ТИЛЕКТЕШ АГАЙ – ЧЕЧЕНДИК ӨНӨРДҮН ЧЕБЕРИ  

Белгилүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Тилектеш Ишемкулов 80 жашка чыкты. Мааракелик иш-чара 12-ноябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик  университетинде коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин катышуусунда өттү.

Дээрлик 60 жылга чамалаш мезгилди өзүнө сыйдырган бул барандуу өмүр, байсалдуу эмгек жолунда Тилектеш Ишемкулов айылдык мектептин катардагы орус тили жана адабияты мугалиминен республиканын комсомолдук, партиялык, советтик, мамлекеттик, журналисттик, дипломатиялык жогорку кызматтарына чейин көтөрүлүп, өлкөнүн экономикасы менен маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө, эмгекчилерди, өзгөчө, жаш муундарды тарбиялоого, Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, анын эл аралык аброю менен кадыр-баркынын көтөрүлүшүнө чоң салым кошо алды. Ал  Жети-Өгүз райондук  комитетинин 1-катчысы, парткомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКСМ БКнын катчысы, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Нарын жана Ысык-Көл облустук комитеттеринин 3-катчысы болуп ийгиликтүү эмгектенген. Кыргызстандын Министрлер Советинин алдындагы Басма сөздө мамлекеттик сырларды сактоо боюнча башкы башкармалыгынын (Главлит) төрагасы, “Советтик Кыргызстан” – “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору, КР Журналисттер союзунун төрагасы, СССР Журналисттер союзунун башкармалыгынын катчысы, Кыргызстандын Казакстандагы биринчи ачылган элчилигинин биринчи элчиси болуп эмгектенген. Ал 1997-жылдан бери Бишкек гуманитардык университетинде ректордун кеңешчиси, басма сөз кызматынын башкы адиси, окутуучу, насаатчы катары жемиштүү иштеп келет.

Т.Ишемкулов КР Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.  Ал 14 китеп, ар кыл темадагы 220га жакын макалалардын, ондогон котормолордун автору. Анын колунан эки ырлар жыйнагы жарык көргөн. Эмгектеринин ичинен былтыр жарыкка чыккан  кыргыз тилиндеги “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык (түшүндүрмө) сөздүгү” деген эмгеги өзгөчө орунду ээлейт.

Белгилүү коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметов айткандай, Тилектеш Ишемкулов коомдук, мамлекеттик ишмер болуп гана таанылбастан адамгерчилиги бийик адам катары дагы белгилүү.

  • Тилектеш агайдай адамгерчилиги жогору адам чанда болушу керек. Анын кандай учурда болбосун чукугандай сөз тапкан чечендиги, тамашалары, качан да болсо шайдоот жүргөнү мени таңкалдырат. Ал кишинин таланты дагы көп кырдуу. Ыр жазат, эки жүздөн ашык илимий макалалары бар. Жаңы китеп жазыптыр. Караңызчы, анан бул кишини көп кырдуу талант дебегенде кимди дейбиз. Азыр дагы сексен жашында дипломатиядан, журналистикадан  сабак берет. Студенттердин дагы эң сүйүктүү окутуучусу. Бул киши журналистика боюнча өзүнүн чоң мектебин түзүптүр. Өзү иштеген окуу жайда аксакал катары ушунчалык чоң урмат-сыйга ээ экен, – дейт Ж.Каниметов.

Бул эки профессор тээ илгертен эле тааныш. Тилек  Ишемкулов Ысык-Көл областында обкомдун секретары болуп турган кезде Жангороз Каниметов мектептин директору болуп иштечү.

– Ар кандай чогулуштарда, жыйындарда Тилектеш агай Лениндин, Маркстын томдуктарынан мисалдарды алып, баланчанчы томунда, баланчанчы бетте, баланчанчы абзацта турат дечү. Үйгө барып карасак чын эле так ошондой чыкчу. Ошондуктан бул кишини тирүү жүргөн энциклопедия десек болот, – дейт Жангороз Каниметович.

Тилектеш агайдын мындай өзгөчөлүгүнө менин дагы күбө болуп калган жайым бар. Бир жылдары Бишкек мамлекеттик  университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчү курсунун мамлекеттик аттестациясынын комиссия мүчөсү  болуп экзаменге катышып калдым. Ошол жактан Тилектеш агайдын тээтиги бир канча жыл мурунку учурларды жылы, күнү, сааты, мүнөтүнөн өйдө айтып бергенине, суроолорго жооп бере албай жаткан студенттерди тамашалап жатып кырдаалдан чыгарып кеткенине,  орусча, татарча, өзбекче, казакча эркин сүйлөп, керектүү жерден ырдап да жибере турган жайын көрүп, агайга ичим жылып, чын эле аны энциклопедия десе жарашчудай экен деп калгам.

 

Назаркул Ишекеев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча  улуттук комиссиянын төрагасы: “Батыш менен Чыгышты бириктирген  Тилектеш агай”

  • Осмонкул Али уулу, Сыдык Карач уулу, Кусейин Карасай уулу ж.б. баштаган “Эркин Тоонун” улуу көчүнөн баштап, бүгүнкү күндө төрт туягын төп тыштаган Тилектеш Ишемкуловго чейинки басма сөздүн  рухий байлыктары ак кар, көк муздуу Ала-Тоодой шаңкайып алыстан  көрүнүп турат.

Кыргыздар канчалаган кыйынчылыктарга кабылса дагы эне тилин жоготкон эмес. Эгер бүгүн эне тилибизди  Тилектеш агайдай кадырлай, бапестей албасак, кийинки урпактарга салтанаттуу  өткөрүп бере албасак,  анда улуу ойчул Жусуп Баласагын айткандай, босогодо комдонуп жаткан жолборс тариздүү эне тилибиз өзүбүздү жеп коюшу мүмкүн.

Кыргыз элинин  маданиятында булбулдай сайраган чечендер  жашап өткөн.  Ошондой таланттуулардын бири, жүрөгү фантастикалык күч-кубатка ээ, акыл энергиясы мол, бүгүнкү күндөгү чечендик өнөрдүн тирүү классиги Тилектеш агай десем эч жаңылбаймын.

Тилектеш агай, Батыш менен Чыгышты бириктирген  интеллектуалдуу мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Тилектеш агай, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды айкалыштырган даанышман педагог жана устат.

Тилектеш агай, журналистиканын салттуулугу менен жаңычылдыгын жалгаштырган зор рухий теоретик жана практик.

Тилектеш агай, өлкөнүн ар намысы менен абийиринин  айкын образы. Анын энциклопедиялык көрөңгөсү, түмөн-түркүн билиминин кеңдиги менен тереңдиги баарыбызды таңыркатат жана  тамшандырат.

Эркин ойлоо укугу – адамдын эң улуу артыкчылыгы.  Дал ушул касиет Тилектеш агайда бар. Агайдын адамдык  кажыбас кайратына, аздектеген акыйкаты менен руханий тазалыгына  арууланып келем. Адамдын улуулугу, албетте, анын акыл-парасаты жана адеп-ахлагы менен өлчөнөрү талашсыз. Буга Тилектеш агай фундеманталдуу мисал. Ал кыргыз коомунун алдында турган аракеттердин, проблемалардын ар түрдүүлүгүн чагылдырган коомдун интеллектуалдык сейсмографындай элес туудурат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий