ОШМУДА ЖАБЫК ТИПТЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКС КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ

  • 12.11.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин аянтында курулган спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.

ОШМУДА ЖАБЫК ТИПТЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКС КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Өз сөзүндө Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков учурдагы агартуу тармагындагы аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалымат берип өттү. Ошондой эле кызыл тасмасы кесилип жаткан спорт комплексинен алдыңкы спортчулар чыгышына тилектештигин билдирип, өзү ала келген волейбол жана баскетбол топторун белекке берди.

ОШМУДА ЖАБЫК ТИПТЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКС КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: “Бул курулуш август айынын орто ченинде башталып, бүгүнкү күнү заманбап, бардык шарттары менен пайдаланууга берилгени турат. Жаштарды колдоо, окуу жайдагы мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн ушундай спорт комплекстерди, имараттарды кура бермекчибиз. Жакында эле ОшМУнун Ак-Буура кампусунда эки окуу корпусунун курулушу башталды. Ошондой эле эки волейбол, эки баскетбол   аянтчаларынан турган ачык асман алдындагы  спорт комплекси ачылды.  Мунун баары ОшМУнун ички каражатынын эсебинен ишке ашып жатат”, — деп билдирди.

Спорт комплекси спорттун волейбол, баскетбол жана гимнастика түрүнө ыңгайлашкан, узуну 40, туурасы 20 метрди түзөт. Заманбап шарттар менен ыңгайлашкан спорт комплексте балдар, кыздар үчүн жуунуучу, кийинүүчү жайлар каралган.

ОШМУДА ЖАБЫК ТИПТЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКС КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ

Кызыл тасмасы кесилген соң келген коноктор спорт комплексинин шарттары менен менен таанышып, волейбол оюунуна күбө болушту.

Кошумчалай кетсек, учурда ОшМУда спорттун бир нече түрлөрү боюнча курама командалар бар. Спорттун волейбол түрү боюнча балдар, кыздар командасы универсиадада жогорку лигада ойношот. Балдар командасы жогорку лиганын 2019-жылкы чемпиону болушкан. Ал эми баскетбол боюнча балдар курама командасы 1-лигада, кыздар командасы жогорку лигада, футбол курама командасы жогорку лигада оюн көрсөтүшөт. ОшМУ дайыма билим берүү, тарбиялоо менен биргеликте спортко өзгөчө көңүл буруп, ийгилик жараткан спортчуларга материалдык да, моралдык да колдоолорду көрсөтүп, шарттарды түзүп келет.

Эми бул спорт комплексинде спорттук иш-чаралар, спартакиадалар өткөрүлүп турмакчы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер