МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ

  • 15.06.2021
  • 0

2021-жылдын 10-июнь күнү Ж.Баласагын атындагы КУУнун  педагогика факультети, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жана университеттин бириккен профсоюздук комитети менен биргеликте студенттер арасында өткөргөн «Мен мугалим болом» жана «Мен китепти ачсам, китеп мени ачат» аттуу республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ

Аталган сынакка он  жогорку окуу жайдан кырктан ашык студент катышты. Финалдык турга 16 студент чыгып, сынактын жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан аныкталды. Алсак,  Баш байге – артыкчылык диплому менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинин студенти Күрүчбек кызы Мээрим менен  А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогика университетинен  Абдыразакова Сабина сыйланышты.  1-орунду Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультетинен Күмөнова Алина, Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинен Туратбекова Адина  жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун орус жана славян филологиясы факультетинин студенти Хасанова Тахмина камсыз кылышты. Ал эми 2-орунга Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинен Апшүкүрова Алина,  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Шайлообекова Алина,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинен  Бейшенбекова Малика  жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенти Таалайбек кызы Жылдыз чыгышты. Ошондой эле 3-орунга К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен Жолчубек кызы Нагима менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен Шакиева Нурзада  татыктуу болушту.

МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ

Бүгүнкү оош-кыйыш заманда, болгондо да мугалимдик кесиптин аброю түшүп, жарыбаган айлыктын көзүн караган мугалимдерди көргөн жаштар башка кесиптерди тандап жатышканы ачык. Бирок мамлекеттин келечегин ойлогон, алысты көрө билген жаштар жок эмес. Уучубуз кур эмес экен, болгондо да мугалимдик кесипти тандап алып,  контракт төлөп окуп жаткандары мактоого арзыйт. Сынакка активдүү катышып, байгелүү орундарга илинбей калгандарга уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар  тапшырылды. Алар: Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинин студенти Касымали кызы Гулина, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен  (Ош)  Жаныбаева Робия, Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинен  Талантбек уулу Автандил,  Т.Эрматов атындагы Музыкалык-педагогикалык колледжинин студенти Сыргаков Мухаммед Али жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинен  Рыспекова Асель.

— Финалга чыккан 16 студенттин ичинен 13 студентке Улуттук университеттин пансионатына 27-30-июнга чейин үч күндүк акысыз жолдомо берилди. Алар:  Күрүчбек кызы Мээрим, Абдыразакова Сабина, Күмөнова Алина, Туратбекова Адина, Хасанова Тахмина, Апшүкүрова Алина, Шайлообекова Алина, Жолчубек кызы Нагима, Таалайбек кызы Жылдыз, Шакиева Нурзада, Жаныбаева Робия, Сыргаков Мухаммед-Али, Рыспекова Асель. Ал эми үч студентке кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйлыктар тапшырылды.  Талантбек уулу Автандилге, Касымалы кызы Гулинага жана Бейшенбекова Маликага. Кадрларды кайра даярдоо жана кесипти жогорулатуу факультетинин деканы Алайбек Шамшиевдин колдоосу менен «Автомектеп Brabus» жоопкерчилиги чектеген коому тарабынан үч студентке В категориясындагы айдоочулук укугуна ээ болуу үчүн 2,5 ай акысыз окууга сертификат тапшырылды: Күмөнова Алина (Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультети), Туратбекова Адина (Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети), Хасанова Тахмина (Ж.Баласагын атындагы КУУнун орус жана славян филологиясы факультети), — дейт “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова.

Жыйындын жүрүшүндө методисттерге КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков тарабынан “Rixos Tour” туристтик агентствосунан Түркия мамлекетинин Анталия шаарына сегиз  күндүк эс алууга жолдомо тапшырылды.

Баса, байге фондуна Кыргыз Эл жазуучусу, профессор С.О.Байгазиевдин (32 китеп), профессор С.А.Тиллебаевдин (20 китеп), “Ыйман Нуру” партиясынын лидери, жазуучу, акын Н.К.Кадырбековдун (50 китеп), ББжИМ алдындагы “Окуу китеби” борборунун директору К.К.Акматовдун (30 китеп) авторлугундагы жана дүйнөлүк бестселлерлерден жалпысынан 132 китеп тартууланып, студенттер жана методисттерге белекке тапшырылып, конкурсанттардын окуган окуу жайларынын ректорлоруна, декандарына жана методисттерине ыраазычылык кат тапшырылды.

“Мен мугалим болом”  республикалык сынак үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

«Мен китепти ачсам, китеп мени ачат»

МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ

Бул китеп окуу сынагында студенттер Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» жана япон жазуучусу Китами Масаонун «Кылычсыз Самурай» чыгармаларын бир ай (18-марттан — 15-апрелге чейин) аралыгында окуп чыгышып, 2021-жылдын 10-апрелинде google тест шилтемеси аркылуу алдын ала түзүлгөн тесттен өтүшкөн. Сынакка жалпы 56 студент катышып, алардын ичинен суроолорго туура жана убакыты менен  жооп берген  төрт ЖОЖдон он студент өзүнүн мыкты окурман экенин көрсөтүштү.

МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенти Себетова Сымбат багындырып, I даражадагы диплом жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин пансионатына 27-30-июнга чейин үч  күндүк акысыз жолдомо, Советбек Байгазиев, Садык Тиллебаев, Нуржигит Кадырбеков, Кыялбек Акматовдордун китептери, дүйнөлүк бестселлерлер менен сыйланды. Ал эми калган 2-3-орундарга II, III даражадагы дипломдор, жогорудагы авторлордун китептери берилди.  2-орун — Наби кызы Элиза,  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти, ал эми  3-орунга  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кесиптик колледжинин студенти СейталиеваМээрим чыкты. Калган жети студентке Ардак грамота, китептер, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Алардын атын атабасак да болбойт. Алар: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти  Нургазы кызы Төлөнбүбү, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти  Доктурбекова Айзат, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти Султанова Аккуш, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенти  Бейшенбекова Калия, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик колледжинин педагогика факультетинин студенти Анаркул кызы Нурзада, М.Рыскулов атындагы Кыргыз экономикалык университетинин экономика факультетинин студенти Айткулиева Чолпон жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти Асанкулова Айдай.

Ошентип, мугалимдик кесипти тандап алган студенттер сынакта келечекте мыкты педагог болоорун далилдешти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер