ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

  • 25.10.2019
  • 0

Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы 19-октябрда 30 жылдыгын белгиледи. Келген коноктор үч миңге жакын окуучуга билим берип жаткан куттуу уянын инновациялык  окутуунун  алкагында  билим, маданий-эстетикалык тарбия  берүү процесси, эл аралык кызматташуу долбоорлору менен бирге жетишкен ийгиликтерине күбө болушту.

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Маараке башкалардан өзгөчө өттү. Коноктор алгач мектептин алдында тигилген боз үйлөрдөн окуучулардын салттуу музыка боюнча өнөрлөрүнө күбө болушту. Бир боз үйдө ооз комузчулар, экинчисинде комузчулар   өнөрлөрүн тартуулашса, салтанаттын ачылышында мектептин хор тобу менен бийчилер тобу дагы салтанатты шаңга бөлөштү.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Андан кийин коноктор комуз боюнча мастер класска катышышты. Комуз кружогунун жетекчиси Чынгышева Эльмира алгач конокторго комуз чертүүнүн эң жөнөкөй ыкмасын көрсөтүп берди. Окуучулар болсо “Чайкама” күүсүн жогорку чеберчиликте тартуулашты.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Мектептин босогосунда конокторду күтүп турган үч жүздөн ашуун комузчулар менен дастанчылар салтанатты андан ары улашты. Алгач күү чертип, андан кийин баары “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти. Алар токтой электе эле экинчи эшик ачылып, андан ары Манасты ооз комузчулар улап, акырында ооз комуз менен шаңдуу композиция тартуулашты.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Экинчи кабатта болсо конокторду “Айтматов ааламы” аттуу окуучулардын тобунан түзүлгөн жаш актерлордун тобу күтүп алды. Анда алгач кыргыз тили жана адабияты  мугалими Усупбай уулу  Кенжекул  Айтматовдун чыгармачылыгына арналган ачык сабактын фрагментин өткөндөн кийин, жаш актерлор Айтматовдун чыгармаларындагы  каармандарга жан киргизишти. Ролду ушунчалык чеберчилик менен аткарган окуучулар коноктордун көздөрүнө жаш алдырып,  күлкүлүү жерлеринде күлкү тартуулашып, конокторду өздөрүнүн актердук чеберчилиги менен суктандыра алышты.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Андан кийин коноктор немис, англис, кытай тилдери боюнча окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуп өткөн ачык сабактарга катышышып,  окуучулардын билим деңгээлине баа бере турган тест борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Мектеп көп жылдан бери Германиянын чет өлкөдөгү мектептердеги билим берүү боюнча   Борбордук Азиядагы мекемеси (ZFA), КЭРдин Конфуций институту, GIZ  Германия  коомунун  эл аралык кызматташтыгы, Германия  мамлекетиндеги педагогикалык  тажрыйба алмашуу кызматы, “Агахан” фондусу,  USAIDдин “Келгиле, окуйбуз”, БУУнун “Вливайся в жизнь”,  Польша мамлекетинин “CADAP” долбоору менен иштешип келет. Окуучулар  мектепти бүтүргөндөн кийин «Schpach” дипломуна ээ болуп, Германияга  билим алууга укуктуу. Азыркы учурда “Schpach” дипломуна ээ болгон окуучулар Германия мамлекетинин жогорку окуу жайларында билим алышууда. Кытай тилин окуган 50дөн ашык окуучу учурда Кытайда билим алышууда.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Мектепте жалпы 170 мугалим иштейт. Салтанатта алардын бир катарына сыйлыктар тапшырылды. КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы  менен англис тили мугалими Борукчиева Гүлмира жана география мугалими Мырзаева Рыскан сыйланса, “Билим берүүнүн  мыктысы” төш белгисин ийрим жетекчиси  Султанбеков Кутманаалы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил   боюнча улуттук комиссиянын  “Төш белгисин” кыргыз тили  жана адабият мугалими Усупбай уулу  Кенжекул  тагынышты. Андан сырткары бир катар мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык кеңешинин,  1-Май райондук  администрациясынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил  боюнча улуттук комиссиянын,  Бишкек шаарынын мэриясынын  Ардак грамотасы менен сыйланышты.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Мектепти Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Сайрагүл Атаева жетектейт.

 

ОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫОТУЗ КЫР АШКАН БИЛИМ УЯСЫ

Мектеп маданий-эстетикалык багытта тарбия берүүгө басым жасайт. Комуз, ооз комуз, бий, хор, вокал, дастан, чопо чоор, актерлук чеберчилик боюнча ийримдер жана фольклор ансамбли иштейт. Бул жаатта балдарды тарбиялоодо “Устат-шакирт” борбору жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташат.

 

 

Даярдаган Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер