“БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР”

  • 21.10.2019
  • 0

“Жаратмандын” кезектеги адамдыкка сапары белгилүү педагог Кыялбек Акматов менен бирге болду.

“БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР”

Жаштарды ар дайым жакшылыкка үндөп, сабактан тышкаркы убакытты текке кетирбей чыгармачылык менен алектенүүгө чакырган ОГПИнин “Жаратман” чыгарамачылык борборунун кезектеги күнү да жакшы саамалык менен коштолду. Иш-чара “Баланы тарбиялоодогу адашуулар” деген  темада болуп, аны белгилүү адабиятчы, Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандитаты, доцент Кыялбек Акматов өттү. Жаштарга өзгөчө таасирлерди калтырган агайдын сабагы өзүнө бир топ пайдалуу кеңештерди камтып кетти. Мында студенттер менен педагогика жаатындагы турмуштук тажрыйбаларын бөлүшүп, балага туура тарбия жана билим берүү учурдун эң чоң көйгөйү экенин баса белгиледи. Алдыда мугалимдик кесиптин даамын татып, мыкты адис болуу үчүн аракетти бүгүндөн баштоону кеңеш кылуу менен өз кесибин сүйүүгө үндөп өттү. Ошондой эле окурмандарга зарыл болгон китептерди сунуштап, китепке болгон кызыгууну байытуу керектигин эскертти. Ал эми тренингдин катышуучулары бул сабактан өздөрүнө дагы бир жолу тажрыйба арттырып, билим көрөңгөсүн толтуруу менен кызыкдар болгон суроолоруна жооп ала алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер