ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ

  • 21.11.2019
  • 0

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 80 жыл мааракесин белгилеп жатат.

Кыргыз маданиятын, искусствосун Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайысыз элестетүү мүмкүн эмес. Аталган окуу жай  80 жылдан бери кыргыз музыкасынын башаты, залкарлардын учкан уясы, искусствонун очогу болуп, улуу таланттардын устаканасы болуп келатат. Бул окуу жайда  билим алган окуучулар салттуу улуттук музыкадан дүйнөлүк классикалык музыканын сырларын, тарыхын, салттарын үйрөнүшөт. 80 жыл аралыгында аталган окуу жайдан тарбияланган миңдеген музыка адистери кыргыздын көркөм өнөрүн өнүктүрүүдө, кыргыз искусствосун дүйнөгө таанытууга зор салым кошуп келишти жана дагы кошо бермекчи.

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ
80 жылдык тарыхы бай окуу жай

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы Кыргыз Республикасынын Элдик кеңеш комитетинин токтому менен 1939-жылы борбор шаарда музыкалык-балет училищеси болуп уюштурулган.

1940-жылы 1-сентябрдан баштап толук кандуу иштеп, окуучуларды кабыл алышат. Алгачкы директору Ф.А. Поляков, окуу бөлүмүнүн башчысы Б.А.Орлов болгон.

1944-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрдү уядан учурган, 1945-жылы окуу жайга залкар эл композитору, кыякчы, комузчу Мураталы Күрөңкеевдин ысмы ыйгарылып, анын атына стипендия бекитилген. Биринчи стипендияттар белгилүү композиторлор  Н. Давлесов, С. Медетов болуп, биринчи кызыл дипломду, кийин көптөгөн убакыттар бою вокалдык бөлүмдү жетектеген Т.Е. Виленчик алган.

Бул окуу жайдан кыргыздын залкарлары, СССРдин эл артисттери Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтакунова, Кыргыз эл артисттери Насыр Давлесов, Э.Жумабаев, С.Бекмуратова, С.Чоткараева, Э.Мойдунов, Б.Жандаров, С.Жумалиев, А.Бөдөшев, К.Эралиева, К.Азыкбаев, Р.Аманова  жана башка таланттар билим алышкан.

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ

Окуу жайы 1981-жылга чейин музыкалык жана хореографиялык адистиктерди айкалыштырып келип, көптөгөн,  алардын ичинде  Ч. Жаманова, Б. Арунов, С. Жокобаева, Б. Суслов, М. Бобкова, Г. Милентьева, Р. Баетова, Ч. Базарбаев жана башка көрүнүктүү балет артисттери дал ушул окуу жайдан тарбияланып чыгышкан. Кыргыз эстрадасынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров да ушул окуу жайда окуган.

1990-жылы окуу жайда залкар комузчу, кыякчы М.Күрөңкеевдин музейи ачылган.
2007-жылы Кыргызстандагы АКШ элчилигинин көмөгү менен америкалык музыка борбору ачылып, ал жерде Интернет, аудио-видео, сейрек кездешүүчү ноталар менен таанышууга, СD, DVDни кеңири колдонууга, батыш музыкасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Окуу жайда учурда 300дөн ашуун студент билим алууда. Аларга 80ден ашуун  кесипкөй адис мугалим сабак берет.

Окуу жайда  кыргыз эл аспаптары, фортепиано, вокалдык искусство, үйлөмө жана урма аспаптар, кыл аспаптар, эстрадалык музыкалык искусство, хор дирижерлугу, музыканын теориясы, жалпы фортепиано, жалпы билим берүү тартиби, орус элдик аспаптар бөлүмдөрү бар.

Окуу жайында үйлөмө, элдик аспаптар оркестри, скрипачтар, эстрадалык ансамблдери жана хор сыяктуу бир канча аткаруу жамааты да иштейт. Окуу жайдын студенттери ар түрдүү кароо-сынактардын, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги фестивалдардын, майрамдарга жана юбилейлерге арналган концерттердин  алмаштырылгыс катышуучулары болуп келишүүдө.

Эл аспаптар бөлүмү- элдик таланттардын бешиги

Кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуз сабагында машыгып жаткан Нурдан Муратбек уулу кол ойнотуп, Атай Огонбаевдин “ Маш ботоюн ”  кол ойнотуп, эргип чертип жатты.

Нурдан  Бишкек шаарындагы №9 музыкалык мектептен да билим алган. Азыр кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти. Ал дагы  курбулары менен окуу жайдын 80 жылдык мааракесине арналган майрамдык концертке даярдык көрүп жатат.

— Мен үчүн элдик аспаптар — ата-бабадан калган мурас. Менин  атам дагы чыгармачыл  акын адам. Ошондуктан кыргыз элдик аспабы комузду баалап, барктагандыктан мени ушул окуу жайдан окуп, билим алып, кыргыз комузун дүйнөгө таанытса деп тилек кылган. Мен дагы кичинекей кезимде эле комузчу болом деп айтчумун,-дейт Нурдан .

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ
Нурдан азыркы жаштардын бүйүрүн кызыткан эстрада жанры жөнүндө өз алдынча окуп, толук түшүнүк алганы менен кыргыздын улуттук аспаптарын башка аспаптарга алмаштырбай, билимин өркүндөтүп, кыргыздын фольклордук чыгармалары, залкар күүлөрү аркылуу өнөрүн көргөзөрүн ишенимдүү айтты.

Кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн класс жетекчиси, комуз боюнча мугалим, окуу жайдын кесиптик кошундар уюмунун төрайымы Нурсалкын Жусурова өлкөнүн алыскы айылдарынан “до” деген нотаны билбеген 14-15 жаштагы өспүрүмдөр келип, төрт жылда улуттук салттуу музыкадан баштап дүйнөлүк классикалык чыгармаларды үйрөнүп чыгышарын  баса белгилеп, мындай деди:

— Бизде окуган балдарыбыздын көпчүлүгү, кыргыздын таланттуу балдары жер-жерлерибизден, алыскы райондордон,  өлкөбүздүн жети облустарынан келишет. Анан бизден музыкалык терең билим алышат. Балдардын таланты жалгыз эле кыргыз эл аспаптар эле бөлүмү эмес, фортепиано, вокал, ыр жагына, эстрадага кетип жатышат. Ошолорду алып кеткени үчүн булар музыканын дүйнөсүнө көбүрөк киришип жатышат. Алган билимдерин дагы жогорулатып, бизди бүткөндөн кийин консерваторияга же искусство институтуна барышат. Андан кийин аспирантурага тапшыргандары да бар. Кыргыз искусствосуна көп салым кошуп келатышат бизден бүткөн окуучулар.

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ

Назик манжалар фортепианого жан киргизет

Кыргыз эл аспаптар бөлүмүнөн чыгып, экинчи кабатка көтөрүлсөк Европанын салттуу классикалык музыкалык аспабы – фортепианонун мукам үнү угулду.

Бул  бөлүм өткөн кылымдын 40-жылдары түзүлүп, ушул аралыкта 300дөн ашуун фортепиано ойногон жогорку адисттеги музыканттар тарбияланып чыккан. Алардын арасынан АКШ, Канада, Украина,  Израиль, Казакстан, Орусия, Бразилия, Коста-Рика, Австрия, Түркия, Германияга иштеп кеткендер бар.

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ

Фортепиано бөлүмүнүн  жетекчиси Венера Сатылганова  Кыргызстандагы музыканттар маянанын аздыгынан чет мамлекеттерге кетип жатканын белгилеп, таланттуу жаштарга өкмөттүк деңгээлде колдоо көрсөтүлүүсү керек деп эсептейт.

Окуу жайдын бир бир бөлүмүнүн тарыхын, өзгөчөлүктөрүн айта берсек узун сабак аңгеме болоор…

Окуу жайда жалаң «фанаттар» иштейт

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, Кыргыз эл артисти, профессор Тенти Мураталиев менен жолугушканымда, келерки аптанын 25-ноябрында  окуу жайдын 80 жылдык мааракесин өткөрүүгө кызуу камылга көрүлүп жатканын, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда майрамык иш-чара, мааракелик  концерт болоорун, 80 жылдыкка карата атайын китеп чыгарышканын айтып отурду. Анын айтымында, кыргыздын таланттуу уул-кыздары, көркөм өнөр деп жан дилинен берилген “фанаттар” келип окуу жайдан профессионалдык музыканын сырларын терең үйрөнүшөт.

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ
Ал ошондой эле окуу жайдан улуу таланттар тарбияланып чыкканын, быйыл  мугалимдердин айлык маянасы эки эсе жогорулап, мурда  5 миң 500 сом алгандар азыр 11500 сом, мурда 11 миң сом алгандар азыр 22 миң сом  алып жатканын   белгиледи.

— Бул окуу жайды улуу талантардын устаканасы, залкарлардын учкан уясы, маданияттын куттуу очогу деп айтсам эч жаңылышпайм. Ак калпак кыргыз элине, Ала-Тоонун учу-кыйрына эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө кыргыздын искусствосун даңазалаган ушул окуу жайга быйыл 80 жыл толуп жатат. Бул окуу жайда 80 жылдын ичинде 5 миңден ашуун улуу музыканттар, дирижерлер, композиторлор, ырчылар, комузчулар, чоорчулар, деги кайсы аспап болсо дагы айтсак боло берет. Академиялык, салттык аспаптар болобу, ошону бүтүргөн окуучулар менен кыргыз эли аябай сыймыктансак болот.  Улут сыймыгы болгон залкар таланттар ушул окуу жайдан таалим-тарбия алышкан.

1986-жылдан бери ушул окуу жайды жетектеп, ысык-суугуна күйүп келаткан Тенти Мураталиев белгилегендей окуу жай эле эмес жалпы республика боюнча академиялык музыкалык аспаптар фортепиано, скрипка, контрабас, флейта, кларнет жана башка аспаптар жетишсиз, тарыхый имараты эскирип, оңдоп-түзөөгө муктаж .

ЗАЛКАРЛАРДЫН УЯСЫ, ТАЛАНТТАРДЫН УСТАКАНАСЫ

Ошондой кыйынчылыктарга карабай Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы жогорку деңгээлдеги адисттерди даярдоо боюнча республикадагы алдыңкы борборлордун бири.

-Окуу жайга 80 жыл! Көрүнүктүү жаш курак, бир муун экинчи муун менен алмашып, бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоого бет алып жатышат. Бирок, күрөңкеевдиктердин баардыгын  музыкага болгон сүйүүсү жана “Искусствону эмгекке толгон талант алдыга жылдырат” деген ураан бириктирип турат,- дейт музыка таануучу, комузчу, элдик ырдоо классынын окутуучусу Муратбек Касей .

М.Күрөңкеев атындагы окуу жайдын 80 жылдык мааракеси  25-ноябрда Бишкекте Улуттук филармонияда салтанаттуу белгиленери күтүлүүдө.

Кабыл Макешов, журналист

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер