ЖОЛ КООПСУЗДУГУ: МЕКТЕП АВТОБУСУ ЖАРДАМГА КЕЛЕБИ?

  • 10.10.2019
  • 0

Өткөн жумада Бишкек шаарында 18-каттамдагы автобуска сүйрөлүп каза болгон 5-класстын окуучусунун өлүмү ата-энелер коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Айрымдары бул кырсыкка жол коопсуздугун уюштура албаган бийликти күнөөлөшсө, айрымдары шаар жетекчилигин, кээ бири айдоочуну, дагы бири баланын ата-энесин күнөөлөдү. Бул кырсыктан күнөөлүүнү издебестен мурда эле кырсыктын алдын алуу керек болчу дегендер дагы болду. Кыскасы, учурда ата-энелер коомчулугун балдардын коопсуздугун кантип камсыздайбыз деген  маселе ойлондурууда.

 

Мектеп автобусун киргизүү зарыл

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ: МЕКТЕП АВТОБУСУ ЖАРДАМГА КЕЛЕБИ?

Учурда өзгөчө Бишкек шаарында балдардын мектепке барып келиши өтө кооптуу болуп жаткандыгын айткан ата-энелер шаар бийлигине мектеп автобусун уюштуруп берүү талабын коюшууда.

  • Автобустун эшигине кыпчылып каза болгон окуучунун окуясынан мэрия жыйынтык чыгарып, жалаң мектеп окуучулар түшө турган автобустарды уюштурушу керек. Балдар мектепке барып келгенден заарканышат, сумкалары оор, байкуштарды жүргүнчүлөр түрткүлөгөнү аз келгенсип, айдоочулар кагып-силкишет. Шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын талапкерлери, бизди шайласаңар эле автобуска бекер түшөсүңөр деп жар салбады беле! Бекерди коюп, акчасына эле жайлуу автобус уюштуруп беришсинчи, — дейт шаар тургуну Элмира Мадиева.

 

Колдоо таппаган биринчи долбоор

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ: МЕКТЕП АВТОБУСУ ЖАРДАМГА КЕЛЕБИ?

Бишкек шаарында мектеп автобусун киргизүү тээ 1998-жылы эле демилгеленип, бирок ушул күнгө чейин колдоо таппай келет. Учурда шаар бийлиги колдосо бул долбоорду ишке ашырууга даяр тараптар дагы жок эмес. Алардын сап башында коомдук ишмер Токтайым Уметалиева турат. Ал бул ишти аткарууга 22 жылдан бери эле аракет кылып келет жана азыр дагы даяр.

  • 1997-жылы атайын долбоор жазып, эл аралык уюмдар менен макулдашып, ошол кездеги шаар башчысы Медетбек Кримкулов менен биргеликте ишке ашыра баштаганбыз. Бирок тилекке каршы, эки жылдан кийин шаардык депутаттар ага каршы чыгышып, чыгымы көп экен деп токтотуп коюшкан. Кийин Кубанычбек Кулматов мэр болуп келгенде кайра сунуштап, ал колдоп, эми ишке ашыра баштайлык деген кезде аны жумуштан алып салышты. Убагында Кытайга чейин барып, чакан комфорттуу, май аз иче турган, коопсуздукту сактай турган шарттары бар автобустарга сүйлөшүп келгенбиз. Кытай тарап мамлекеттин макулдугу болсо, гранттык негизде  автобус берелик дешип, Акаевдин убагында 22 миллион юанга биринчи грандга кол коюлган. Бирок ал мамлекет тарабынан максатсыз пайдаланылып кеткен, — дейт Токтайым Уметалиева.

Коомдук ишмер бул долбоорун андан кийинки шаар башчысы Албек Ибраимовго дагы сунуштаган. Бирок ал дагы учурунда колдоо таппай калган. Ал тургай “Кыргызстан” партиясынан шаардык кеңешке талапкерлигин коюп жаткандарга дагы долбоорун берген. Бирок эмнегедир ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек.

  • Мен бул долбоордун канткенде кирешелүү болоорун бүт анализдеп чыккам. Бүгүн мэрге мага мүмкүнчүлүк бергиле, пилоттук негизде киргизип, ишке ашырып берейин деген сунуш менен кирейин деп жатам. Жеке менчик мектептер деле жеке ишканалар менен сүйлөшүп алышып, балдарды жакшынакай эле ташып жатышат. Биз азыр ар бир мектепке автобус алып бере албагандан кийин менчик ишканалар менен сүйлөшүп, атайын парк ачып иштетсек болот. Бул биринчиси. Экинчиси болсо, азырынча тазарак автобустардан тандап алып, атайын парк түзүп, акырын иштеп баштасак болот. Инвесторлорду тартсак дагы жакшы жыйынтык берет. Себеби алар мындай долбоорлорду жакшы колдошот, — дейт ишкер айым.

 

Текке кеткен экинчи долбоор

Мектеп автобустарын киргизүү боюнча шаар жетекчилиги былтыр дагы пилоттук негизде иш баштаган. Бирок тилекке каршы, ал ата-энелер тарабынан колдоо таппагандыктан токтоп калган.

  • Бул долбоор боюнча схема түзүлүп, автобустар бөлүнүп берилип, акыркы этап — ата-энелер менен макулдашууга келгенде токтоп калган. Эмнегедир ата-энелер колдобой коюшкан, — дейт Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси Акматбеков Бекжан.

Долбоорго алгач 12 мектеп камтылып, маршруттук каттам 12-кичи райондон башталып, Түштүк магистрал менен Жал кичи району аркылуу Манас проспектисине өтмөк. Алгачкы жол киренин баасы 200 сомдун айланасында болмок.

Бишкектеги Жол коопсуздугу бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова болсо ата-энелердин  мындай сунушун шаар бийлиги колдобой коюшу мүмкүн деп эсептейт.

  • Он сомдон десек, сунушубуз колдоо таппай калышы мүмкүн. Ошондуктан бир аз акчасын көбүрөк айтышыбыз керек. Менимче, ар бир ата-эне бул кырсыктан кийин өз баласынын коопсуздугу үчүн ойлонуп, балдарынан акчасын аябашы зарыл. Күнүнө 50 сомдон кылса деле көп ата-энелер макул болмок. Ансыз деле аргасыздан балдарын машинага салып алышып шаардын тигил башынан бул башына ташып жатышат. Күйүүчү майына деле андан көп акча кетет. Эгерде мектеп автобусу ишке кирсе шаардагы тыгын дагы азаймак, — дейт Ч.Касмамбетова.

 

Башка мамлекеттерде маселе кандай чечилген?

Коңшу Казакстан былтыртан бери мектеп автобусун  пилоттук негизде ишке ашырып жатат. Бул кызматты азырынча Астана менен Алматы шаарынын окуучулары колдонууда. Бир жумада беш күн окуган окуучунун бир айлык жол киреси 20 000 теңге, алты күн окуган баланыкы 23 500 теңге турат. Бул биздин сомго которгондо бир миң бир жүз, бир миң үч жүз сомдун айланасында болот. Ал эми мектеби жок алыскы айылдарында балдарды ташуу үчүн атайын автобустар мурда эле чечилген. Мисалы,  Чыгыш Казакстанда мектеп окуучуларын ташуу үчүн 193 автобус бөлүнгөн. Учурда 384 айылдын алты миңден ашуун окуучусу ошол автобустар менен мектепке барып келет.

Башка өнүккөн жана мыйзамдар күчтүү иштеген мамлекеттерде болсо окуучулардын мектепке барып келиши эч кандай маселе жаратпайт.  Ата-энелер балдарын жөө болобу, транспортто болобу эч коркпостон мектепке жоното беришет.  Интернеттен же кинолордон бул мамлекеттерде мектеп окуучуларын ташууда коопсуздук эрежелери кандай сакталарын көрүп эле жүрөбүз.

 

Мектеп өзү уюштура алабы?

Акматбеков Бекжан азыр мектеп автобусун уюштурууга мэриянын мүмкүнчүлүгү жок экендигин, айрым мамлекеттерде бул маселени мектеп менен ата-энелер өздөрү эле чечип жатканын айтып, бизде деле чечсе болорун сунуштады. Ал эми Бишкек шаарындагы мектептердин жетекчилери эгерде ата-энелер колдошсо, мектеп автобусун уюштурса болорун билдиришти.

  • Азыр мектептер ата-энелердин колдоосу жок эч нерсе уюштура албайт. Эгерде алар колдошсо муну деле ишке ашырсак болот. Мисалы, эл ташый турган жеке ишканалар бизге өздөрүнүн сунуштары менен келишсе, ата-энелер менен кеңешип, акылдашып анан бир чечимге келмекпиз. Мисалы, биздин мектепке кире турган болсо Ак-Өргө, Ак-Ордо жаңы конуштары тарапка жүргүздүрөт элек. Себеби ушул жаңы конуштардан келген балдар өзгөчө, кечкисин кете албай кыйналышат, — дейт №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаева.

Мындай тажрыйба Кыргызстанда жок эмес. Биринчилерден болуп Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүндө мектеп автобусу уюштурулган.   Улахол айылынын окуучулары беш жылдан бери мектепке ата-энелер жана жергиликтүү бийлик алып берген кичи автобус менен барып келишет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер