АРДАГЕР МУГАЛИМ АЙЫМКҮЛ АПА

  • 12.12.2019
  • 0

 

Карылыктын кадырлуу төрүндө, неберелерине сабак даярдашып, ага кошумча мектепке барып, жаш мугалимдерге акыл-насааттары менен бөлүшкөн ардагер мугалим Айымкүл Сатаеванын эс тутумунун зиректиги, такыбалыгы, акыл-эсинин тунуктугу кимди да болсо суктандырбай койбойт. Ал ушул жылы 80 жашка чыгат.

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын тургуну,  убагында мектепте мугалим, мектеп директору болуп иштеген Айымкүл Сатаева 1940-жылы Талас районундагы мурдагы Көпүрө-Базар, азыркы Каракол колхозунда жарык дүйнөгө келген. Башталгыч билимге ошол эле айылдагы Токтогул атындагы жети жылдык мектептен, орто билимди Талас шаарындагы жатак-мектептен, №1 кыргыз орто мектебинен алган.

— Өзүм беш бир тууганмын. Бир туугандарымдын баары медицина тармагында эмгектеништи, үй-бүлөдө мен гана мугалимдик кесипти тандап, 1958-1963-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунан математика мугалими кесиби боюнча билим алгам. Окууну аяктаар замат, Кемин районундагы Бейшеке айылындагы мектепке бөлүндүм. Ал кезде турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп калгам, бирок шаардагы мектептерге калып иштөөгө орун жок болгондугуна байланыштуу, бөлүнгөн жакка барып иштөөгө туура келди. Жолдошум борбор калаадагы автожол техникумунун студенти эле, ал шаарда калды, мен барып-келип шартка жараша иштеп жүрдүм. Мен барганда дароо эле окуу бөлүмүнүн башчысы, математика мугалиминин жардамчысы кылып бекитишти. Ал кезде талап аябай катуу боло турган, ким каякка бөлүнсө, ошол жерде сөзсүз иштеп келүүгө тийиш болчу,-деп  эскерет Айымкүл апа алгачкы эмгек чыйыры башталган кезди.

1966-жылы өмүрлүк жары Асанканов Үсөн бир үйдүн ата-эне багар кичүү баласы болгондуктан, ата-эне багуу милдетин аткарууга, бир чети эки жылдык иштеп берүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ак-Талаа районуна көчүп кетишти. Ал кезде жаш үй-бүлө эки балалуу болуп калышкан эле.

— Келин болуп түшкөн жерим Ак-Талаа районунун Чолок-Кайыңды айылы болгондуктан, ошол айылдагы мурдагы Ленин атындагы №1 мектеп, азыркы Календеров атындагы мектепте эки жылдай математика мугалими болуп иштеп жүрдүм. Жолдошум автожол техникумунун механика факультетин аяктап, ал да мектепке ишке орношту. Ал айылда эки жылдай иштегенден кийин, биздин айылдан кийинки Коңорчок деген айылда жаңы мектеп ачылып, мени ошол мектепке директорлук кызматка которушту.  Мектеп директору болуп 1968-1978-жылдары иштедим. Андан кийин ден соолугума байланыштуу, өзүбүздүн айылга которулуп, катардагы мугалим болуп иштеп жүрдүм. Баш-аягы өмүрүмдүн 30 жылын мектепке, балдарга билим-тарбия үйрөтүүгө жумшаптырмын. Жаман болгон жок, убагында өкмөттүн да, элдин да урмат-сыйын көрүп дегендей, элдин алкышына татырлык эмгек өтөдүм деп ойлойм. 1970-жылы Лениндин 100 жылдыгында юбилейлик медаль менен сыйландым, эки жолу айылдык кеңешке депутат шайлашты, социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болдум дегендей, ак эмгегим татыктуу бааланды десем болот,-дейт Айымкүл Сатаева.

АРДАГЕР МУГАЛИМ АЙЫМКҮЛ АПА

Уулу Эдил, кыздары Айна, Гулина менен.

80ден кырына келсе да баскан-турганы, сүйлөгөнү тың, акыл-эси тунук, эс тутуму жагынан жаштарды суктандырган ардагер мугалим ар бир даталарды, айрыкча, уул-кыздарынын, неберелеринин туулган күндөрүн так билгенин, ал тургай, телефондорун жатка билерин укканда, чындап эле суктанбай кое албадык. Аябай такыба, адилет кишилерди адатта “СССРдин кишилери” деп коет эмеспизби, калп айткан менен болобу, азыр биз кийинки муундарга союздун үлгү болор тарбиясын суктануу менен соңуркап айтып калбадыкпы. Айымкүл апа азыркы мугалимдерди өзү иштеп жүргөн кездеги мугалимдерге салыштырып, кээ бир мугалимдердин бала окутууга жасаган мамилесине ичи чыкпай жүргөнүн жашырган жок.

Жалкоо мугалим жарытып окутпайт

Өмүрүнүн гүлгүн курагын балдарды тарбиялап-өстүрүүгө арнаган ардагер мугалим жаш кесиптештерине өзүнүн билгендеринен бөлүшкөндү жакшы көрөт, жаштар анын кеп-кеңешин укса, бирде болбосо бирде, жардамы тийип калар дейт.

— Адамдын адам болуп калыптанышы мугалимдерге байланыштуу, өзгөчө башталгыч класстын мугалимдеринен көп нерсе көз каранды. Бардык кесипте жан дили менен иштегендер да, жалкоо да адистер болот эмеспи, бирок мугалимдик кесипте жалкоолукка жол берүү күнөө болор деп ойлойм. Анткени мугалимдер келечек муунду тарбиялап жатышпайбы, алардын алган билиминен, тарбиясынан бүтүндөй бир өлкөнүн тагдыры көз каранды. Эсимде, менин уулум башталгыч класста Жумаш Саматова деген мугалимден окуган. Анын класстагы 31 окуучунун баары мыкты окугандыктан, 3-4 баладан башкасынын баары жогорку билимге ээ болушту. Алардын арасында илимдин кандидаты, врачы, мугалими да бар.

Мен өзүмдүн тажрыйбамдан улам айтаарым, мугалим окуучуга берген үй тапшырмасын сөзсүз текшериши керек. Үй тапшырманы эртеси талап кылбаса, бала окубайт, жоопкерчиликти да сезбей калат. Мисалы, мен азыр неберелеримдин сабактарын өзүм көзөмөлдөп турам. Үй тапшырмаларына көз салам, бааларын текшерем, кээ бир сабактардан начар баа алып калса, мугалимдерине барып сурайм, эмне себептен теманы түшүнбөй калганын иликтейм. Азыр айрыкча, орус класстагы кыргыз тили сабагынан көп көйгөйлөр бар. Балдар кыргыз алфавитин толук билбей калып жатышат. Бул мугалимдин кемчилиги деп эсептейм. Балдар ң тамгасын айтпай, ал тургай билбей калып жатат, себеби орус тилинде ө, ң, ү тамгалары жок деп мугалимдер да маани бербей жатканы тап-такыр туура эмес,-деген ойлору менен бөлүштү.

“Неберелеримди окутуп отуруп, 3-класстын программасынан кыйналып калам” деген ардагер мугалим, баланын окуусуна ата-эне сөзсүз жардам бериш керек деп эсептейт.

— Азыр окуучулардын программасы аябай татаал, анын үстүнө адистер да сырттан окуп диплом алышат, сапаты да ошого жараша болуп жатпайбы. Мугалим көп иштеп, көп изденип, көп окушу керек, азыр интернет заманында мугалим окуучусунан аз билип калып уят болуп калышы мүмкүн. Мен дайыма билим башаты — башталгыч класс деп айтам. Ошондон жакшы чыккан окуучу жогорку класстардан камчы чаптырбайт. Ырас, азыр диплому барларга караганда, диплому жоктордун жашоосу жакшы болуп жатпайбы, бирок бул деле убактылуу көрүнүш деп эсептейм. Билимдүү адам дайыма алдыда болот, анын эмгеги эртели кеч бааланат,-дейт ардагер мугалим.

АРДАГЕР МУГАЛИМ АЙЫМКҮЛ АПА

Небереси Нурзада менен Туркияда.

Өзү окуткан окуучуларынан Эркинбай, Гүлзада сыяктуу алды илимдин кандидаты болгон балдары бар. Мурдагы окуучуларынын аты-жөнүнөн бери ушул кезге чейин унутпай айтып, кимиси каякта кандай кызматта, кандай шартта жүргөнүнөн бери кабардар болуп турат, “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, балдары жакшы чыкканын укканда сүйүнүп, ичинен сыймыктанып калат.

Айымкүл апанын арноо ырлары

Айымкүл апа менен Үсөн аба жалпысынан тогуз бала балалуу болушканын, үч эм, эгиз да төрөгөнү менен, азыр аман калган үч кыз төрт баланы эрезеге жеткирип, баарын жогорку билимге окутушту. Балдарынын баары медицина тармагында эмгектенишет. Улуу кызы Анара гана ата-энесинин кесибин жолдоп, тарбиячылыкты тандады, ал учурда Нарын шаарындагы балдардын жатак-мектебинде тарбиячы болуп иштейт. Уулу Эдил, кыздары Айна, Гулина медицина тармагынын адистери. Анан, Айымкүл апаны кубандырганы, келини Элвира — кесиби боюнча орус тилчи. Алты жылдан бери мектепке чейинки даярдоо бөлүмүндө балдарды окутат.

АРДАГЕР МУГАЛИМ АЙЫМКҮЛ АПА

80 жаштын даамын сызып отурган Айымкүл апа жакын кишилерине арнап ыр жаза коет. Мындай жөндөмү студент кезде эле бар болгону менен, гезиттерге деле жарыялап ачыкка чыгарган эмес, тек гана жакындарынын жакшылыктарына көңүлдөн чыккан аруу тилектерин төрт сап ырга батырып, аны атайын алкакка салып кооздоп анан берет. Мындайда таенесине небереси Асылай жардамга келет, кимге кандай ыр жазуу жөнүндө экөө тымызын кеңеше коюшат. Асылайга айрыкча таенесинин ырларынын ичинен өзүнүн атасына арнаган ырлары аябай жагат.

Жибектей жумшак мүнөзүң,

Жылмайып аста күлөсүң,

Олдоксон орой кеп айтпай,

Дос-тууган баркын билесиң…

Бул саптар ооруп кыз-күйөөсүнүн колуна келгенде күйөө баласынын ызаатына ыраазы болгон эненин ыры, сыйы…

— Арноо ырларым көп эле, айрыкча, быйыл көп арноо жаздым окшойт, анткени кыздарым Гүлина, Гүлмайрамдар, алардын классташтары, бирге жүргөн жолдоштору 50 жашка чыгышып, той берип жатышат. Баардыгына болбосо да, көбүнө көңүлдөн чыккан каалоо-тилектеримди жазып койдум. Төрт баламдан азыркыга чейин 13 небере, 8 чөбөрө көрдүм. Андан тышкары, кайнагаларымдын балдары-кыздарын кошкондо өзүнчө эле бир чоң шаарбыз. Жараткан ушул берген жакшылыктарын кут кылсын, айлананайындар,-деп ак батасын берген, төрдүн көркү ардагер агартуучу Айымкүл апабызды биз да 80 жаш кутман курагы менен куттуктап, бакубат жашоо каалайбыз.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер