СТУДЕНТТИК ЖАТКАНАЛАРДЫН ШАРТЫ ЖАКШЫРТЫЛАТ

  • 22.11.2019
  • 0

Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жатаканаларындагы студенттердин жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу чыкты.

СТУДЕНТТИК ЖАТКАНАЛАРДЫН ШАРТЫ ЖАКШЫРТЫЛАТ

Ага ылайык, ар бир окуу жайдын жетекчилери бир жумалык мөөнөттө жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканаларындагы жашоо шартты текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча планын бекитиши зарыл. Анда:

  • окуу жайдын жатаканаларынын бардык имараттарын капиталдык жана утурумдук оңдоо графиги;
  • жатаканада жашоо коопсуздугун камсыздоо (сакчылыкты, тегерегиндеги чөлкөмдү жарыктандыруу, видео-байкоо камераларын орнотуу, өрт коопсуздугуна тиешелүү жабдууларды жаңыртуу ж.б.у.с.);
  • жатаканалардын окуу жана эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу;
  • тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо;
  • жатаканада жашаган студенттерди акысыз WI-FI менен камсыздоо жагы каралышы абзел.

Заманбап талаптарды эске алуу менен жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканалары жөнүндө жоболорго инвентаризация жүргүзүлүп, зарыл болсо, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилиши керек:

— жатаканада жашаган студенттер үчүн медициналык тейлөөнү камсыз кылуу (медициналык пунктту жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлгө туруусунун графиги);

— жатаканада окутуучулардын көзөмөлгө туруусунун графигин бекитүү;

— окуу жайдын жатаканаларында жашап жаткан студенттердин маалымат базасын түзүү;

— студенттик кеңештердин тарбиялык жана маданий иш-чараларды уюштуруу жаатындагы иштерин жандандырсын.

Буйруктун негизинде окуу жайлардын жетекчилери жатакана шарттарын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу БИМдин Кесиптик билим берүү башкармалыгына маалымат берип турууга милдеттүү жана алардын жоопкерчилиги каралат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер