БИР КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР КУТТУУ БИЛИМ ОЧОГУ

  • 18.11.2019
  • 0

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы 30-ноябрда 95 жылдыгын белгилейт. Бул мектеп бир кылымдык жашоосунда миңдеген бүтүрүүчүлөрдү уясынан учурса, алардын көбү белгилүү инсандар.  

 

“ТАРЫХЫ БОЛБОЙ, ЭЛ БОЛБОЙТ”

БИР КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР КУТТУУ БИЛИМ ОЧОГУ

Бул мектептин тарыхы 1924-жылдан Пишпек шаарында жетим балдар үйүндө тарбиячы, мугалим болуп иштеген Салихжан  Турсуновдун атасы өзүнүн төрт бөлмөлүү ашар жолу менен курулган үйүнүн бир бөлмөсүн мектеп кылып уюштургандан башталат. Алгач жети жылдык башталгыч билим берүү өзбек мектеби болуп, беш класс түзүлүп, анда 100дөй эркек бала окуган. Анын түптөлүшү архивде 1924-жылдын 1-апрели деп белгиленет. 1924-25-окуу жылынын башында С.Турсуновдун атасы үйүн толугу менен мектепке өткөрүп берип, ага уулу Салихжан директор болот. Мектептин бардык түйшүгү дал ушул адамга жана анын орун басары Ралия Муллажанова Файзуллинага, ошол кездеги мугалимдер Василий Васильевге, Иван Локтионовго түшөт.

Мектеп 1932-жылдан тартып Нариман атындагы №7 орто мектеби деп аталып, андан соң №12 өзбек-татар орто мектеби, кийин №24 мектеп болуп калган. Ал кезде мектепте “Красный восток” аттуу пионердик уюм иштеп, балдарга татыктуу таалим-тарбия берүүгө чоң салымын кошкон. Анын биринчи пионер-вожатыйы болуп Рахман Сарымсаков шайланган.

Улуу Ата мекендик согуш жылдары мектептин көптөгөн мугалимдери, мүдүрү жана жогорку класстын окуучулары фронтко кетишкендиктен, мектептин абалы өтө начарлап кеткен. 1941-жылы октябрь-ноябрь айларында мектепте полковник Самойленко Василий Федоровичтин жетекчилиги астында Суворовдун 2-даражадагы Кыргыз аткычтар бригада-дивизиясынын кыркынчы штабы түзүлгөн.

БИР КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР КУТТУУ БИЛИМ ОЧОГУ

Учурда пенсия курагында болсо да талыкпай эмгектенип жаткан башталгыч класстын мугалими Платонова Эльвиранын айтуусунда, кандуу жылдары мектеп убактылуу аскердик-госпиталга айланып, анын экинчи кабатында жалаң оор жаракат алган жоокерлер дарыланышса, астыңкы кабатта башталгыч класстардын окуучулары билим алышчу. Ошол жылдары №12 өзбек-татар орто мектебинен согуш майданына кеткен жогорку класстын окуучулары жана кырктан ашык мугалим-тарбиячысы Сталинградды душмандардан бошотууда каза болгон. Алардын мекенге жасаган эрдиктерин унутпоо үчүн мектепте 1971-жылы “Согуш даңкы” аттуу кичинекей музей ачылган. Ал 1999-жылы мектептин 75 жылдыгына карата “Музей” статусун алып, согуш жылдарындагы мугалимдердин, окуучулардын, мектепке катышы бар жана өз салымын кошкон инсандардын тарыхый-хроникалык маалыматтары, алган ордендери менен наамдары, сүрөттөр, өздүк буюмдары сакталган.

Согуштан кийинки жылдары мектеп өнүгө баштайт. Анын аянты кеңейип, жаңы 2-кабаттуу мектеп-имараты курулуп, мектептер аралык таймаштарда жеңүүчү боло баштайт.

1996-жылы 17-майда Бишкек шаарынын жергиликтүү башкармалыгынын буйругу менен мектепке улуу акын, жазуучу, академик Аалы Токомбаевдин ысымы ыйгарылган.

95 жылдан бери бул мектепте болгону он төрт жетекчи алмашкан. Алардын он бешинчиси болуп Абдураимова Анара үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп, мектепти шаардагы гана эмес республикадагы алдыңкы окуу жайлардын катарында татыктуу алып келе жатат.

 

СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ   

БИР КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР КУТТУУ БИЛИМ ОЧОГУ

Жогоруда айтылгандай, бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көбү жеке кыргыз элине гана эмес бүтүндөй дүйнөгө таанылган инсандар. Алардын бири — Улуттук кардиология жана дарылануу борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Мирсаид Миррахимов.  Ал өз мектеби жөнүндө төмөндөгүдөй эскерет: “Мен окуган кезде №7 өзбек орто мектеби эле. Көптөгөн окуу китептери жок же тартыш болчу. Бирок ага карабастан мектеп мүдүрү А.Юнусходжаев жана мугалимдер өздөрүнүн бийик адамдык сапаттары менен ар бир окуучуга болгон билимин берип, дүйнө таанымын кеңейтүүгө аракеттенишкен.  Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, орус тилинен берген мугалимдер Н.А. Диколенко жана Иркли, Миржалилов менин келечекте инсан катары калыптанышыма чоң салым кошушкан. Окуучулук кезде мектеп мага терең билим алууга, боорукерликке тарбияланууга, жаңычылдыкка аттанууга жана изденүүгө жол салып берди”.

Бул мектепте М.Мирахимовдон башка КР эл артисти Гүлсара Ажибекова, белгилүү кыргыз теле алып баруучусу Ассоль Молдокматова сыяктуу бир катар аттын кашкасындай таанымал инсандар билим алышкан, таалим-тарбияга сугарылышкан.

“12 жашымдан баштап теле алып баруучу кесибин аркалап кеткениме көп мугалимдерим түрткү болгон жана колдогон. Мен ар бир мугалимди, өзгөчө орус тили мугалими Людмила Николаевнаны, география мугалими Светлана Ивановнаны, физикадан кызыктуу сабактарды өткөн Иосиф Моисеевичти жүрөгүмдөгү терең ыраазычылыгым менен эскерем. Мындан башка мени тарбиялаган, окуп жүргөндө эң жакын адамдарым, үй-бүлөм болуп калган мугалимдерди мектептин 95 жылдык юбилейи менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Мектебимдин тарыхы бүтүндөй бир кылым. Ал өз канатынан өлкөгө эмгеги сиңген атактуу инсандарды тарбиялап чыгарды”, — дейт Ассоль Молдокматова.

 

МЕКТЕП БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

БИР КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР КУТТУУ БИЛИМ ОЧОГУ

Азыркы учурда мектепте үч миңден ашуун окуучу билим алат. Аларга билим берген 100дөн ашуун агартуучунун 40% жогорку категориядагы  мугалим болсо, 26% Эл агартуунун отличниги. Алардын арасында ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү Шакиралиева Аида, Шубина Лариса, Варкентина Надежда да бар. Алар өздөрү учкан уясында үзүрлүү кызмат кылышып, сүйүктүү агай-эжейлеринен алган билимдерин кайра жаш муунга берип келишет.

Мектептин жетекичиси Абдураимова Анаранын айтымында, ар бир мугалим биринчи кезекте балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, талантын, кайсыл сабакка болгон кызыгуусун көрө билип, аны өркүндөтүшү  керек. Ошондуктан мектепте ар кандай багыттагы: комуз, шахмат, бий, дзюдо, баскетбол ж.б. ийримдер иштейт. Мектеп акыркы үч жыл аралыгында алдыга койгон көптөгөн максаттарына ийгиликтүү жетишип, окуучулардын заман талабына жараша сапаттуу билим алуусуна, алардын келечекте туура багыт алышына, турмушта өз ордун таап кетишине көмөк көрсөтүп, ар тараптуу иштеп келет. Азыр техниканын жана инновациянын заманы болгондуктан жаңы кесиптер пайда болуп, билим берүүдө салттуу ыкмалар жаңы иштелип чыккан интерактивдүү ыкмага өттү. Ошондуктан бул мектепте 1-класстан тартып 11-класска чейинки окуучулар эки циклга (табигый жана гуманитардык) бөлүнүп окушат. Алар атайын даярдалган тест аркылуу бөлүштүрүлөт.  Башкача айтканда, мектепте дифференцияланган жаңы багыттагы класстарды ачуу менен окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу ишке ашууда.

БИР КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР КУТТУУ БИЛИМ ОЧОГУ

SAMSUNG CAMERA PICTURES

 

Гуманитардык класстар англис тилинен сырткары дагы төрт чет тилин – эки чыгыш тили (кытай, жапон) жана эки европа (француз, немис) тилин окушат. Экинчи циклда физика, математика, химия сабагына басым жасалат. 2017-жылы Москва шаарындагы Улуттук ядролук-физиканы изилдөө университети менен келишим түзүлүп, ортоңку жана жогорку класстар үчүн окуу программасына жаңы маалыматтарды, дистанттык кошумча курстарды, ал окуу жайдын электрондук китепканасын жана ал тарабынан түзүлгөн электрондук билим ресурстарын пайдалануу, Москва шаарынын лицейлеринин мугалимдери менен онлайн сабактарына жана жайкы мектеп программасына катышуу, эң жогорку баскычтагы дүйнөлүк изилдөөчүлөр өткөргөн лекцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Гимназиянын окуучулары 7-класстан баштап физика, математика, химия жана биология сабактарынан эл аралык олимпиадаларга жана сынактарга катыша алышат жана ал жактан жеңгендер Россиянын эң алдыңкы окуу жайларынын бирине тапшыра алышат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер