МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ ВЕКТОРЛОРУ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 10.10.2019
  • 0

МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ ВЕКТОРЛОРУ БЕЛГИЛЕНДИ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков республика боюнча райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Бишкекте жыйын өткөрдү.

Министр билим берүү башкармалыктарынын аймактардагы жетекчилерин бир жерге чогултуп, пикир алышуу жолу менен коомчулук тарабынан айтылып жаткан сындар жана учурда жаралган актуалдуу маселелерди талкуулап, өнүгүү багыттарын белгиледи.
Исаков билим берүүнүн сапаты, мектептердеги фонддорго мажбурлап акча чогултуу, окуу китептеринин сапатындагы жана мазмунундагы кемчиликтер, авариялык мектептердин абалы, мектеп жана бала бакчалардын курулушунун сапаты, мугалимдердин социалдык шартын жакшыртуу, статусун көтөрүү, билимин өркүндөтүү, кагаз иштерин электрондоштуруу жана мектеп ишин уюштуруудагы кемчиликтерди айтып, ар бир маселени системдүү чечүүгө киришүү керектигин белгиледи.

“Билим берүү жана илим министрлигинин ишин жакшыртуу үчүн структуралык реформаларга барабыз. Ашыкча түзүмдөрдү жоюп, санариптешүүгө өтүүнү тездетишибиз керек. Ар бир көйгөйдү системдүү чечүү менен билим берүүнүн башкы мекемесинин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл”,- деди Исаков.

Ал кошумчалагандай, министрлик коомчулукка ачык-айкын болуп, бардык түшкөн арыз-даттануулар, сунуш-пикирлерге ыкчам жооп берүү системасы жолго коюлушу керек. Жарандардын кайрылуулары үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу пландалып жатат.

Жакынкы убакытта билим берүү мекемелеринин бирдиктүү маалымат реестери түзүлөт. Мында билим берүү түзүмүндөгү бардык маалымат электрондук түрдө сакталат. Мектеп, бала-бакча, педагогодор, билим берүү программалары, ЖОЖдор боюнча маалымат камтылат жана ал “Түндүк” системасына кошулат.

Каныбек Исаков электрондошуп жаткан доордо билим берүү мекемелеринин жумушу да тез арада санариптешүүгө багытталышы керек деп эсептейт. Министр бул аркылуу коррупциялык элементтерге бөгөт коюу механизми жөнгө салынарын белгиледи.

Мындан сырткары окуу китептеринин жазылышы, чыгышы, сапаты, мазмуну жана жасалгасы боюнча жаҢы жобо кабыл алынып, механизмдер өзгөрөрүн кошумчалады. Буга чейин айтылган коомчулуктун, адистердин, эксперттердин сын-пикирлери, топтолгон көйгөйлөрдүн жыйындысы тереҢ талданат.

Төмөндө биз кеҢешмеге катышкан айрым билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кепке тартып, пикирлерин уктук.

Сулпукарова Дамира, Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

-Бүгүн Мугалимдер күнүнө карата эӊ маанилүү кеӊешме өттү. Мында мектепте, бала бакчада, райондук билим берүү тармагындагы көйгөйлөр айтылды. Негизи келечекте ушулардын бардыгы ишке ашса абдан жакшы болот.

Жолугушуудан мен жакшы таасир алдым. Жаўы министрибизде практика көп экен. Жаныбызда жүргөндөй, мектептин ар бир көйгөйүн билгендей айтты. Бул жакшы таасир. Кээде жетекчилерге канааттанбай калган учурлар болот.  Анткени көп учурда мектептин ишин жакшы билишчү эмес. Эми өзгөчө айылдын көйгөйүн билген жетекчи келиптир. Бул абдан жакшы.

Бурбиева Гүлмира, Ноокен райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу:

-Мен өзүм министр менен биринчи жолу ушундай атмосферада жолугуп жатам. Министрдин жөнөкөйлүгү жакты.   Баяндамасы аябай кеўири, жеткиликтүү болду. Жалпысынан айтканда баардык негизги биздин көйгөйлөрүбүздү камтып кетти. Ошонусу  менен бүгүнкү өткөрүлгөн жыйын кызыктуу болду. Жолугушуу  эҢ жогору деўгээлде өттү деп айткым келет.

Мамбетов Кубан, Нарын шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

-Бүгүн биз жаўы бекитилген министрибиз менен биринчи жолу жолугуштук.  Министрибиз     республикабыздагы мектептерге   конкреттүү тапшырмаларды койду. Эмне кылыш керек, кандай кылыш керек деген маселелерге жооп алдык. Айтылгандар өзүнчө  программа болуп калды го деп ойлойм. Ошонун баарын теў эми биз талкуулап жатабыз. Ушул коюлган талаптардын үстүндө иштегенге аракеттенип жатабыз. Эў жакшы болду. Бул жерде   жалпылап айтылган жок, конкреттүү түрдө тапшырма берилди. Билим сапатын кандай кылып көтөрүш керек, жалпы эл менен кандай чечиш керек деген маселелер каралды. Мектептерге, бала бакчаларга өзүнчө талаптар коюлду.   Бала бакчаларга конкреттүү түрдө мындай тапшырмалар берилчү эмес, мындай талаптар коюлчу эмес. Бүгүнкү күнү бала бакчаларга   кандай программа менен иштеш керектиги ачык айтылды. Жолугушуунун таасири абдан жакшы болду.

Мырзалиева Алымкан, Жалал-Абад областындагы Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

-Бүгүн билим берүү системасындагы көп көйгөйлөр, көп маселелер каралды. Келечекте     жакшы нерселерден үмүт кылып калдык. Чындыгында   ата-энелердин фонду боюнча     проблема көп. Анткени Билим берүү жана илим министрлигинен,   өкмөттөн жетиштүү жардамы болбосо ата-энелердин көмөгүнө муктаж болобуз да. Ушул боюнча маселе талкууланды. Мындан тышкары бала бакчалардагы, мектептердеги  электрондук кезек, учурдун маселелери талкууланды.   Биз кайсыл жерге барсак деле ата-энелер  окуу китептерине көп сын айтышат.  Азыр эми  жакшы пландар коюлду. Аябай кубанычтабыз. Кудай буюрса жаўы жылга чейин жакшы иш жүрөт деген ойдобуз.

Жеўишбек Урумов, Каракол шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

Мен буга чейин билим берүү тармагында иштеп келгем. Бирок ортодо эл аралык уюмдарга кеткем. Август айынан бери кайра билим тармагына кайтым келдим. Бүгүнкү күндө  жеке пикирим боюнча жаўы министрибиз чоҢ практик болгондуктан кандайдыр бир жаўылануу болот деген ойдо, үмүттө элем. Ошого бүгүн ынануу пайда болду. Анткени иштээр ишибиз ушунчалык так, айкын көргөзүлдү.   Министр Каныбек Исаков астыда  аткарыла турган иштерибиз, эмне көйгөйлөрүбүз бар экенин, ал көйгөйлөрдү чечүү жолдорун так көрө билген адам болгондуктан,   бүгүнкү күндө билим тармагыбыз олуттуу реформаларга бараарына ишендим.

Дөөткулов Дүйшөнбек, Ат-Башы райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

-Бүгүн жаўы министрибиз кеҢири штаб өттү десем да болот. Биринчи маселе- ушул билим берүү тармагын реформалоого арналды.  Министрибиздин айткан сөздөрүнүн баарын өзүм жазып алып отурдум. Себеби, бул реформа бизге эчак эле керек болчу.  Каныбек агайыбыз үч жыл мурун   Москвадагы Эл аралык  мугалимдердин курултайына барганда   КМШнын Эл агартуусунун отличнигин алган.  Министрибиздин тажрыйбасы мол.  Министр билим сапатын жогорулатууда жана билим системасын өзгөртүүдө чоў роль  ойнойт деп ойлойм.   Бүгүнкү айтылган сөздөрдөн  райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, өзүбүздүн бир аракетибиз менен айтылгандардын ар бир пунктун мугалимдер, ата-энелер, жергиликтүү бийлик менен иштеп чечсек, биздин билим берүү системасы 3 жыл дебейин 4 жылда чоў өзгөрүүгө учурайт деген ниетти айткым келет. Себеби, биз күтүп жүргөн, биз ойлоп жүргөн реформа бүгүн башталды десем болот.

 

Шергазиев Алмазбек,

Мугалимдердин  

Республикалык  квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окуу иштери боюнча директорунун орун басары:

— Негизинен биз мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатабыз. Ошон үчүн министр бизге тиешелүү  өзүнүн  оюн айтты. Ошонун ичинен мага тиешелүүдөй сезилген  4 пунктту мен бөлүп көрсөтөр элем. Мына ошолордун ичинен өзгөчө мага таасир бергени -билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин  өздөрүнүн квалификациясын жогорулатуу, мектептердеги иш кагаздарды  азайтуу, анан мектептердеги  адистик саясатты.  Мына  ушунун бардыгы азыркы мен айтып жаткан жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу менен тыгыз байланыштуу.   Муну министр туура айтты.  Айтылгандардын бардыгы эгер биздин министр айткандай   ишке аша турган болсо абдан жакшы болот. Себеби акыркы жылдарда мектеп жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу  деген болбой калды. Ошол жетекчилер  эмнегедир билимин жогорулаткысы келбейт. Жетекчилердин өзү мыкты болушу керек.  Ушунун өзүнө басым жасап, ошолорду окуткандан кийин мектеп оўолуп кетет дегенге мен ишенип олтурам.

Буга чейин министрлер менен мындай ачык жолугушуу болгонун уккан эмесмин. Буйруса, иш алдыга жылат деген ишеничтемин.

Даярдаган М.Токторов,

“Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер