ОН МИҢ МУГАЛИМ БЕШ ПРЕДМЕТ БОЮНЧА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫН ҮЙРӨНӨТ

  • 02.12.2019
  • 0

ОН МИҢ МУГАЛИМ БЕШ ПРЕДМЕТ БОЮНЧА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫН ҮЙРӨНӨТ

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын техникалык жардамы менен 7-11-класстын мугалимдерин математика, физика, химия, биология жана география предметтери боюнча жаңы билим берүү стандарттарын окутуп жатат.

Өлкө боюнча жалпы 10 000 педагогду окутуу пландалган. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери үчүн уюштурулган “Пландаштыруу, башкаруу жана сектордун иш-аракетинин дареметин арттыруу” семинарында айтылды.

Министр Каныбек Исаков семинарда талкуулай турган маселелердин баары өтө маанилүү экендигине токтолуп, ал аркылуу мектеп реформасы кайсы багытта өнүгүшү керек деген өзөктүү суроого жооп издешибиз керек деди.

ОН МИҢ МУГАЛИМ БЕШ ПРЕДМЕТ БОЮНЧА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫН ҮЙРӨНӨТ

«Бүгүн коомчулук бизден  мектептеги окутуунун сапатын кантип көтөрөбүз, окуу китептери кандай болушу керек жана эң башкысы — мугалимдин аброюн кантип көтөрүп, анын кесиптик чеберчилигин кантип арттырабыз деген суроолорго жооп күтүп жатат«,-деди министр.

Семинарда долбоордун консультанттары, министрликтин кызматкерлери менен биргеликте билим берүүдөгү гендердик мамиле, аны практикада колдонуу аспекттери, 7-9-класстар үчүн табигый илимдер жана математикалык багыттагы предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстердин апробациялоо тажрыйбасы, окуу китептерин басып чыгаруу жөнүндөгү иштелип жаткан жаңы жобонун негизги учурлары, окуу китептерин ижарага берүүнү ишке киргизүүдөгү көйгөй жана натыйжалары боюнча презентациялар катышуучуларга сунушталды.

Ошондой эле, семинарда мугалимдин кесиптик стандартынын болжолу, аттестациялоо, мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жана аны күндөлүк педагогикалык практикасына ишке киргизүү суроолору талкууланды.

ОН МИҢ МУГАЛИМ БЕШ ПРЕДМЕТ БОЮНЧА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫН ҮЙРӨНӨТ

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо боюнча республикалык институтунун директору дистанттык билим берүүнү (онлайн) колдоонуу менен квалификацияны жогорулатуу системасын реформалоо кантип ишке аша турганын көрсөттү.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү: билим берүү системасын бекемдөө” долбоору тарабынан уюштурулду.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер