МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: АР БИР ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТИН ӨЗӨГҮ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

  • 13.12.2019
  • 0

Ар бир өнүккөн мамлекетин өзөгү – сапаттуу билим берүү. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылындагы орто мектептин имаратына капсула салуу салтанатында айтты.

МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: АР БИР ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТИН ӨЗӨГҮ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

«Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын кармануу менен Өкмөттүн ишиндеги негизги багыттардын бири билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, педагогдордун эмгек жана иштөө шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Эгерде билимдүү болсоң, ар кандай кыйынчылыкты жеңе аласың. Билими жок кандай эмгек болбосун, жыйынтык бере албайт. Соода, курулуш, дыйканчылык – мунун баары бизге билим аркылуу келе турган белгилүү бир жөндөмдөрдү талап кылат», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы эки жылда 350дөн ашуун социалдык объект салынды, алардын басымдуу бөлүгү – бул мектеп жана бала бакчалар.

 

«Муну менен бирге биз билим кени болгон мугалимдердин материалдык абалын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Дал ушул максаттарда быйылкы жылы мугалимдердин айлыгы 30% жогорулатылды. Мындан тышкары Ысык-Көлдүн жээгинде педагогдор үчүн пансионаттын курулушу жүрүүдө. Ушул ардактуу кесип ээлеринин өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн жашоо шартын эске алуу менен жеткиликтүү ипотеканын жаңы механизми иштелип жатат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 1 млрд сом, мамлекеттик бюджеттен дагы 500 млн сом бөлүнгөн. Билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин жашоосун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар муну менен чектелбейт. Анткен менен жаңы мектептерди куруп жана айлык акыны көбөйткөн менен, мугалим ишине толук бойдон берилбесе, кырдаал жакшырып кетпейт. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдөн өлкөбүздүн келечеги көз каранды. Балдарыбызга кандай билим берсеңиздер, мамлекетибиз ошондой болот», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: АР БИР ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТИН ӨЗӨГҮ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

Премьер-министр эмгекти сүйгөн эл гана зор ийгиликке жетишерин белгиледи.

 

«Дүйнөдө мунай заты, алтыны, газы жок өлкөлөр бар, бирок алар экономикалык жактан өнүгүүгө жетишкен. Мунун баары билимдин жана эмгектин натыйжасында. Аймактарды өнүктүрүү боюнча программа эки жылдан бери ишке ашырылууда. Биргеликте аракеттенүү менен алдыга койгон максаттарыбызга, тагыраак айтканда, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө жетише алабыз», — деп Премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.

МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: АР БИР ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТИН ӨЗӨГҮ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

 

Маалымдама: Озерное айылындагы мектептин курулушу быйыл башталды, объект 2021-жылы эксплуатацияга берилет. Долбоор Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген  насыялык каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылууда.

 

Объекттин жалпы сметалык баасы 1,3 млн АКШ долларын түзөт. Жаңы мектептин имараты 375 окуучуга ылайыкталган. Учурда балдар 200 орундуу эски мектепте билим алууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер