“…КЫРГЫЗ ӨҢҮ ЧОКМОРОВДУН ӨҢҮНДӨЙ”

      Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата

Улуу актёрдун карындашы, Бишкек шаарындагы №58 орто мектебинин тарых мугалими, дасыккан педагог, Билим берүүнүн мыктысы Бегимжан Чокморова өткөн таалим сабактан шыр-баян.

(Зал жасалгаланган. Төрдө “Сүймөнкул Чокморовго 80 жыл!” деген плакат илинген. Сахна караңгылантып, С.Чокморов жөнүндө видеоролик көрсөтүлөт).

Азамат: Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, студенттер, окуучулар! Кыргыз жана дүйнө маданиятына атан төөдөй  салым кошкон тубаса таланттуу киноактёр, сүрөтчү, СССРдин эл артисти, , Кыргыз эл сүрөтчүсү,  элибиздин чыгаан уулу  Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарага кош келиңиздер!

(Проектордон слайд көрсөтүлөт).

 Элеанора:  Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Атасы Чокмор колунан көөрү төгүлгөн темир, жыгач уста болгон, кайыштан ат жабдыктарын жана комуз, домбра, ээр чапчу экен. Энеси Какин жамакчы, жомокчу, ууз-ишмер болуп, үй бүлөдө 11 баласы болгондуктан, эң кичүүсүн сүймөнчүктүү бала болсун деп Сүймөнкул деп коюптур.

Азамат:         Сүймөнкулдун балалыгы эң катаал кыйынчылык учурга туш келет. Согуштан кийин 1948-жылы Чоң-Таш айылында башталгыч мектебин бүтүрүп, 1949-50-жылы Кемин районунда, 1951-53-жылы Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинде билимин уланткан. Оор мезгилдин таасиринен Сүймөнкул  оорукчан болуп, 2-класста окубай калат.

Сценка көрсөтүлөт:

Сүймөнкул жерде төшөктө жатат. Тура да, баса да албайт, жөргөлөйт, улам-улам терезени карап коет.Терезеден ойноп жаткан балдарга суктана карайт. Сырттан агасы Намырбек кирип: “Сүймөнкул жөн жатпай ары-бери зарядка жаса, спорт менен машык. Бекер жатпай, сүрөт тартып алаксы,” деп кагаз, карандаш берип, врачтын кеңешин айтат. “Эгер ушул оорудан  айыгып кетсем, сүрөт  окуу жайына тапшырып, келечекте сүрөтчү болом!” деп кыялданат Сүймөнкул.

(Эпизод көрсөтүлөт. Этюдникте Сүймөнкул С.Каралаевдин сүрөтүн тартып жатат).

Азамат: Тилеги орундалып, чыдамкайлык, өжөрлүк, тырышчаактык жана талыкпаган эмгеги менен Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын 1958-жылы аяктап, Ленинграддагы И.Е. Репин атындагы окуу жайын 1964-жылы бүтүрөт. Окуусун бүткөн соң, ал Фрунзедеги өзү окуган окуу жайга мугалим, кийин окуу жайдын бөлүм башчысы болуп иштейт. 1967-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзуна кабыл алынат.

Элеанора: 1967-68-жылдары Чокморов алгачкы жолу кинофильмге тартыла баштайт. 1968-жылы режиссер Болот Шамшиев Сүймөнкулга казак элинин улуу жазуучусу Мухтар Ауэзовдун “Караш-Караш окуясы”  чыгармасынын негизинде тартылган көркөм фильмдин башкы каарманы Бактыгулдун ролун сунуштайт. Кесиби актёр болбогондуктан, бул сунушка киносынчылар  кооптонуу менен карайт. Бирок Б.Шамшиев Чокморовго чечкиндүү ишенет. Себеби Ленинградда окуп жүргөндө, бош убактыларында, ипподромго барып, ат үстүндө кулагы менен тең ойноп, үзөңгүгө таянбай атка секирип минип жүргөнүн өз көзү менен көргөн. Ойлогон оюу оңунан чыгып, С.Чокморов Бактыгулдун ролун укмуштуудай так, таамай, эң сонун аткарып, элге жеткире ачып берет.

(С.Чокморовдун кантип кино тармагына келип калгандыгын республиканын белгилүү, таланттуу  режиссеру Болот Шамшиев айтып берет).

Азамат: Сүрөтчүлүк искусстводо  Семён Афанасьевич Чуйков Сүймөнкулдун насаатчысы болсо, киноискусстводо анын устаты  Чыңгыз Айтматов болгон. “Караш-караш” киносунан кийин Сүймөнкулдун шыгын, тубаса талантын биринчилерден болуп баамдап,  өзүнүн чыгармалары экрандаштырылганда башкы ролдорду Чокморовго берген. Алсак: 1969-жылы “Жамийлада” Даниярдын, 1972-жылы “Мен Тянь-Шань” тасмасында Бектемирдин, “Эрте жаздагы турналарда” Бекбайдын, “Кызыл алмада” Темирдин ролун Чокморов жогорку деңгээлде жараткан. Дублёрсуз аткарган чеберчилиги чет өлкөгө да таанылган.

Элеанора: “Күлүк күчүндө, тулпар тушунда” дегендей, Чокморовдун өнөрү өркүндөп, таланты ташкындап, “эки тизгин, бир чылбырды”  алып келе жатканда, айыкпас дартка чалдыгып, эки бөйрөгү тең иштебей, 10 жыл бою гемодиализ менен жүрүп калат. Ал үч күндө бир 4-5 сааттан ооруканага жатып, канын тазалатып турчу. 10 жыл бою бир күн да кечикпеш керек, кемитпеш керек! Кандай темирдей бекем эрк, чыдамкайлык! Чокморов 55 жолу операцияны көтөрдү. 56-жолку операция учурунда 1992-жылы 27-сентябрда дүйнөдөн кайтты.

Азамат: Сүймөнкул Чокморов 1977-жылы тартылган “Улан” фильминдеги Азат Майрамовдун образын СССР Эл артисти Иннокентий Смоктуновский  менен терең ачып берген.

Уулболсун: Өзү катуу ооруп жүрсө да, 1981-жылы,  Алгимантас Видугиристин “Жалаң эркектер” тасмасында Касымдын ролун чоң чеберчилик менен жараткан.

 Азамат: С.Чокморов орус режиссёру Баровскийдин “Фердинанд Люстун өмүрү жана өлүмү” фильминде Господин Лаонун образын ийине жеткире аткарган.   Атактуу япон режиссёру Акиро Куросава “Мосфильм” менен биргеликте 1975-жылы тарткан “Дерсу Узала” фильминде улуу кино актёр Тосиро Мифуне менен бирге ойнойт. Бул фильмде эпизоддо аткарса да, япон элине таң каларлык таасир калтырган жана Москвадагы эл аралык кинофестивалда биринчи орунду ээлеген.

 Элеанора: Талыкпаган эмгеги, тубаса таланты менен Адам табиятын терең ачып, кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу таланттын ээси С.Чокморовдун  эмгеги жогору бааланып, ага “Эркектердин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн 15 союздук республиканын арасынан 4 жолу 1-сыйлыкты алган жалгыз актер.

(С.Чокморовдун алган наамдарын окуучулар айтышат).

Адил: 1969-жылы Алма-Ата шаарында өткөн Орто Азия жана Казахстан өлкөлөрүнүн  кинофестивалында Сүймөнкул Чокморов казак жазуучусу М.Ауэзовдун тарыхый повестинин негизинде тартылган “Караш-караш” кинофильминдеги башкы каармандын ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн “Тоо бүркүтү” деген башкы сыйлыкты жеңип алган.

Нуракбар: 1970-жылы Францияда болуп өткөн Эл аралык  фестивалда Чокморов аткарган “Жамийла” кинофильми эң мыкты деп табылып, “Калимэ” сыйлыгын алган.

Мадина: 1972-жылы Сүймөнкул Чокморовго Бүткүл союздук Ленин комсомолунун лауреаты сыйлыгы ыйгарылган. Ошол эле жылы ал “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” деген ардак наамга татыктуу болот. Тбилиси шаарында болуп өткөн Бүткүл союздук  V кинофестивалда  “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” кинофильминде Карабалтанын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Чокморовго баш байге ыйгарылат.

Айдос: 1974-жылы Баку шаарында өткөн Бүткүл союздук VII кинофестивалда Муктар Ауэзовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Көксерек” кинофильминде эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн Чокморов башкы байгеге татыктуу болот.

Акылай: 1975-жылы Москвада болуп өткөн эл аралык  кинофестивалда Төлөмүш Океев тарткан “Кызыл алма” фильминде эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн башкы байге – биринчи орун кыргыз киноактёру Сүймөнкул Чокморовго энчиленет.

1975-жылы Дели шаарында болуп өткөн эл аралык фестивалда “Көк серек” киносунда башкы ролду ойногон Сүймөнкул Чокморов баш байге менен сыйланат. Ошол эле жылы кыргыз киноискусствосунун өнүгүшүнө кошкон чон салымы үчүн Чокморовго “Кыргыз ССРинин эл артисти” деген ардак наам берилет.

Назэрке: 1978-жылы Ереван шаарында болуп өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда “Улан” кинофильминде башкы ролду эң мыкты аткаргандыгы үчүн Кыргыз ССРинин эл артисти Чокморовго 4 жолу катары менен 1-орун ыйгарылган. Ошол эле жылы Чокморов Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты аталат.

Адил: 1981-жылы СССР Жогорку Советинин указы менен Чокморовго “СССРдин эл артисти” деген ардак  наам берилген.

Эльнура: 1981-жылы  Чокморов эң башкы ролду ойногон “Жалаң эркектер” кинофильми Гран-при – “Дамасктын күмүш кылычы” байгесин жеңип алган.

Асель: 1982-жылы Таллин шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда “Жалан эркектер” кинофильминде эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн Чокморовго биринчи орун ыйгарылган.

Артур: 1994-жылы Чокморов “Караш-караш”, “Көк серек” кинофильмдериндеги башкы ролдорду эң мыкты аткагандыгы үчүн эл аралык “Алтын көпүрө” сыйлыгы менен сыйланды.

Чолпон: КМШ өлкөлөрү боюнча “2005-жылдын мыкты Адамы” наамы Чокморовго ыйгарылган.

Тарткан сүрөттөрү

Азамат: Чокморов кайсы жакка барса, ошол жактан сүрөт тартып калганга шашылчу. Лондонго барганда убакыттын өтө тардыгына карабастан, дүйнөгө атагы чыккан Тауэрди, Темзанын жээгин кагаз бетине түшүргөн.

Элеанора: Англия, Египетке, Польшага, Японияга барганда япониялык кинорежиссөр, сценарист жана продюсер  Акира Куросаванын портретин, япон кызы, япон мелжиген шаарларын, Кыргызстанда болсо эмгекчил, мекенчил адамдардын атактуу манасчы С.Каралаевдин сүрөтүн, революционер Кожомурат Сарыкулаковду, Социалистик эмгектин баатыры Күлсара Сулайманованы, туулуп өскөн Чоң-Таш айылын, натюрмортторду, пейзаждарды тарткан.

Тинатин: Чокморовдун тарткан сүрөттөрү Кыргыз көркөм сүрөт музейинде көргөзмөдө илинип турат. 1992-жылы Испанияда өткөн олипиадада Кыргызстандан барган делегаттар Бүткүл дүйнөлүк Олимпиада комитетинин президенти Антонио Самаранчка Чокморовдун “Кыргыз Ала-Тоосу” деген картинасы белекке жиберилген.  Экология тууралуу талапка ылайык сүрөт болгондуктан, Самаранчка абдан жагып: “Мындай сүрөттү жаратыш-таланттуу адамдын гана колунан келет,”- деп ыраазы болгон.

Алтынай: 1992-жылы Орусия өлкөсүнүн президенти Б.Ельцинге, Казахстан президенти Н.Назарбаевге эки сүрөтү, Өзбек президенти И.Каримовго бир сүрөтү Кыргыз өкмөтү тарабынан белекке берилген. С.Чокморовдун сүрөттөрү жана кинолору Япониядан Кубага чейин, Африка, Египет, Батыш Европа жана коңшулаш Борбордук Азия өлкөлөрүнө чейин жеткен.

Эрлан:

С.Чокморовдун ысымы эли менен бирге. С.Чокморовдун урматына кичи мекени Чоң-Таш айылында актердун эстелиги тургузулган жана мектепке, көчөгө анын ысымы ыйгарылган.2009-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук валютасы 5000 сомго Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Ошондой эле таланттуу актёрдун аты Бишкектин көчөлөрүнүн бирине коюлган.

(Алып баруучу залга кайрылат).

Азамат: Балдар, С.Чокморовдун эмгеги менен тааныштыңар, бүгүнкү таалим сабак силерге кандай таасир калтырды?

Окуучулардын шыктануу сөздөрү:

Сулайман: Мен дүйнөдөгү атактуу актёрлорго таңыркап жүргөм. Көрсө бизде деле алардан кем калбаган Сүймөнкул атабыз болгон турбайбы.

Нуржигит: Оорусун спорт менен машыгып жеңип, мыкты волейболист, спортсмен аталып, кийин атактуу актёр да, сүрөтчү да болгону мени таң калтырды.

Алтынбек: Кинодо дублёрсуз аткарганына, тубаса талантына, атка үзөңгүнү теппей мингенине  баа бердим.

Элеанора: Бул жерге Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы 86 жаштагы Чокморов Эсен ата,  дагы бир агасы китептин автору Намырбек Чокморовдун жубайы, жеңеси Карачач апа,  бир тууган агасы спортсмен Сүйөркул Чокморов жана Нурсейит аталар келишкен.

(Окуучулар бир туугандарына суроо беришет).

Элеанора: Сабагыбызды Жолон Мамытов атабыздын Сүймөнкул Чокморовго арналган төмөнкү ыры менен аяктайбыз:

Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,

Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй.

Элестетип бүт дүйнөгө таркады,

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй.

Азамат: Ушуну менен тарыхка из калтырып кеткен агабыз Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган иш-чарабыз соңуна келип жетти. Сак саламатта барыңыздар!

 

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий