Т .УСУБАЛИЕВ — КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ

  • 03.12.2019
  • 0

  Октябрь,  ноябрь айларында Кочкор райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Кочкор жаштар кеңеши” коомдук бирикмеси  Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата  “ Т.Усубалиев – кечээ, бүгүн, эртең ” — деген темада мугадимдер арасында сахналаштырып көрсөткөн сынактарды өткөрүштү.

Т .УСУБАЛИЕВ - КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ

Мектеп директору  Д.Айдарбековдун берген маалыматына таянсак,  бул сынакка Кочкор районунун 26 мектеби катышып, таланттуу агай-эжейлер  катышуучуларга өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.

Турдакун Усубалиевдин кыргыз мамлекетине жасаган эмгегин, басып өткөн жолун, кылган эмгектеринин учурдагы баалуулугун жаштарга, кийинки муундарга тарбия, сабак катары кеңири чагылдырып беришти. Сынакка катышкан, Ак-Жар, Нинакан Жүндүбаева, Оро-Башы, Кайып Темиров, Таалай Курткаев атындагы мектептин мугалимдери өз чыгармачылыктары менен Турдакун Усубалиевдин балалык, студенттик чагын, кийинки партиялык кызматтардагы, депутат учурунда кыргыз элине жасаган эмгектерин сахналаштырып коюп беришти.

  • Сынактын жеңүүчүлөрү Кочкор коомунун каржылануусу менен баалуу сыйлыктарга, ардак грамоталарга татыктуу болушуп, Ак-Жар, Нинакан Жүндүбаева, Алма-Ата шаарына бир күндүк эс алууга, Оро-Башы, Кайып Темиров Ысык-Көлгө үч күндүк эс алууга, Таалай Курткаев атындагы орто мектебинен катышкан мугалимдер 5000 сом менен сыйланышты. Ушундай эле кыргыз тили жана тарых мугалимдери арасында “ Т.Усубалиев – кечээ, бүгүн, эртең ” — деген темада дил баян жазуу сынагы жүрүп жатат. Сынактын жыйынтыгы 27-ноябрда жыйынтыкталмачы. Баардык мектептерде мааракеге арналган дубал газеталар чыгарылып, дил баяндар жазылып, сценкалар коюлуп, видео роликтер көрсөтүлүп, эскерүү кечелери өткөрүлүүдө.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер