей, кайра аны жарып өтүп, улам жашарып, улам жаңырып, ошол эле учурда түпкү түбөлүктүү маани-маңызын сактап, ар бир жаранга өтөлгөлүү кызмат кылып келе жаткандыгы. Анын кол жазма түрүндө сакталып, эскерүү жана изил­дөө учурларында гана колго алынып, окулуп, иликтенген, башка учурларда, тиешелүү адистерди кошпогондо, жалпы коом­чулукка белгисиз болуп «уктап жаткан» мурас эстелиги эмес, андай чен-өлчөмгө сыйбаган колдонулуудагы, мындан ары да үзгүлтүксүз колдонула берүүчү кыймылдагы тирүү, башкалардын жан дүйнөсүн байыткан жана сулуулаган сейрек айтылма экендиги.

Бул көч – нечен кылымды кечип келген жылаажындуу, сөөлөттүү, салтанаттуу, санжыргалуу, салттуу, түгөнгөн сайын түтөгөн уюткулуу, токтоо дегенди, үзүлүү дегенди билбеген жеңиштүү көч. Ушунусу менен ар бирибизге керектүү.

Бул көч – жан дүйнө сулуулугунун, даанышмандыктын, көсөмдүктүн, кеменгерликтин, билимдүүлүктүн көчү. Жашоо үлгүлөрүн өзөгүнө сиңирген нускалуу баяндоо.

Бул көч – кыргыз элинин жок болбой бар болуп жашоосун даңазалаган, журт катары сакталып калуусун, ушундай максаттарды ишке ашырган кажыбас күрөштүн көчү. Баскынчы душмандардын таманында тепселип, жер менен жексен болуп кетпей, өзүн коргоп калуу үчүн табигый жана үзүрлүү аракеттерде чагылдырылып калган. Бул ар бирибизге сабак. Бул көч – …эрендерден калган сөз,

…энчи кылып алган сөз,

…как жүрөккө конгон сөз,

Бул көч – …кызыл бороон кыр менен,

…кыйкырык, чуу сүр менен,

…сүрдүкпөгөн тил менен,

…кардыкпаган үн менен,

…аркар баскан бел менен,

…кулжа баскан төр менен,

…булут шашкан жел менен

…катар арыш кирген сөз,

…баласына атасы

…энчи кылып берген сөз… («Манас» эпосунан)

Ошол күндөн ушул күн нечен эл жоголуп, көл түгөнүп чөл, тоо түгөнүп түз болсо да, кыргыз көчү токтогон жок. Көч менен кошо Улуу Сөз токтогон жок. Себеби ага муктаждык күч. Эл өзүн, өзөгүндө турган баалуулуктарды, «Манас» аркылуу тааныйт. «Манаска» карап түзөлөт. «Манаска» карап жол тандайт. «Андай эмес, ал жомок, фольклордук чыгарма, ага маданий мурас катары мамиле кылып, иликтеп-изилдөөгө болот. Ага бүгүнкү күндүн көзү менен кароо зарыл. Пайда болуп жаткан ар түркүн көйгөйлөрдү башка заманбап каражаттар менен чечүү керек. Артка кылчактап карай берүүнүн зарылдыгы жок» деп айтчулар да аз эмес. Ал эми «Манаста» кыргыз элинин улуу саясаты камтылган да. Ал – кыргыздардын эл, улут, мамлекет катары жок болбой, бар болуп жашашын камсыз кылуу жөнүндөгү маселе.

Бул күн тартибинен эгерим түшпөгөн туруктуу көйгөй жана түбөлүктүү агым. Ал «Манас» үчилтигинин өзөгүн түзүп турат. Эл да, ар бир жаран да өзүнүн өткөнүн жана келечегин «Манас» аркылуу тааныйт. Ошого карап жол тандап, ошого карап түзөлөт. Ошентип, ар бирибиз ошол улуу көчтүн сабындабыз. Көч менен илгерилеп, ийгиликтерди жаратып, нечен бийиктиктерди багынтабыз. Артка кетүүгө, улуттун гүлдөп өнүгүшүнө бөгөт, кедерги, бутуна тушамыш болуучу атайы жасалган азгырыктарга алданып, өз ара душмандашып, бүлүнүп-жарылууга, ичтен ирип бузулууга, айрым күчтөрдүн тоокко жем чачкансып себелеп кеткен кайыр садагаларынын артынан ээрчип, улуттук нарк-насилин, тилин, салтын жана «Манасын» жоготууга эч кимдин акысы жок.

Ооба, аруу ниетти аркалаган байсалдуу, нарктуу, коңгуроолуу көч түптөн – байыркы арий, шумер, андан кийин скиф, сак, гунн, усун маданияттары менен тамырлашып, улуттук жана жашоо тиричилик белгилери биздин заманга чейинки 2,5–3 миң жылдан биздин замандын V кылымына чейин созулган Андронов, Афанасьев, Карасук, Тагар, Таштык маданияттарынын археологиялык – илимий маалыматтарында ташка баскан тамгадай сакталып калган, ошондон учту карай агып чыккан, акканда да нечен заман, доор туш кылган оош-кыйыштарды, оор кыйынчылыктарды сүңгүдөй (найзадай) көзөп өткөн, ошо курчтугу, көктүгү, жол тапкычтыгы жана көсөмдүгү менен миңдеген жылдарды карыткан, журт көлөмү нечен ирет кемисе да, суюлса да, тайгак кечүү, тар кыядан аман-эсен өтүп кеткен, Теңирди, Умай энени, Кутту, Айкөл Манасты жөлөк кылып, биздин күндү көздөй – эгемендүү Кыргыз Республикасын карай келаткан жылаажындуу кыргыз көчү – Айкөл Манас атанын улуу көчү .

…Маң, маң,маң басып,

…Чуудалары чаң басып,

…Төөлөр чубайт…

…Курсактары жер чийип

…Бээлер чубайт…

Анын артында:

…кереге уук, дүр-дүйнө, түркүн жүк артылган унаалар;

…колуна куш кондурган, белиндеги кемер курдун күмүш оюмдары жарк-журк эткен, жүзүндө наары бар нарк-нускалуу аксакалдар;

…кундуз ичик, каз элечек кутман энелер;

…үкүлүү тебетейчен, ыйбаалуу, ыйманы ысык кыздар;

…бешик өңөргөн ай жаркын келиндер;

…тепсе темир үзөңгүнү үзгөн бүркүт кабак, турна тармыш жигиттер, алардын бир даары жол чалып алдыга кетсе, бир даары көчтүн жан-жагын сак-сактап күзөтүп келет;

…айырмач менен келаткан туурук бет бөбөктөр;

…асмандагы бүркүт канат серппей, жай каалгып көчкө көз салып келаткансыйт;

…чабдар жоргочон ак таңдай акын ырды ак жаандай төгүп келет;

…жандай чапкан «Тойото» токтоп, андан түшкөн ак калпакчаны көчтүн жүрүшүн видеокамерага түшүрүүдө, ноутбук көтөргөн экинчиси бирдемелерди жазып убара…

Ооба, көчтүн мындан ары кийинки муундарды беттеп улана берери шексиз деңизчи. Бирок ошол көчтө ар бирибиз: сен, мен, ал – баарыбыз агылып бара жатабыз. Баарыбыз биригип, бирибизге бирибиз арка-бел болуп, ынтымакта жашоонун тил, салт, улут коопсуздугун камсыз кылуу менен өндүрүштү өнөгөлүү жана өтөлгөлүү нукка которуунун жолунда баратабыз. Ал эми топтошуп жашап, биргелешип аракет кылып жан сактоонун артыкчылыктуулугу «Манаста» жар салынган. Мисалы, көсөм жана билгир Акбалта ар кимдин малын баккан, оту менен кирип, кү­лү менен чыккан, малайга айланып, чачырап, наяты 25–30 жылдан кийин таптаза жок болуп кетүүнүн кырында турган жер ооду болуп барган кыргыздарды ошондой оор абалдан сактап калат. Баарынын башын бириктирип, топтошуп жер тилип, аштык айдап, алтын казып, акырында байып кетишет. Бул акылман Акбалтанын да, анын тилин алып артынан ээрчиген кыргыздардын да чоң, жеңиши болучу. Ал эми бул жеңиш бүгүнкү күндө жашап жаткан ар бирибиз үчүн чоң сабак жана үлгү. Демек, ар бир жаран «Манас» үчилтиги менен камыр-жумур бекем байланышта. Киндиктеш. Демек, океандай көөлгүп, күү-шаа түшкөн тоонун кашка суусундай шаркырап аккан, мазмунунун тереңдиги, сулуулугу менен 1995-жылдагыдай бүткүл дүйнөнү таң калтырып, 2013-жылдын 4-декабрындагыдай болуп 186 мамлекеттин кол көтөрүүсү менен кыргыз өлкөсүнүн атынан дүйнөлүк мурас болуп таанылып жана катталып отурушу кыргыздын жан дүйнө байлыгында сакталган акыл-эстин күчтүү да, асылзаада да экендигин далилдеп турат.

Үчүнчү  сөз

Балбал таштардагы купуя маани

Балбал таштардын азыркы кезде жашап жаткан кыргыз жарандарына да айтып берери бар. Аларды сыртынан карасаң, дулдуюп унчукпайт. Дудук. Бирок ташты сомдоп, киши кейпине келтиргендер анын сууга чирибей, шамалга жешилбей узак, оболу, түбөлүк сакталып тураарын эске алышканы байкалат. Бирок аны жалаң, эле адам сөлөкөтүнө айландыруу башкы максат болбогону ачык баамдалат. Анткени айкел сыяктанган таш кишилерди жасоо менен анда элдин атайылап кийинки муунга айта турган ой – мүдөөлөрү камтылган. Бул таш балбалдын тулкундагы курал, буюмдар (канжар, чөйчөк, кур) аркылуу аныкталып турат. Ал эми бул курал, буюмдар бирер – жарым эле эмес, баарында болушу – кылдат ойлонулуп, атайы жа­салган максаттуу аракеттин жемиши болгондугунан кабар берет. Демек, баарында кездешүү – бул жалпылык.

Балбал таштар түшүнүгү «Кыргыз тарыхы» энциклопедиясында төмөндөгүдөй чечмеленет: «Балбалдар, буркан таштар – байыркы жана орто кылымга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер (скульптура). Балбалдар Монголиядан, Европанын түштүк чыгыш талааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Мындай балбалдар Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөн­дө­рүнөн көп табылган» (аталган энциклопедия, 2003-жыл, 134-бетте). Таш балбалдар жөнүндө М. М. Ядринцев, В. В. Радлов, А. И. Соболевский, Ю. А. Кулаковский, А. Д. Грач, А. А. Евтюхова ж.б. көптөгөн окумуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн. Кытай маалыматтарында түрктөрдүн көрүстөнгө балбал коюшканы, эгер түрк жоокери тирүү кезинде бир душманды өлтүрсө – бирди, он душманды жок кылса – он балбал таш коюла тургандыгы айтылган. Ал эми таш балбалдын көрүнүшүнө жогоруда айтылгандай, баарына мүнөздүү жалпы белгилер бар, алар: белинде кур, бир колунда чөйчөк, экинчи колунда канжар. Балбал таштар боюнча окумуштуу Токторбай Урмамбетов башкача өңүттө кеп кылат. Ал балбал таштар менен байыркы шумерлердин эн белгилерине, падышаларга, кудайларга табынуу, сыйынуу иретинде коюлган эстеликтерди салыштыра карайт да, алардагы окшоштуктарды табат. Ал окшоштук – экөөндө тең колунда чөйчөктүн (же кесенин) болушу. Шумерлердин кудайы Иштордун колундагы чөйчөк дыйкандарга идиш менен энчи катары дан бөлүш­түрүп берүүнү туюндурган. Ал энчи себа (шеба) кыргызча шыбага дегенди билдирет. Шумерлердин ою боюнча, колдогу чөйчөк ырайымдуулуктун, боорукерликтин, бакыттын белгиси болуп да саналат. Ошондуктан падышаларга, кудайларга арнап адегенде топурактан, андан кийин таштан балбал жасоо салтка айланган. Эстеликти такай колдонулуучу идиш – кесе молчулуктун, ырыс-таалайдын, шыбаганын белгиси. Ошон үчүн балбал Европанын чыгышында, Азиянын Түштүк Сибиринде болобу, кайсы жерде жасалса да, кесе (чөйчөк) көкүрөктүн тушунда кармалган. Ал эми көк түрктөрдүн тушунда өздөрүнүн баатырдыгын, күчтүүлүгүн даңазалоо максатында жеңилип калган душмандарынын балбалын жасап, аларды катарга тизип коюшкан (мисалы Күлтегинде). Демек, Т. Урмамбетов боюнча балбал таштар түрк элдерде эл-журтуна молчулук, ырыскы, кут, бак-таалай тартуулаган кудайларга, эл башчыларына арналып жасалган. («Кыргыздар» деген эмгектин 5-томундагы Т. Урмамбетовдун «Байыркы көчмөндөр башаты» деген изилдөөсүнөн. Бишкек – 2002. 97–102-беттерде).

Балбал таштарда элдин педагогикалык ой-мүдөөсү да камтылган. Балбал  таш кишинин колунда (же куруна кыстарылган) канжар бар. Ал эмне үчүн керек? Согушуу үчүнбү? Жок, ал басып кирген душман менен салгылашуу, анын катыгын колуна берүү жана коргонуу үчүн керек. Баштан өткөн тарыхта баары кездешет, тукум курут кылып талкалап кетүү үчүн жасалган жортуул батыштан чыгышка жана чыгыштан батышка байма- бай каттап турган. Ошондуктан канжар сактануу жана коргонуу куралы катары керек. Балбал ташты жасоочулар, баарынан мурда, келечек ээсине, кийинки келүүчү тукумдун колунда коргонуу жарагынын болушун каалаган. Бул жарак, ириде, ошол балбал таштагы кишинин экинчи колундагы ырыскы таратуучу чөйчөктү коргоп калуу үчүн керектелери айтпаса да түшүнүк­түүдүр. Демек, балбал таш сүйлөй албаса да, анын келбети, тулку бою  Мекенди, элди, тууган-туушканды, үй-бүлөнү жана өзүн коргой билүү керектигин туюндуруп турат. Бул байыркы ата-бабалардын өз тукумуна айкел аркылуу сездирип турган акыл-насааты.  Ал эми колундагы чөйчөгү материалдык жана руханий ырыскы таратууну тастыктайт. Ал эми айкелдин белиндеги кур тыкандыкты, белди бекем бууп, чыдамдуу болууну, кыйынчылыкты көтөрө билүүнү, жыйнактуулукту билгизет. Ошондой эле кур боз үйдүн курчоосу сыяктуу баарын чачылтпай бириктире кармап турганч касиети бар деп кошумчалай кетүүгө болот. Башка түрк элдери сыяктуу кыргыздар да балбал таштардагы канжар жана чөйчөк аркылуу айтылуучу ойдун авторлорунан болгон. Демек, коргоно алуу жана ырыскы аркылуу молчулукту, бардарлыкты түзүү ар бир жарандын жашоо-тиричиликтеги парзы. Мамлекет башындагылар жана баатырлар үчүн бул парз миң эсе жогору, себеби алар элдин тагдырын моюндап турушат. Ал эми «Манас» үчилтигиндеги тил, сөз аркылуу баяндаган маани-маңызды балбал таштар жогорку белгилери аркылуу бекемдеп да, бышыктап турганын байкоо кыйындыкты туудурбайт.

«Манастагы» баатырдык балбал таштагы канжар менен, айкөлдүк ырыскы таратуучу чөйчөк менен айкалышып, бир бүтүндүктү түзгөн эл коргоо жана эл багуу темасынын эки жанрда орун алган эки түрдүү турпатта чагылышы болуп саналат. Колдогу ырыскы салынган чөйчөктү кагып түшүрүүчү жана тартып алуучу жырткыч күчтөн курал менен коргоно билүүгө, сактанып, аман-эсен жашоого ар бир атуул милдеткер экендигин үч белги аркылуу туюндурат.

Жыйынтыктап айтканда, балбал таштар түрктөрдөн (мисалы, Күлтегин – Экинчи чыгыш түрк кагандыгынын таанымал жана баатыр кол башчысы. Ал 731-жылы набыт болгон. Ага 10,25×10,25 метр келген күмбөз курулуп, эки таш мамыга анын эрдиктери жазылган. Ал эми күмбөздөн Кошо-Цайдам деген көлгө чейин 3 чакырым жерге 160 балбал таш тизилип коюлган) мурда шумерлерде (шумерлер б.з.ч. 3 миңинчи жылдан б.з.ч. XI кылымына чейин Тигр, Ефрат дарыяларынын ортосунда Мессопотамия деген кубаттуу өлкөдө Кыргызстан, Казакстан, Алтай, Монгол аймактарынан ооп барып отурукташкан эл болгон) колдонулганын көрөбүз. Демек, шумерлерде таш балбалдар руханий жана материалдык ырыскыны элине тартуулаган кудайларга, падышачыларга, эл билгирлерине арналып жасалган. Ал эми Күлтегин эстелигинин айланасындагы балбал таштар, биринчиден, мүрзөнүн үстүнө коюлган деп так кесе айтууга болбойт, экинчиден, түрк баатырларынын урматына ал багындарган өлкөлөрдүн башчыларынын 160 таш балбалын үч чакырым жерге чейин мактаныч иретинде тизип койгон.

Ошентип, балбал таштардын өзүнчө кызматы бар, алар да мекенди, эл-жерди коргоого үндөйт. Байыркы ата-бабалардын бар болуп жашоо жөнүндөгү түпкү максат – мүдөөлөрү ташка чегилген түрүндө нечен доорлорду кечип, нечен аймактарды камтып, кээлери талкаланып сынса да, кээлери эч кимдин колу тийбесин деп көрүстөндөргө алып барып коюлса да, жердин жети кабат түбүндө сөөгү сөпөт болгон ата-бабалардын өз тукумуна айткан акыл-керээзин биздин күндөргө жеткире алды. Аларды, маселен, Таластагы Манастын ордосуна, Чүй боорундагы Бурана эстелигине келгендер таш балбалдары тиктеп туруп аңдап биле алышат. Ал эми мындай таштарда ишарат кылынган мекенчилдик «Манас» эпосу менен мазмундаш. Бири – көрүп түшүнүүгө эсептелген эстелик болсо, экинчиси – миллион ыр сабына жетип, тыңдап билүүгө ылайыкташкан тил казынасы.

«Манастагы» баатырдык балбал таштагы канжар менен, айкөлдүк ырыскы таратуучу чөйчөк менен айкалышып, бир бүтүндүктү түзгөн эл коргоо жана эл багуу темасынын эки жанрда орун алган эки түрдүү турпатта чагылышы болуп саналат. Колдогу ырыскы салынган чөйчөктү кагып түшүрүүчү жана тартып алуучу жырткыч күчтөн курал менен коргоно билүүгө, сактанып, аман-эсен жашоого ар бир атуул милдеткер экендигин үч белги аркылуу туюндурат.

Жыйынтыктап айтканда, балбал таштар түрктөрдөн (мисалы, Күлтегин – Экинчи чыгыш түрк кагандыгынын таанымал жана баатыр кол башчысы. Ал 731-жылы набыт болгон. Ага 10,25×10,25 метр келген күмбөз курулуп, эки таш мамыга анын эрдиктери жазылган. Ал эми күмбөздөн Кошо-Цайдам деген көлгө чейин 3 чакырым жерге 160 балбал таш тизилип коюлган) мурда шумерлерде (шумерлер б.з.ч. 3 миңинчи жылдан б.з.ч. XI кылымына чейин Тигр, Ефрат дарыяларынын ортосунда Мессопотамия деген кубаттуу өлкөдө Кыргызстан, Казакстан, Алтай, Монгол аймактарынан ооп барып отурукташкан эл болгон) колдонулганын көрөбүз. Демек, шумерлерде таш балбалдар руханий жана материалдык ырыскыны элине тартуулаган кудайларга, падышачыларга, эл билгирлерине арналып жасалган. Ал эми Күлтегин эстелигинин айланасындагы балбал таштар, биринчиден, мүрзөнүн үстүнө коюлган деп так кесе айтууга болбойт, экинчиден, түрк баатырларынын урматына ал багындарган өлкөлөрдүн башчыларынын 160 таш балбалын үч чакырым жерге чейин мактаныч иретинде тизип койгон.

Ошентип, балбал таштардын өзүнчө кызматы бар, алар да мекенди, эл-жерди коргоого үндөйт. Байыркы ата-бабалардын бар болуп жашоо жөнүндөгү түпкү максат – мүдөөлөрү ташка чегилген түрүндө нечен доорлорду кечип, нечен аймактарды камтып, кээлери талкаланып сынса да, кээлери эч кимдин колу тийбесин деп көрүстөндөргө алып барып коюлса да, жердин жети кабат түбүндө сөөгү сөпөт болгон ата-бабалардын өз тукумуна айткан акыл-керээзин биздин күндөргө жеткире алды. Аларды, маселен, Таластагы Манастын ордосуна, Чүй боорундагы Бурана эстелигине келгендер таш балбалдары тиктеп туруп аңдап биле алышат. Ал эми мындай таштарда ишарат кылынган мекенчилдик «Манас» эпосу менен мазмундаш. Бири – көрүп түшүнүүгө эсептелген эстелик болсо, экинчиси – миллион ыр сабына жетип, тыңдап билүүгө ылайыкташкан тил казынасы.

“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫРГЫЗДЫН  УЛУТТУК-МАМЛЕКЕТТИК  ИДЕОЛОГИЯСЫ  ЖАНА  АГА  ЖАРЫШ  КОЛДОНУЛГАН  АСЫЛ  БААЛУУЛУКТАР

Төртүнчү сөз.

Күүлөр – маңкуртчулукка каршы колдонулуучу улуу жаратмандык.

Элибиздин тээ байыркы турмушунан бери бири-бири менен өрүлүшүп, чынжырдай бекем байланышкан, өз ара эриш-аркак жана канатташ колдонулуп келаткан ири жаратман туундулар бар. Маселен. «Манас» үчилтиги менен комуз күүлөрү ошондой. Бири көркөм сөз жаатында чылк ырдан уюп бүткөн (улуу манасчы Сагымбайдан 180378 ыр сабынан турган «Манас» бөлүмү.Дагы бир улуу манасчы Саякбайдан 500553 сап ырдан турган «Манас» үчилтиги жазылып алынганын эле эстеп көрөлү), көлөмү боюнча дүйнө жүзүндө алдына ат салдырбаган айтылма экендиги, көп катмарлуу мазмуну терең жана залкар, бөлүнүшүп бөрүгө жем болуп, жарылып жоого алдырып, жок болуп кетүүнүн кырында турган кыргыздардын башын кошуп, улуу биримдикти, ынтыкмактуу жашоону камсыз кылып, Манас түзгөн элдин жана мамлекеттин алтын доорунун баяны нары жагы 5 миң, бери жагы 2 миң жылдап айтылып, үзгүлтүксүз колдонулуп, канга сиңирилип келгендиги талашсыз чындык.

Бүгүнкү күндүн өзүндө да «Манастын» жаңы варианттары жаралууда. Мындан ары да жарала берери шек туудурбайт. Анткени бул ушул багытта кыргыз элинин жаратмандык күч – кубатынын өлбөс-өчпөстүгүнөн кабар берип турат. Айтмакчы, сакталып калган маалыматтардан «Манас» айтуу бир нече жумалап, айлап-жылдап айтылып жүргөнү менен кабардарбыз. Мындай узакка «Манас» айтууга 1856, 1857 жана 1858–1859-жылдарда кыргыз жерине келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов ишенбей, апыртуу болсо керек деген экен. Бирок үч айлап «Манас» айтуу ХIХ–ХХ кылымда эмес, бүгүнкү күндүн так өзүндө, XXI кылымдын башында көз алдыбызда болуп өткөнүнө күбө болуп отурабыз. 2013-жылдын август, сентябрь, октябрь айларында Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде манасчы Улан Исмаилов (ал бир аз дарыланып калган кезинде Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков, Камил Мамадалиев деген манасчылар кол кабыш кылышкан), негизинен 90 күн бою «Манас» айтты. Бул кыргыз элинин миллиондогон атуулдарынын, айрыкча, эмгекке жарамдуу уул-кыздарынын өз эл-жерин таштап, тиричиликтин артынан сая түшүп, дүйнөнүн туш тарабына мигрант болуп чачырап жаткан кезде, компьютердик технологияга, жолсуз жерден жол таап, каптап келаткан глобализация – ааламдашуу, демократиялык баш аламандык заманына карабай элдин жан дүйнөсүндө, акыл-эсинде улуу Манас атанын руханий акылмандыгынын ойгонуп жатканынан кабар берет. Ар дайым эл чачылганда, улуттун башын бириктирип, мамлекетин бекемдөөчү эр азаматтарга зарылдык күчөгөнү күчөгөн.

Экинчиси – мукам үнү, керемет доошу, кубулжуган кайрыгы менен жан дүйнөнү алдейлеп да, багынтып да, кайраттандырып да, дээр, зээн, жан мээрди ойготуп да турган улуу баалуулук жана теңдешсиз сулуулук – күүлөр. Бул эки жаратмандык жанры жагынан эки бөлөк түр болуп турса да, туюндурар ой-мүдөөсү, түпкү максаты боюнча опокшош, мазмуну боюнча айтары да бир: мекенчил, манасчыл, ата журтчул, патриотчул. Экөө бири – бирин шөкөттөп да, толуктап да турат.

Эми мисал келтирели. «Жүз жигит» күүсү жөнүндө сөз кылалы. Бул күүнү чыгарган Үмөт молдо Түгөлбай уулу (1883–1943) – элдик таап, биринчи мугалим, санжырачы, ойчул, дарыгер, жыл сүргүч. Ыр да жазган. Бир укканын эгерим эсинен чыгарбаган, жадында элдик уламалардан тартып эпостун келки үзүндүлөрүнө чейин жашаган. Баскан-турганы сыпаа, сүйлөгөнү, мамилеси – баары үлгү болгон адам. Жалган жалаа менен соттолуп, жазып калтырган эмгектеринин көбү таланып кетсе да, азыркы кезде Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм маданият борборунун кол жазмалар бөлү­мүндө анын 42 дептерден турган жана андан тышкары 600 беттик эмгектери сакталууда

Үмөт молдонун дагы бир өзгөчөлүгү – комуз чертип, күү чыгаргандыгы. Анын артында калган «Жүз жигит» да кезинде бакай-аталык Ширгели молдо, Талас районундагы Арал айылынан комузчу Беке уулу Жумаалы чертип жүрсө да, автору Үмөт молдо элди дарылагандыгы үчүн ак жеринен эл душманы катары күнөөлөнүп соттолуп кеткенден кийин, «сактыкка кордук жок» деп анын күүсүн даап чертүү өзүнөн өзү токтоп, анан унутулуп калган. Бирок «Жүз жи­гит» күүсүнүн жаралыш таржымалы сакталып калган. Ал мындайча баяндалат.

…Илгери кыргыздын карт тарыхынын бүктөмүндө калган жоокерчилик замандын биринде журттун туусун жыктырбаган, кара калмакты чекке киргизбей элин жоодон сактаган, эр кө­күрөк кайраттуу, балбан билек намыстуу жоокерлери менен даңазасы кыйла жерге кеткен Көкүм деген чоң айыл болгон. Айыл башчысы Алыш баатыр кыргыз-калмактын чегинде туруп, эки элдин мамилесин түздөп, кези келген жерде калмак элине үстөмдүк кылып турат. Жылдан жыл алмашып, Алыш улгаят, ал-күчтөн таят, өлсөм менден эстелик болсун, жоо келатканын алыстан байкоочу кароол жайгашсын деп, айылга кирүүчү жолдогу бийик капчыгайдын эки тарабындагы тектирчелерди тегиздетип, атайын кароол секи даярдатат. Ал жерге добулбас коюп, сак жигиттерден сакчы уюштурат. Мезгили жетип Алыш баатырдын көзү өтөт. Эми эл ичиндеги мыктылар өз ара  жаатташып, журттан ырк-ынтымак кетет. Мындайды көз кырынан кетирбей байкап турган душман айылга бир түндө капысынан басып кирип, кыргын салат. Калмактын төрөсү өз жоокерлерине «Туткунга эч кимди албагыла, колуңардан келишинче кыргызга кыргын салгыла, бирок эмгектеп жүргөндөн тартып төрт жашка чейинки эркек балдарды олжолоп тирүүлөй алып келип, мага тапшырасыңар»,– деп катуу буйрук берет. Баары жоонун ойлогонундай болот. Бир кезде гүлдөгөн айылдын ордуна додологон күл калат, күңгүрөнгөн капчыгай, күр­пүлдөгөн аккан суу калат.

…Мезгил зымырап, чабылган элдин көкүрөктөгү жарасын дарылап, жашоо улана берет. Бирок жоо кылычынан аман калып, балдарынан тирүүлөй айрылган энелердин күйүтү, арманы ичте бара-бара комуз күүсүнө жана эл оозунда дастанга айланат. Калмактын төрөсү болсо баягы олжолоп алып кеткен балдарды өзгө көзгө көргөзбөй, өзүнчө бактырып, катаал-татаал шартта күнү-түнү жоокердик өнөргө үйрөтөт. Балдар «ата-эне» деген эмне экенин билбей, көргөн-бакканы жоо чаап, алсызды баш ийдирүү, күчсүзгө ыза көрсөтүү болуп, жалаң кылыч шилтеп, найза сайганды үйрөнүшөт. Калмактын төрөсү сынамакка баягы жигиттердин ичинен жүздү тандап алып, казак, уйгур, кытай айылдарына жортуулга жиберип, жигиттер каршылаштарын заматтын ортосунда өрттөй каптап, жылан сыйпагандай кылып жер менен жексен кылгандыгын көрөт. Өзүнө жакын адамдары менен кеңеш куруп: «Ортодон жыйырма жыл өттү, кыргыз кайрадан жетилип келатат, эми аларга өз тукуму, шилтесе кызыл өрт болгон жүз жигит менен кыргын салууга убакыт келди»,– дейт. Ошентип, кыргызга кайрадан кыргын түшөр мезгил жакындайт. Кыргыз тарап да бейдарек жата бербей, кандуу кармашка даярданат. Ошентсе да, калмактын өрттөй каптаган жүз жигити жөнүндөгү кеп-сөздөр кыргыз кол башчыларынын жүрөгүнө тикенектей сайылып, түйшүккө салат. Андан ары журт акылманы Кулбото карыянын «Туура көрсөңөр, мен айтайын, силер уккула» деп жүз жигит жүз үйдөн чогулбастан, бир жерде жетилишкен, ата-эне жөнүндө кабары жок уялаш жетимдер экенин, ошондуктан алардын жаалы катуу болуп калыптанарын, жүз жигит мындан жыйырма жыл мурда олжого кеткен кыргыздын эле кара чечекей уулдары болорун, ошентип, калмактар алар менен өз элин өздөрүнө кырдырарын, болбосо өз элинен кыргын табарын, душман ушундай ой ойлогонун, күчкө күчтү эле каршы койбостон, аларды айла-амал менен жеңүү керектигин баяндайт. Кулбото карыянын айтканы айткандай болот. Душманга каршы капчыгайдын ичине үч тосот коюлат. Биринчи тосотто куралчан жигиттер, экинчи тосотто балдары жыйырма жыл мурда олжого кеткен энелер, үчүнчү тосотто сурнайчы, чоорчу, комузчулар жайгашат. «Жоо мына ушул үч тосотту бузуп өтсө, калмактын жүз жигити биздин тукум эмес, айла жок жалпы эл-журтубуз кармашка түшүп, согушуп жатып өлөбүз»,– дейт Кулбото карыя. Анан жоо чын эле өрт каптагандай басып кирет. Шукшурулган бүркүттөй жүз жигит баштаган калмак аскери биринчи тосотту талкалап өтөт. Экинчи тосоттогу чырылдаган энелердин үнү да кара тажаал болуп болуп каптаган жүз жигитти токтото албады. Эми жүз жигит үчүнчү тосотко келди. Аңгыча каяктандыр сыбызгыган чоор үнү угулуп, анан комуздун боздогон үнү улап, көк теңирдин тереңинен куюлгандай болду. Бул күтүүсүз үн эле. Жүз жигит күүгө арбалып, тизгин жыя баштады. Комуздун үнү эми оңдон да, солдон да угулуп, миң кубулжуп, дилдиреп, жүрөктү эзип, жан мээрди ойготуп, боор тарттырып, жакындыкты сездирип, жүрөккө, мээге үрөлүп кирип, тике эле канга – күрөө тамырга өтүп жаткандай болду. Ошентти. Муштум жазылып, кылыч кынга салынып, найзанын учу көктү карады. Жүз жигит имерилип, комуз күүсүн муюп тыңшап калышты. Көздөрүнө жаш, күү улам алардын сезимине чок таштап, сезимдерин ойготуп, туулган жерине боор тарттырды. Ошол кезде калмак төрөсү жиберген жоокер келип, жигиттердин бирине камчы шилтеп жиберди. Камчы жеген жигит калмак жоокерин кылыч менен шылый чапты. Эми кармаш жүз жигит менен калмактардын арасында өттү. Ошондо комуз күүсү шаңдуу чыгып, жүз жигитти сүрөп жатты. Кайрыктарда «Сен кыргызсың. Сенин элиң, кыргыз, жериң Ала-Тоо, аны дилиң менен сезгин!» – деген купуя улуу кеп баяндалууда. Анан жалпы журт жүз жигитке кошулуп, «кыргыздап» ураан чакырып, калмакка каршы аттанды. Ошентип, өзөгүнөн өзгөгө кеткен жүз жигит кайра чоң салтанат менен өз элине кошулду. Андан соң «Жүз жигит» деген күү жаралган. Үмөт молдо бул күүнүн улам бир кайрыгын 5 кайрып, анан, тарыхын айтып черткен. Арасына дастан кошуп, обон менен шөкөттөп, уккандан тап жылдырбай «туткундап» алган… (Бул таржымал Эрмек Үмөтовдун «Үмөт молдо» деген китебинен алынды. Бишкек – 2001-ж. 223–228-беттерде).

«Жүз жигит» күүсүнүн жаралыш мазмуну ушундай. Анын өзү заман кысымынан улам аргасыз унутулуп кетүүгө дуушар болсо да, жүрөк титиреткен таржымалы сакталып калган. Ал төгүлгөн айрандын жугу сыяктуу таасир калтырат. Ошентсе да учун улап, камтыган маани-маңызы жөнүндө азыноолак кеп кылууга арзыйт.

«Жүз жигит» – бул күү менен билдирилген эрдикке тарбиялоо. «Манас» үчилтиги сыяктуу эле мекенчилдикти, эл үчүн кара башты сайып баатырдык көрсөтүүнү күүлөр өз тилине которуп баяндаган. Күү да журт коргоп, эл сактоонун каражаты болгон.

«Жүз жигит» күүсүнүн таржымалы элибиздин комуз күүсүн ыракат алып, кумардан кануу үчүн же кыңгыратуу үчүн чыгарылбаганын, баарын: жеңип чыгууну, өксүүнү, арманды, миң түркүн арзуу сезимин, заман, дүйнө, киши жөнүндөгү ой толгоосун, шаттанган маанайын, укум-тукумуна туйдурар астейдил таалим-тарбиясын, аруу жана айкөл, ар-намыстуу дүйнөсүн салып койгонун тастыктайт.

Андан да укмушу – ошонун баарынын жадында даяр турушу, керек учурунда кыйналып-кысталбай колдонулушу жана тиешелүү тармакка күчтүү таасир эте алышы. Болбосо, үчүнчү тосотко эмнени коет эле? Бир айыл эмес, бир үй-бүлөнүн мүчө­лөрүнүн баары да четинен комуз чертип кеткени эч кимди таң  калтырбаган. Демек, мындай текши комуз чертүүчүлүк жана күү мазмунунун көп түрдүүлүгү аны каалагандай пайдаланууга мүмкүндүк берген. Керек болсо, курал катары колдонулуп, аны менен жоонун жолун тоскон. Жеңип да чыккан.

Кол салар жоо өтө катаал жана амалкөй. Биринчиден, душмандардын кол башчысы кайтыш болуп, элдин тукулжурап турган учурун сокку урууга бышып жетилген мезгил деп эсептеген. Экинчиден, жоонун басып киришине кыргыздардын ич ара бийлик талашып, өзү мүмкүнчүлүк түзүп берет. Үчүнчүдөн, калмак төрөсү кыргыздарды кыргыздардын өзүнө кырдыруу ыкмасын иштеп чыгат да, эмгектегенден төрт жашка чыкканга чейинки курактагы эркек балдарды олжо кылып алып кетет. Себеби алар ата-эне, эл-журтту биле элек. Ошондуктан өз улутун тааный электе, алардан жалаң баш кесер желдеттерди даярдамакчы. Төртүнчүдөн, ата-эне мээрин, Мекен жылуулугун сезбеген балдар жаалы катуу, мерез болушат. Ошол жаалды кыргыздардын өзүнө буруп, тополоңду тоз кылмай болот.

Кыргыздардын комуз күүсүндө бапестеп сактап, багып-кө­гөрткөн жан дүйнөсү ташып турганын, керек жеринде аны ыктуу колдоно билген акылмандары бар экендигин көрөбүз. Үчүнчү тосотко кылыччан, жаачан жоокерлер эмес, күү менен куралданган атуулдар коюлат. Акыры акылмандын ою туура чыгат, кыргыздар жеңишке жетишет. Демек, душмандын күчтүү амалына кыргыздар курч акылын каршы кое алышкан.

Күүнү элибиз кан-жанынан жараткан жана анын ичтен козгоочу, тазартуучу күчүнө катуу ишенген. Ал эми мындай нерсе кандаш жандарга тез жетет жана таасирлентет. «Жүз жигит» күүсү буга далил. Ушундай каражаттарды ойлоп тапкан жана тукумуна колдонгон элди жапайы, артта калган, патриархалдык жол-жосундун кулу болгон, фольклордон өйдө көтөрүлө албаган мажес калк деп ким айта алат? Комуздун тили менен жоо­нун колундагы курч жарагын кагып түшүргөн мындай күүлөрдү ким укпайт, ойсуздукту, жеңил-желпиликти, де­лөө­рүүнү, дардаңпоздукту оиготкон музыкага ким жармашып калат?

Жаалданган жүз жигит биринчи тосоттогу эр азаматтарды жайкап талкалап өттү, экинчи тосотто аларга тогуз ай көтөрүп омурткасы сыздаган, ак сүтүн берген энелер турган, мерездер алардын өз энеси экенин, ошолордун канынан жаралып, курсагында тогуз ай жатып жарык дүйнөгө келгенин сезишкен жок, кылыч менен кырып салышты, ал эми үчүнчү тосотто кылычтар «сынды». Демек, бул жерде душманга каршы үч күч коюлган: 1) кара күч, 2) эненин мээри, 2) күү дүйнөсү. Үчөөнүн ичинен ушул сапар күүдөгү «кулактан кирип, бойду алган», бой менен кошо ойду алган жан дүйнө ишке жарап берди.

Каткан терини ашаткы жибитет, ошол сыңар мерез болуп каткан сезимди күү жибитет. Мына ушундай күүлөрдү жаратуу жана асыл жан дүйнө катары укум-тукумуна жеткирүү не деген акылмандык.

«Жүз жигитте» эл кызыл өрт болуп каптап каршылык кылгандын баарын кайсап жок кылып келаткан күчтүн жолун күү менен бөгөйт жана душманды жеңилишке учуратат – ушундай ыкма менен куралданып жоо жеңген эл тарыхта көп болбосо керек.

Анан да «Жүз жигит» күүсүндө эч кандай сыйкыр жок. Болгону ал Кулбото деген билгир кишинин акылы менен керектүү саатта чертилди. Ал жаалданган мерездердин кулагына чалынып, мээсине жеткенде, жан тениндеги генетикалык коддор аракетке келди, көрсө, жүз жигиттин бет алдында каршылык көрсөтүп жаткандар душман эмес, өз боордоштору, кандаш туугандары экен. Ушунун баарын күү заматта алардын туюмуна жеткирип, көзүн ачты. Жигиттер өздү таанып-билүү менен гана чектелген жок, кайра кыргыздар менен кошулуп, кызыл өрт болуп душманды каптады.

Демек, күү да улуттук таалим-тарбиянын «жарылганды жоо алат» деген алтын эрежесин турмушка ашырууга тике кызмат кылат. Болбосо, Алыш баатыр кайтыш болгондон кийин ич ара бийлик талашып, жаатташып журттан биримдикти кетирип алышат. Бул ичтеги жарылуу дегендин өзү да. Душманга ушул керек болчу. Бир түндө басып алды, кечээ эле багынмак турсун кайра жоого үстөмдүгүн көрсөтүп турган баатыр элдин туусу жыгылды. Ким күүнөөлүү? Ич ара бийлик талашкан, жаат курап, бири-бирине каршы көтөрүлүшкөн мыктылар жана аларды ойсуз ээрчип кеткендер күнөөлүү. Эми ошол ичтен жарылуунун кенемтесин толтуруп, кайра калыбына келтирүү керек эле. Ошондо күүлөр жардамга келет, душман бөлүп кеткен топту кайра өз элине кошот.

Үмөт молдо черткен «Жүз жигит» күүсүнүн таржымалы элибиздин гениалдуу жаратмандыгынын бири болгон күүлөр жөнүндө кеп кылууга түртөт. «Сынбасты уста жасабайт, жаралгандын баары өнөт, өсөт, анан өчөт» делет. «Бирок жаратмандык эмгектин баары эле бул эрежеге баш ийбейт. Мисалы, кыргыз күүлөрү ошондой. Бирок байыркы күүлөрдүн баары эле азыркы күндө жашап жаткан жок да» деген ойду ага карама-каршы коюуга болот. Бул да туура. Бардык эле күүлөр «түбөлүктүү өмүргө» ээ болбойт, алардын ичинен элдин элегинен өтүп, келечек мүдөө-ти­лекке жөлөк болгондор узак жашайт, карыбайт. Муну кандай түшүнүүгө болот. Мисалы, «Саадак какты» күүсү Атай Огомбаевдики. Бирок бул жаңы жаралган күү эмес. Ал байыркы учурда жаралган. Кийин бул күүнү Жантакбай өнүктүрүп чертип жүргөн. Сейдракман Акчекеев да аны «Кош доош, кош жаңырык» деген ат менен черткен. Күмөн туудурууга болбойт, бул күүнү биз билбеген далай комузчулар чертип жүрүшкөн. Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Биринчиден, көпчүлүк күүлөрдүн башаты байыртадан башталат. Ал муундан муунга сомосунан берилет. Анан аны улам кийинкилер пайдаланып, кайрыктарын байытып, өз варианттарын жаратышат. Мисалы, Карамолдо Орозовдун «Ибаратын» уксаңыз, анда каптаган душманга беттеп чаап бараткан эр жигиттин элеси берилет, колунда найза, көзү жүлжүйгөн, оозунда чайнаганы кыл, астындагы минген күлүгүнүн жалы жайылып, аркырап учат… кайра тыңшасаңыз, чоң аштагы (же тойдогу) күлүктөрдүн жарышы алардын жерге жаап тийген туяктардын дүпүрөгөн добушун туясыз, үстүндө башын жоолук менен бууп алган чабандестер. Кыскасы, күүдөн ушул өңдөнгөн элестерди кыялыңыз менен көрүп турасыз, бирок сизге ошол үндөн шык, кайрат, эрдемсүү, эргүү пайда болуп, чоң намыста утуп чыккыңыз келет. Оболу, абаны жиреп, жер артка көчүп, душман менен беттешкени бараткан өзүңүз кебетеленип да кетесиз, ж.б. Демек, «Ибараттын» өзөгү да байыркы жоокерчилик турмушту чагылдырат, ал уккандарды шыктандырып, эрдикке тарбиялоону максат кылат. Демек, бардык эле күүлөрдө байыртан бери келаткан сомо бар. Ал бир же бир нече кайрык түрүндө болгон. Ал муундан муунга кастарланып берилген. «Коно жатып күү ук» деген сөз – бул үйрөнүү дегендик. Бардык эле чоң комузчулар устаттардан үйрөнүшкөн. Алардын арасында күү үйрөнүп кетүү үчүн 2–3 жылдап устаттын малын багып, отунун алып, малай болуп жүргөндөрү да болгон. Ошентип, күү узак өмүр сүргөн, ал комузчунун чамасына жараша кыска да, узак болуп да чертилген. Кээ бир комузчулар өзүнө чейинки 4–5 кайрыктан турган күүнүн сомосун улам түркүмдөтүп, түрлөнтүп, 20–30 кайрыкка чейин жеткирген. Бирок түпкү өзөктү сактап, баары бир күү сомосунан чыгып кетпейт. Мисалы, «Сары барпы» күүсүнүн башаты элдик. Аны Ниязалы комузчу абдан өнүктүргөн. Ал эми Эркесары Бекбасаровдун аткаруусундагы «Сары барпы» канчалык кенен, залкар күү түрүндө болсо да, эч качан баштапкы сомосунан чыгып кетпейт. Мындай ойду «Маш камбарканга» да, «Терме камбарканга» да, «Сынган бугуга» да, «Насыйкатка» да, «Көкөй кестиге» да, «Эрмек күүгө» да ж.б. ондогон күүлөргө жамап айтса болот. Бирок күүлөр искусствонун тармагындагы улуу жаратмандык өнөрдүн тоодой – таштай чоң салаасы болуу менен катар, улуттук таалим-тарбиянын да жүгүн моюндап келатканы зор кызыгууну туудурат. Мисалы, жогорудагы «Жүз жигит» күүсүнүн таржымалынан улам төмөнкүлөр жөнүндө кеп кылбай кетүүгө болбойт.

Маселен, V кылымда Атыла хандын набыт болгонун шүдүңгүт менен жүрүп отуруп, кыргыз элине Кара Төлөк күү менен угузат. Бул эмне деген жөндөм? Комузга тил бүткөнбү? Бул үн, бул доош, кайрыктар менен каймана түрүндө туюндурулган кабар да.

Же Кетбуканын Айканга уулунун өлгөнүн күү менен угузганын эстесеңиз. Анын бир вариантында ыр да, сөз да жок. Каардуу хандан айбыккан эл кантип угузуунун жолун таппайт. Анткени мындай жамандыкты угузган адам кара башынан ажырамак. Ошондо Кетбука хандын уулунун өлгөнүн кара күү менен туюндурат.

Айкан эмне кылат эле, эритилген коргошунду комуздун кула­гына куйдурат, ал эми комузчу аман калат.

Же Жантакбайды алалы, ал күү менен уюн уурдап бараткан ууруларды токтотот.

Ошол эле эле Жантакбай жөнүндө эл ичинде мындай аңгеме сакталып калган. Аны топтогон жазуучу Самсак Стамалиев минтип жазат: «Комузчу менен чагылган жарык болуп таанылган кезде кайыптан бүткөн кайгыга кабылып, ушул байбичесине күйгөн от болуп дүркүрөп ашык болуп калат. Берер белен калыңы, кудага барар белдүү тууганы жок, чаң жутуп жол боюнда оту­руп калат. Ошондо сырдаш абышканы чакырып, кабыргасын кайгы сындырып турганын буркурап айтат. «Жуучулукка барып бериңиз, күйүтүм ичимде калбасын» дейт. Анысы макул болот. Жумшаган жагына жуучу болуп барат. Кыздын атасы кыраакы адам эле дейт, Жантакбайды кабыл аларын билдирип, калыңын камдап, салтын сактап, жолу менен келишсин дейт. Дегенден кийин берки экөө эки комуз колго алып кирип барышат. Кыздын атасы түшүнөт. Сый үстүнө сый берилип, куда сөзүнө келгенде, калыңды айтар убактысы толгоодой бурап толгон маалда Жантакбай жанындагы комузун алып, канжардын мизине кармап туруп күү чертет. Күү күүгө уланат, кайрыктан кайрык жаралып, миң, кубулуп отуруп, булбулдун үнүн токтотуп, күкүктүн тилин кесип кеткендей болот. Айыл эли ааламдын арманындай болгон күүнү угуп, моло таш болуп жалдырап калышат. Үйдүн ээси өнөрлүүнүн өлтүрбөс, таланттууну таарынтпас адам эле дешет билгендер. Аппак тоодон ай чыкканда асман-жерди бириктирип чыккан күү улам жаңы күү менен алмашып отуруп, күмүш тоодон күн чыккан маалга жетет. Ак өргөөнүн ичи-тышы күү кайрыгына мемиреп турган маалда кыздын атасы жуучуга карап:

– Кызым бактылуу экен. Мындан артык да байлык болорбу? Калыңды кечтим,– деген экен. Ошондо күүгө кошулуп ыргалып турган бир айылдын эли тоо көчкөндөй козголо калып, эки жашка бата берип жиберишет» (“Эркин-Тоо” гезити, 2004-жыл, 23–26-апрелдеги саны).

Ушул сыяктуу эле колуктусун күү менен ойготуп, күү менен уктаткан комузчулар болгон, «Кыз ойготор», «Миң кыял» деген күүлөр бекеринен жаралбаган. Ошентип, күү чыгаруу кыргыз элинде эң, жогорку бийиктикке көтөрүлгөн. Мисалы, улуу акын Арстанбек Буйлаш уулу (1824–1878) окумуштуу Тазабек Саманчиндин белгилөөсү боюнча баш-аягы болуп беш жүзгө жакын күү черткен. Мунун ичинде өзүнүн төл чыгармалары да бар.

Демек, күү менен короодон мал уурдап бараткан ууруну токтотуп, пейилин агартып жиберген сыяктуу күү менен Мекен коргоочуларды да даярдоого болот. «Жүз жигит» күүсүнүн таржымалы буга кимди болсо да ынандырат.

Эгемендүүлүк, өзүн өзү таануу, өз элинин жан дүйнөсүн үйрө­нүү, мекенчилдик дале күнкор абалындабы? Атуулдук жигер, намыс тууроочулуктан, тактекеликтен арыла албай, кунун кетирбей жатабы? Неге корунабыз. Мамлекеттин тарыхы бери жагы эле 2200-жылды камтыган, Манастын, Бакайдын, Кошойдун, Акбалтанын, Барсбектин, Тагай бийдин, Эр Солтонойдун, Курманжан датканын, Тайлак баатырдын, Атаке баатырдын Бердике берендин, Саякбай, Сагымбайдын ж.б. кулундары неге башыбызды ылдый салабыз. Неге «Жүз жигит» сыяктуу күүлөрдү угуп, ички жан дүйнөбүздү байыта албайбыз, ж.б. Ооба, мындай көйгөйлөр арбын. Бирок аны чече турган да, дат баспаган алтынды – күүлөрдү улуттук маданияттын ири дөөлөтү катары жайылтып, убайын көрүп пайдалана тургандар да Кыргыз Республикасынын уул-кыздары.

Баса, өзүңүздү өзүңүз төмөндөгүдөй жекече тапшырмалар менен текшерип көрүңүз.

  1. Карамолдо Орозовдун «Насыйкат» деген күүсү бар. Балким, ушул күү да «Жүз жигитке» окшош болушу мүмкүн. Анткени ал күүнү канча уксаңыз да танбайсыз, кайра уккуңузду келтирип турган касиетке ээ. Так ушул «Насыйкатты» он жолу эч нерсеге алаксыбай кунт коюп, бүт дээр менен зээниңизди тө­шөп тыңшаңыз да, анан жан дүйнөңүзгө кылган таасирине атайы байкоо жүргүзүп көрсөңүз.
  2. «Жаш тилек» күүсүн да «Насыйкаттай» кылып байкоого алыңыз. Андан кийин «Сынган бугу», «Сары барпы», «Көкөй кести», «Маш камбаркан», «Тогуз кайрык», «Миң кыял», «Эрмек күү», «Актамак, Көктамак», «Боз салкын», «Кетбука», «Талас таңшыйт», «Ак бакай», «Кара өзгөй», «Терме камбаркан», «Кыргыз көчү» күүлөрүн тыңшап көрүп, аларга назар төшөсөңүз болот.
  3. Өз үйүңүздө жүздөгөн күүлөр жазылган дисктердин топтомун түзүңүз.
  4. Мейманыңызды күү уктуруп сыйласаңыз, ж.б.

Ошентип, Үмөт молдонун «Жүз жигит» күүсүнүн таржымалы элдик күүлөрдүн «Мекен», «Эл» деген опол тоодой маанилери менен тамырлашып жаткан улуу касиетин аңдап билүү ар бир жарандын парзы экендиги жөнүндө учкай кеп кылууга мажбур кылды. Чын эле «алтынды дат баспайт», бул күүлөргө колдонгондо да нукура чындык. Ал эми күүлөр – орток байлык. Анын ар бир жарандын турмушунда өз орду бар. Алар баарыбызды бириктирип турган улуттук кенч экендиги маалым. Күүлөрдү түшүнүүдө жана үзгүлтүксүз колдонууда ата-баба алдында карыздарбыз да. Күүлөр – бул алтын казына. Анын турмуштагы маани-маңызы ченемсиз зор. Ар бир күү «Жүз жигит» сыяктуу залкар. Күүлөр, дагы кайталап кетели, «Манас» үчилтиги менен каны-жаны бир, өзөктөш жана тамырлаш: мекенчил, манасчыл, ата журтчул, намысчыл, ураанчыл. Эл коргоо, жер сактоо үчүн эрдик көрсөтүүнү туу тутат. Болгондо да киши акылын, жүрөгүн калкалап турган бардык темир сыяктуу бекем, таш сыяктуу калың тосмомлорду, маңкуртчулдук калкандарын быт-чытын чыгара жарып өтүп, жол салган, жан дүйнөгө улуттук нарк-насилди, элдик дил менен мээрди үрөп да, күрөп да кийрип турган күч-кубат.

Кыргыздын, «Манаска», маданий баалуулуктарына тымызын иритки салып, өзүн өзүнө каршы койгон, ал аркылуу бөлүү-жарууну көздөгөн күчтөргө каршы күүлөрдү колдонуу керек. Ар дайым «Жүз жигит» эсте болушу зарыл. Эң башкысы, өзүңдү өзүңө жоо кылып, өзүңө өзүңдү көр каздырган, улуттун оң колун сол колуна, атуулдун оң көзүн сол көзүнө каршы койгон, чын дилинен жардам беримиш болуп, демократияга жамынып, жеке адамдык жоопкерчиликти жоготкон эркиндигине таянып отуруп, иш жүзүндө маңкуртту, улут безерди калыптандырууга үлгүрүп жаткан, натыйжада көзү көрбөй, кулагы укпай, көкүрөгү бүтүп бараткан жаранды ири алды, күү уктуртуп дарылоо абзел.

“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫРГЫЗДЫН  УЛУТТУК-МАМЛЕКЕТТИК  ИДЕОЛОГИЯСЫ  ЖАНА  АГА  ЖАРЫШ  КОЛДОНУЛГАН  АСЫЛ  БААЛУУЛУКТАР

Бешинчи сөз

Жер планетасынын бетине жазылган тарыхый ысым

Тарыхый булактарга, тактап айтканда, илимпоздор А. М. Бернштамдын «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалган эмгектер» (Бишкек, 1998-жылы жарыяланган, 2-том), С. В. Киселевдин редакторлугу менен чыккан «Түштүк Сибирдин байыркы тарыхы» (Москва, 1951-жыл), А. П. Окладниковдун «Сибирь тарыхы» (Ленинград 1968- жыл), А. Р. Кызлазовдун «Хакас – Минусин тарыхындагы Таштык доору» (Москва, 1960-жыл) деген эмгектерине таянуу менен коомдук ишмер, тарых иликтөөчү Дастан Сарыгулов төмөн­дөгүдөй жыйынтыктарды чыгарат. Тарыхта белгилүү болгон Афанас, Андрон, Карасук, Тоогар, Таштык маданияттары – бешөө тең байыркы кыргыздардын мекени Хакасияда жайгашкан. Бешөө тең ошол аймактагы дөбө мүрзөлөрүн казуу жана андагы табылгандарды иликтеп-изилдөө аркылуу өзгөчөлүктөрү аныкталып, ар бири өзүнчө археологиялык маданият деп таанылган. Афанас маданияты б.з.ч. 2500–2000-жылдарды, Андрон б.з.ч. 1500–1000-жылдарды, Карасук б.з.ч. 2-миң жылдыктын аягынан 1-миң, жылдыктын башына чейинки мезгилди, Тоогар б.з.ч. VI кылымдан бз.ч. III кылымды, Таштык маданияты б.з.ч. I кылымдан биздин замандын V кылымына чейинки мезгилди камтыйт. «Бул маданияттарга мүнөздүү жалпы окшоштуктар катары аныкталган улут белгилери,– деп жазат Д. Сарыгулов, – минтип айтканга толук негиз берет». Анан Д. Сарыгулов ошол беш маданияттагы тарыхый археологиялык маалыматтарга таянып, кыргыздарга таандык он бир белги бар экендигин аныктайт. Алар:

Биринчи. С. В. Киселевдин редакторлугу менен жарыяланган «Түштүк Сибирдин байыркы тарыхы» деген эмгекте «Таштык малданияты кыргыздарга таандык болгон деп ачык эле айтылат» делген (аталган китеп 1951, 612-бет). Ал эми бул маданияттын калган төрт маданият менен өзөктөш, бирдиктүү мү­нөздө, алардын биринен бирине өткөн окшоштуктары даана аныкталган.

Экинчи. Афанас, Андрон, Карасук, Тоогар (же Тагар), Таштык маданиятынын бешөөнөн тең мүрзөлөрдү казган кезде томпой менен чүкөлөр чыккан. Ал эми Тоогар менен Карасук маданияттарында мүрзөдөн табылган томпой, чүкөлөрдө уруулардын эн тамгалары оюлган. Бул тамгалар: ай тамга, айры тамга, төмөн тамга, куш тамга, таа тамга, орок тамга – баары кыргыз урууларына таандык. Мындай эн тамгалар мүрзөгө коюлган балбал ташка да чегилген. Бул белгилер бул мүрзөгө кыргыздын кайсы бир уруусунун сөөгү коюлгандыгын тастыктап көрсөтөт. Бул томпой менен чүкөлөрдүн беш маданияттын ар биринде кездешиши – ошол беш маданияттын баары кыргыз элине тиешелүүлүгүн кынтыксыз далилдеп турат. Томпой менен чүкөлөргө байланыштуу кыргыздын азыр да 25 улуттук оюну бар, ал эми ордо менен упай оюндары кыргыздан башка дүйнө элдеринин биринде да жок.

Демек, томпой менен чүкөлөр байыркы таш доорунан бери (оболу, азыркы кезде да) кыргыз элинде үзгүлтүксүз колдонулулуп келе жаткан улуттук белгилер болуп саналат. «Манас» эпосунда чоролордун эки бөлүнүп ордо атышуусу байма-бай кезедешет. Ал эмес, Манас баатыр тоорумак тооруп ичке түшүп, чүкө чертип жаткан кезде, ай балта, канжарларын чапан ичине байланып, сыртынан соодагер кербенчи кейиптенип, сыр тартуу үчүн келишкен душмандарды баштаган Дөөдүр алп ордону атайы тебелете бастырып келип токтойт. Натыйжада салгылаш башталып, душман жеңилет_ Бирок мында быдымыкка чүкөлөрдөн топ түзүп, аларды томпой менен атып же чертип чыгаруучу бул ордо оюну – оюн деңгээлинен көтөрүлүп, мамлекетти коргоо, борборду алуу, жеңип чыгуу үчүн болгон таймашка айланышы – анын канга сиңген өтө байыркы оюн экендигин, өлкөнү, эл-жерди коргоонун жана чабуул жасоонун, мекенчилдикти, ар-намысты жетилтүүнүн куралына чейин өнүккөндүгүн тастыктап турат.

Үчүнчү, Андрон, Карасук маданияттарына таандык дөбө мүр­зөлөрдө аялдардын сөөгү чач учтук менен коюлганы аныкталган. XX кылымдын 50–60-жылдарына чейин кыргыз элинде чоң энелер тегиз чач учтук тагынып жүргөн. Европа элдеринин биринде да мындай салт жок. Демек, бул салт кыргыздарда үч миң жыл мурда эле калыптанганы көрүнүп турат.

Төртүнчү. Кыргыздын байыркы эл экендигинин дагы бир белгиси – белдемчи. Бир да топчусу жоктугу – кийим байыркы доордо, топчу ойлонуп табыла электе эле пайда болгону. Бүгүнкү күндө да мындай белдемчилер кенен-чонон колдонулат. Мындай кийим Европа түгүл, түрк элдеринин биринде да жок!

Бешинчи. Андрон маданиятынан башталып Карасук, Тоогар, Таштык, Сак, Усун дөбө мүрзөлөрүндө көп санда кемер курлар жана алардын калдыктары табылган. Демек, кемер курларды кыргыздар мындан төрт миң жыл мурда эле пайдаланышкан жана азыр да андай курлар колдонулат.

Алтынчы. Кыргыздардын боз үйү Карасук доорунда пайда болуп, Тоогар маданиятында кеңири урунулган. Тарыхчы Е. Е. Кузмина өз эмгегинде Андрон доорундагы үйлөрдөн боз үй пайда болгонун сүрөттөр менен далилдеп берген.

Жетинчи. Андрон доорунда көптөгөн кыштактардан малдын чагылган жиликтери табылган. Жиликти чагып чучугун алган салт б.з.ч. 2миң жыл мурда эле пайда болгон. Жиликти чагуу салты кыргыздан башка Европа, араб, перс, кытай, ж.б. элдердин биринде да жок, балким, кыргыздарга тектеш айрым Алтай элдеринде гана бул салт сакталышы мүмкүн.

Сегизинчи. Андрон доорундагы табылган малдын сөөктөрүн иликтеп, мал чарбасынын 36,7% бодо, 16,7% жылкы, 46,2 пайызын кой-эчки түзөөрүн археологдор аныкташкан. Бирок чочконун бир да сөөгү табылган эмес. Демек, төрт миң жыл мурун эле кыргыздар чочко баккан эмес.

Тогузунчу. Төрт миң жыл мурун таш жана сөөк соколор колдонулган мезгилде, жер чийип, сээп койсо эле арбын түшүм берген тарууну айдоо ыңгайлуу болгон. Андан бозо жасалган. Демек, бозону кыргыздар төрт миң жыл мурда эле билип, бүгүнкү күнгө чейин жасап келатат. Казак, өзбек,  деги түрк элдеринин бири да бозону билбейт. Бул дагы кыргыздын байыркы эл экендигин аныктаган талашсыз белги.

Онунчу. Саймалуу-Таштагы жүз миңден ашуун ташка чегилген сүрөттөрдүн арасында тогол чагылдырылган. Анда Үркөр топ жылдызы менен Айдын тогошкон учуру тартылган. Илгертен бери кыргыздар тогол күндөрүн так эсептеп, билип, ал күндөрү көчкөн эмес, ашуу ашып, дарыя кечкен эмес, кыз алып, кыз бербеген, ууга чыкпаган, аш-той өткөрбөгөн. Тогол күндөрү бороон-чапкын болуп, тоо, ашууларга кар, жаан жааган. Алардын мындай түшүнүктөрү Саймалуу-Ташта да чагылып калган. Саймалуу-Таштагы чегилген сүрөттөрдүн жашы б.з.ч. эки миң жылдыктан биздин замандын биринчи миң жылдыгынын биринчи жарымына чейин туура келерин эске алсак, анда бул сүрөттөрдүн чегиле башташы Андрон, Карасук маданияттары менен мезгилдеш келет. Алтай жана Борбордук Азия элдеринин бири да тоголду билбейт. Демек, Саймалуу-Таштагы сүрөттөрдү кыргыздын байыркы ата-бабалары чеккен.

Он биринчи. Афанас, Андрон, Карасук, Тоогар, Таштык маданияттарынын эң олуттуу окшоштугу – дөбө мүрзөлөр. Дөбө мүрзөлөр Сак, Усун доорлорунда уланып, Кыргызстандын аймагында бүгүн да көп кездешет. Кыргызга таандык бул салт Афанас доорунда башталып, төрт жарым миң жыл уланып, бүгүн да кыргызга таандык топурак салуу салты сакталып келүүдө (жогорудагы кыргыз урууларына байланыштуу коло жана таш доорунда тиешелүү археологиялык маалыматтар Дастан Сарыгуловдун «Кемтилген китеп – кемиген кыргыз» китебинин 15–32-беттеринен (Бишкек 2007), ушул эле автордун «Жетиген» китебине баш сөз катары жазылган Кыргыздын байыркы тарыхы» деген иликтөөсүнөн (10–18-беттерде,Бишкек – 2013) алынып пайдаланылды).

Эми жогоруда кеп кылынган кыргыз таануу боюнча айрым тарыхый маалыматтар Айкөл Манас баатырдын ысымынын жер шаарынын бир катар жерлеринде көлдөргө, сууларга, тоолорго кастарлап коюлушу менен да бекемделет. Кыргыз өлкөсүндөсү мындай аталыштар көпчүлүккө белгилүү болгондуктан, алар жө­нүндө сөз кылбай эле коёлу.

Ал ами чет өлкөлөрдө «Манас» аталышына байланыштуу атоо­лор «Манас» энциклопедиясынын биринчи томунда (Бишкек – 1995, 413–424-беттерде), Д. Сарыгуловдун «Кемтиген китеп –кемиген кыргыз» (2007-жыл, 51–52-беттерде) деген эмгегинде  чагылдырылган. Мисалы, Индия өлкөсүндө аянты 8 миң гектар болгон «Манас» улуттук паркы, ал эми Бутан мамлекетинде 41,9 миң гектарды ээлеген «Манас» коругу бар. Экөө тең Манас дарыясы агып өткөн өрөөндүн боюндагы тропикалык токойдун арасында, жолборс, носорог (керик)ж.б. ар түрдүү айбанаттар көп жашаган аймакта жайгашкан. Ушул улуттук парк менен корук орун алган аймактан узундугу 400 км чамасындагы жаз, жай айларында суусу ташкындап кирген Манас дарыясы агып өтөт. Ал Гималай тоолорунан башталып, Брахмапатура дарыясына куят. Демек, Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутан өлкөсүнүн аймагында дарыянын, улуттук парктын жана коруктун аталышы – үчөө тең Манастын аты менен аталган. «Нарын дарыясынан секундасына 429 м3 суу акса, Индиядагы Манас дарыясынан секундасына 2400 м3 суу агат, же Нарындан беш эсе чоң!» деп кошумчалайт Д. Сарыгулов.

Кытайдын батышында да Манас деген дарыя бар, ал Чыгыш Тянь-Шандын түндүк капталындагы эң чоң дарыя, узундугу – 402 км. Бул дарыя Ирен – Кабыр деген ири мөңгү катмарынан башталып, төмөнкү агымы Жунгар түздүгү аркылуу өтөт да, Манас көлүнө куят. Сугатка пайдаланылат. Демек, мында да дарыянын жана көлдүн аталышына Манастын аты берилген.

ХХ кылымга тиешелүү «Худад ал Алам» деген фарс тилиндеги эмгекте Орто Азияда орто кылымдарда жайгашкан бийик тоолуу өлкөнүн аталышы Манас деп аталган. Ал эбегейсиз зор, көп тармактуу залкар тоо курамынан турган аймакты ээлеп жаткан. Бул өлкө түштүктө Тибет, түндүктө Тараз менен Шелжи (азыркы Талас өрөөнүнүн ортоңку бөлүгү), батышта Туран ойдуңу, чыгышта Кытай менен чектешкен. Манас тоо өлкөсүнүн негизги бөлүгүн азыркы Кыргыз Ала-Тоосу түзгөн. «Манас» деген аталыш араб жазуусунун тыбыштык системасына жараша «Манса», «Маниса» деп да окулган. Талас Ала-Тоосунун эң бийик чокусу Манас (Манас ата) ошол «Худад ал Аламда» белгиленген, «Манса», «Маниса», «Манас» ар түрдүү жазылган чөлкөмдө жайгашкан. Демек, бул эмгекте орто кылымда Орто Азияда «Манас» деген ысым мамлекеттин аталышы болгонунан кабар берет.

Өзбекстандын Самарканд жана Суркан дарыя облустарында жайгашкан Манас деген канал бар. Ал биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта курулган, узундугу 300 км. Каналдын нугу менен секундасына 45 м3 суу агат. Манас каналы менен Зарафшан жана Карши өрөөндөрүнүн кургак талаа, чөлдөрү сугарылган. Ал орто кылымдарда да Аксак Темирдин убагында да ирригациялык маанисин жоготпогон. Совет бийлигинин мезгилинде да бул канал кайра курулуп, кеңейтилген.

Тибеттин түштүк-батышында Гималай тоо кыркаларынын түндүк этегиндеги көл Манас деп аталат (жергиликтүү тилдеги айтылышы: Манасаровар, Манам-Цо). Көл деңиз деңгээлинен 4557 м бийиктикте. Аянты 500 чарчы км. Индия жана Тибет элдери Манас көлүн ыйык көрүп, ага сыйынышат. Экинчи бир Гималай тоо кыркыасындагы өтө бийик тоо катмары Манаслу деп аталат жана ал Непал мамлекетинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Манаслу дагы чокунун бийиктиги 8128 м, чоку тик, аска-зоокалуу. Бул чокуга биринчи жолу Тальцен Норгу баштаган жапан экспедициясы 1956-жылы чыккан. Бирок тоону ыйык деп эсептешкен Непал калкы мындай экспедицияларга каршылык көрсөтүп келишкен. Анткени Индия жана Тибет элдеринде Манас «ыйык», «сыйынт» деген маанини билдирет.

Ал эми Дагестанга караштуу Манасаул, Манаскент,  Манасмахи  деген кыштактар, Манас – Өзөн деген суу, Манасаблан, Манасматабы деген жер аттары, Манас курорту, Манас деген темир жол станциясы бар. Казак Республикасынын, Россия Федерациясынын аймактарында да Манас ысымына байланыштуу тоолор, ашуулар, арал, суулар, көлдөр кездешет.

Мына ушундай Айкөл Манас баатырдын ысымынан жаралган аталыштар жөнүндө ошол эле Коомдук Манас академиясынын академиги Дастан Сарыгулов төмөндөгүдөй ой жүгүртөт жана тыянактарын тартуулайт.

«Ушул ыйык, касиеттүү жер, суу, көлдөр качан, кайсы доор­до Манас деп аталган?

Дүйнө элдерине аты дүңгүрөп тараган Саргон Аккадский, Хаммурапи, Дарий, Кир, Македонский, Атилла, Чыңгызхан, Аксак Темир жана башкалардын ысымы менен канча чоку, улуу дарыялар аталган?

Будда, Конфуций, Христос, Мухамбет ж.б. улуу адамдардын ысымы менен канча жер-суулар аталган?

«Манас» деп аталгандын баары манихей диний агымын түп­төгөн Мануга байланыштуу деген пикирди окудум. Мануңун Алтай, Кытайга тиешеси жок. Экинчиден Өзбекстанда жайгашкан «Манас аттуу канал биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта курулган» деп ачык эле жазыльш жатпайбы?! («Манас» энциклопедиясында; 1-том, 1995-жыл, 418-бетте).

Деги эле Манас бабабыз б.з.ч. II кылымда жашаган Моде, биздин замандагы VIII кылымда жашаган Яглакар деген пикирлер, бир суроо менен жокко чыгарылат, «Биздин заманга чейин миң жылдыкта курулган канал анда кантип «Манас» деп аталды?»

Алар (Кытай падышалары) кылымдар бою согушуп келген көчмөндөрдүн баатырынын ысымын өз жерине койдурат беле? Демек, Ирен – Хабыр мөңгүлөрүнөн башталып, Жунгар түздү­гүнөн өтүп, Манас көлүнө куйган Манас дарыясы аталган доордо бул жерлер Кытайдыкы болгон эмес. Ал кайсы доор болушу мүм­күн? Индиядагы дарыянын Манас аталышы кайсы мезгилде болду экен? Ленинград шаары кайра Санкт-Петербург, Куйбышев кайра Самара, Фрунзе – Бишкек, Прежевальск – Каракол болуп аттары өзгөрүлгөнүнө жалпыбыз күбө болдук. Тарыхтын адилет сыноо, калыс таразасынан өткөн гана жер-суу, шаар­лардын аттарынын өмүрү түбөлүк болот турбайбы. Баскынчы, зомбулук.зөөкүрлүк жүргүзгөн башчылардын ысымы жер, суу, шаарларга коюлса да, көзү өтүп, же бийлиги бүткөндө кошо кетет экен.

Ал эми бөлөк диний ишенимде болгон ар кандай улуттардын өкүлдөрү Непал, Индия, Тибет, Кытай,Кавказ, Алтай аймактарныда Манас аталган жер, сууларды бүгүн да ыйык деп эсептеп, аларга сый-урмат мамиле кылганы эмнени билдирет?

Манас бабабыз, жалпы кыргыз эли байыркы заманда, дүйнөлүк ар түрдүү диний ишенимдер түптөлүп, тарай элек мезгилде элдердин эсине жакшылыгы, ыймандуулугу, нарктуулугу, салттуулугу, аруулугу менен терең сиңип калганын бил­дирет.

Эгер Манас бабабыз элдерди басып, кырып, зомбулук жүр­гүзүп, жамандык кылса, атактуу жер-сууларга коюлган ысымы эбак эле өзгөрүп, жок болот эле. (Дастан Сарыгулов, «Кемтилген китеп – кемиген кыргыз» китебинен. Бишкек – 2007, 51–52-беттер).

Дастан Сарыгулов «Манас» энциклопедиясына кирген мисалдарды кайталап айтуу менен чектелбейт. Фактылардын негизинде терең, ой жүгүртүп, Манас таануу боюнча туура нукта тыянакталган үлгүнү бөлүп көрсөтөт.

  1. Манас ысымынын дүйнөнүн чар тарабындагы жер-сууларга коюлуп калышы кокустук эмес, ал тарыхтын адилет сыноо, калыс таразасынан өткөндүктөн, түбөлүктүү аталышка ээ болуп калган. Бул – миңдеген жылдарга доордон доорго, замандан за­манга өткөн, туруктуулукка айланган таанып билүүнүн көөнөргүс жемиши. Ал эми мындай адилет сынак менен калыс тараза адамзаттык баалуулуктарды көрө билүүнүн чыныгы чен-өлчөмү болуп эсептелет.
  2. Манас атанын ысымы башка элдерди кырып жойгон баскынчылыктын, зомбулук эзүүнүн натыйжасында коюлбаган, эгер андай аталыш коюлуп калган күндө да, ал эч качан түбөлүктүү болмок эмес, сааты келгенде андай ысым опоңой эле өзгөрүлүп калмак.
  3. Ал эми Манас атанын ысымынын жер шарынын бир катар чөлкөмдөрүндө, аймактарында нечен мезгилди карытып, аты өчпөй аталып келе жатышы Манас баатырдын айкөлдүгүнө байланыштуу. Көпчүлүк Манас изилдөөчүлөр «айкөл» деген сыпаттамага көп токтоло беришпейт. Дастан Сарыгуловдун иликтөөсүнө таянып: «Айкөлдүк – Манас атанын дүйнө элдеринин эс тутумуна кылган жакшылыгы, ыйман-ызааты, нарктуулугу, салттуулугу, асылзаадалыгы, аруулугу менен сицип калгандыгын ырастаган эң жогорку кишилик сапат, теңдешсиз мүнөздөмө деп тыянак чыгарууга болот. Демек, байыркы доорлордо Манас баатыр башка элдерди чаап, баштууну жүгүнтүп, тизелүүнү бүгүлтүп алгандыгы менен эмес, улуу маданиятты, жан сактоонун эң мыкты усулдарын тикедентике жайылткандыгы менен айкөлдүк касиетке ээ болгон. Оболу, анын ысымы менен аталган башка өлкөлөрдөгү жер-суу аттары да, тоо, чокулар да ыйык саналган. Аларды бүгүнкү күнгө дейре сыйынып да, коргоп да келишет. Маселен, Непал мамлекетинин калкы бийиктиги 8128 метрлик Манас чокусуна чыкмак болгон чет өлкөлүк экспедицияларга азыркы күндө да каршылык көрсөтүп, бул ыйыктыкты бөтөн адамдардын тебелешин каалашпайт. Ал эми Индия менен Тибетте жайгашкан Манас көлүнө өлкө башчылары атайы келип сыйынып, андан чарчаганды унутуп, кадыресе кайрат, күч-кубат алып кетип турушат. Жазуучу Казат Акматовдун «Архат» деген романында айрым мамлекет жетекчилери кийин кайтыш болгондо, өрттөлгөн сөөгүнүн күлүн ушул касиеттүү көлгө чачып салууну керээз кылып калтырганын баяндаган.

Ушул айкөлдүккө байланыштуу кеп кылынган балбал таштын бир колундагы чөйчөк эске түшөт. Бул идиш адамдарга дан, азык, шыбага, энчи таратуучу буюм гана эмес, ал ырайымдуулуктун, боорукерликтин, бак-таалайдын, жакшылык кылуунун да белгиси болуп саналат, демек, чөйчөк аркылуу руханий ырыскы таратууну да түшүнөбүз. Мындай милдетти Манас баатыр да моюндап, анда эмгеги «айкөл» деген сыпаттама менен туюндурулган. Бирок бул аталыш «сыпаттоо» деген түшүнүктү артта калтырып, ысымга кошулуп айтылуу мартабасына көтөрүлгөн, ошондуктан көпчүлүк варианттарда «Айкөл Манас» деп айтылып, энчилүү атка айланган. Ошондуктан «Айкөл» деген аталыш эл-журтка, бөтөн элдерге кан-жаны менен кызмат кылган Манаска гана кошулуп айтылат.

  1. «Манас жашаган мезгил жер шарында дүйнөлүк диний ишенимдер калыптанып тарай элек учурга туш келет» деген Дастан Сарыгуловдун тыянагына кошулууга болот. Чынында, диний ишенимдер күчүнө кирип, дүйнөнүн туш тарабына кулачын кенен жайып турган кезде ,Манас ысымынын коюлушуна ар кандай себепетерден улам жол берилмек эмес. Дал ушул кырдаалдын өзү Манас диний ишенимдерден мурда жаралган деген ойду бекемдеп турат. Анткени ага чейин эле байыркы элдердин кан – жанына кылган жакшылыгы менен сиңип, өзгөргүс жана унутулгус болуп калган, кийинки жаралган диндердин анын атын өзгөртүүгө күчү, дарамети жеткен эмес. Ошол себептен Манас будда, христиан, ислам динин туткан өлкөлөрдө азыр да кебелбей жашап турат.
  2. Манас заманынын тамыры өтө тереңде. «Айкөлдүк» тү­шүнүгү бар кезде Алтай тоолорунун жана Борбордук Азиянын айланасында улуу Манастын маданий цивилизациясы жашап өткөндүгүнөн кабар берет. Ал эми Манасты жашартуу аракети жөн жеринин эмес. Ал үчилтиктин катмарларындагы эң ки­йинки окуялардын, айталы, кидандар, жунгарлар менен болгон жаңжалдардын кенен-чонон айтылгандыгына байланыштуу түшүндүрүлөт. Анткени улам берилеген сайын кийинки окуялар толук жана байма-бай чагылдырылат жана изи бараандуу сакталат. Ошентсе да ал окуялар «Манас» үчилтигинин байыркы катмарларын эч качан жууп кетире албайт.

Бир катар окумуштуулар менен катар үчилтик жөнүндө жекече пикир айткандар да тарыхта Манаска байланышкан жазуу маалыматтары жок экендигине, археологиялык материалдар менен бышыкталып такталбагандыгына, ал болгону кыргыз элинин жалаң фольклордук жөндөмүнө жана ыр жандуу поэтикалык талантына байланыштуу жаралган ири, залкар туунду болуп эсептелерине бекем басым жасап келет. Ал эми жер планетасынын көп аймактарында нечен көлдөргө, сууларга, тоолор­го Манас баатырдын ысымы ыйгарылып, ал сакталып да, айтылып да келе жатат. Бул – факты, башка археологиялык маалыматтардан кем калбаган тарыхый материал. Болгондо да 2–3 миң жылдап Непал, Индия, Тибет, Орто Азия, Кытай,Кавказ, Россия аймактарында сакталып, унутулбай колдонулуп, ал эмес, ыйык катары корголуп да келаткан аталыш. Демек, ушунун өзү чоң тарых, илимий факт. Муну моюнга албай коё албайсың.

 

 

Алтынчы сөз

Чачылууну  биригүүгө айландырган акылмандык

Ошентип, элдин ар кандай шартта көчүп, качып-бозуп жүрүп жок болбой, бар болуп жашашы үчүн эң негизги таяныч, кубаттуу, күчтүү жана алмаштыргыс курал – биригүү, бирин-бири уга билүү, алгоолошуу, эриш-аркак ынтымакташып элди, мамлекетти коргоо, анын коопсуз өнүгүшүн камсыздоо. Биригүү жөн же ураан эмес, ал жан этти жеп, башты сайып жүрүп майнаптуу уюштуруу иштерин жаратуу. Ал эми биригүүдө, ынтымакташууда баарыбыз бир нерсеге өзгөчө көз карандыбыз, ал – уюштура билүү. Ал эми үзүрдүү уюштуруунун башында Айкөл Манас ата турат. Ал ар бирибизге үзүлгөндү улоого, чачылганды жыйноого жардам берет. Ал сенин, менин – баарыбыздын, келечекте кийинки келүүчү тукумдун да ичтен тиреп турган солк этпес тирөөчү. Ал үстүбүздөгү XXI кылымда да үлгү катары баарыбызга кызмат кылат.

Демек, «Манастагы» «кулаалы таптап куш кылган, тентигенди жыйнап журт кылган: …биригүү – жоготууга, чачылууга каршы колдонулган турмуш тажрыйбасы;

…биригүү – улуттун нукура салты, жол-жосуну, тарыхый басып өткөн жолундагы табылгасы;

…биригүү – тиричиликтеги керектүүлүк жана зарылдык;

… биригүү – кагазга жазылбаган жана баарына кызмат кылган улуу мыйзам;

… биригүү – түбү түптүү саясат, аракет өзөгү;

… биригүү – күн тартибинен алынбаган сактануу жана коопсуз жашоо, камырабаган тиричилик өткөрүү;

… биригүү – ынтымактуу жашоону камсыз кылган бардык жолдорду кыйшаюусуз колдонуу, аны ар дайым колдон чыгарбоо дегендик;

…биригүү – өлкөдөгү саясий жана коомдук күчтөрдүн,

өндүрүшчүлөрдүн, уруу – уруктардын өз ара милдеттүү түрдө чырмалыша эриш-аркак өнүгүүсү;

…биригүү – руханий дөөлөттөргө милдеттүү түрдө жөлөнүү;

…биригүү – улут менен мамлекеттин жок болуп кетпей жашашынын жана өнүгүшүнүн кепилдиги.

Мындай биригүү Манастын заманынан кийин да кыргыз элинде ар дайым колдонулуп келген. Бөксөрсө да, чачылса да. Элдин өзөгүн эч нерсе жоюп жибере албаган. Чачылса – бириккен. Ошондуктан Калыгул олуя (1785–1855): «Ырыс алды – ынтымак, Ынтымагың жок болсо, Алдыңан таяр алтын так» –деп туптуура белгилеген. Демек, ынтымак биригүү аркылуу түзүлөт, ал эми ынтымагың ыдыраса, алтын тактуу мамлекетиң да кулайт. Бул ой «Манастагы» түпкү мүдөө-максаттардын улантылышы болуп саналат. Ошентип, Кыргыз Республикасында 2014-жылдын «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылы» деп жарыяланышы Манас атадан берки келе жаткан, нечен заман, кылымдарды карыткан биригүү, ынтымакка байланыштуу түпкү мүдөө – максаттардын бардык коомдук жана мамлекеттин иш-аракеттердин чордонуна коюлуп, алардын турмушка ашырылышында орошон, өтөлгөлүү жана өнөгөлүү жумуштар жаралат деп ишенүүгө мүмкүндүк берет.

Демек, кыргыз элинин басып өткөн жолунда нечен оор кырдаалда өткөн ички жана тышкы душмандардын кылычы астын­да канчалык куугунтук, кырып-жоюу, көчүрүү, жер ооду кылуу, тен­титүү тынымсыз болуп турса да, жок болуп кетпей, Манастын эли ошончолук күчөп, кайрадан баш кошуп биригүү, топтолуу аркылуу мукам тилин, ийкемдүү салтын, буудай иреңдүү жүзүн сактап, мекенин коргой билген. Мындай натыйжалуу ара­кеттердин өтөлгөсү – чачылууга каршы биригүүнү кое билгиндиги.

Ошентип, чачылууну биригүүгө айланта алган элдик акылмандыктын сыры – «Манас» үчилтигинде.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер